Канат Келдибеков, мушкер: “СПОРТТУН АРКАСЫ МЕНЕН ҮЙЛҮҮ БОЛДУМ”

“Үйүндө конокто” рубрикабыздын алкагындагы сапарыбыз Бишкектин четиндеги конуштардын бирине болду. Тайсон каймана аты менен таанымал мушкер Канат Келдибеков өзүнүн ак өргөөсү менен тааныштырды.

“КАЗАКСТАНДЫК УЮМ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗДҮМ”

– Канат мырза, акыркы беттештерде катары менен жеңилүү ызасын тартып жаттыңыз. Беттеш оор болуп жаттыбы?

– Өзүңүздөр билгендей, 60 килограмм салмакта беттешке чыккандыктан көп салмак кууй берип кыйналып калып жаттым. Салмак кууган ден соолугуңдун шайын алып коёт экен. 17 килограмм куучумун, ошонун терс таасири тийди окшойт.

– Жакында эле казакстандык уюм менен келишим түздүңүз...

– Бөйрөгүм ооруп, ошол себептүү бир аз спорттон алыстап, үй-бүлөмө көңүл буруп үйдө болдум. Кудай буюрса, Казакстандын NFC (Naiza Fighting Championship) деген уюму менен 6 беттешке келишим түздүм. Эми 66 килограмм салмак ченинде беттешке чыгам. Күйөрмандарым, буюрса, ден соолук болуп турса, сиздер күткөндөй жакшы беттештерди көрсөтөм. Алдыда ушул уюмдагы беттештеримди көрө аласыздар. Бул уюмдун алкагында менден башка дагы кыргыз мушкерлери беттешке чыгат.

– Спорт менен жан бакса болобу?

– Спорттун арты менен үй-жайлуу болдум, канчалаган эл-жерди көрүп жатам. Үй-бүлөмдү спорттон тапкан каражатыма эле багып келем. Спорттун арты менен жан багып тим болгон жокмун, өзүмдүн чыныгы күйөрмандарым бар. Мунун баары убактылуу нерсе тура, беттештерге чыкпай үйдө болуп калганда билинип калды. Аркаңдан жөлөй турган чакан бизнес ачып, колдон келе турган иштерди жасап коюш керек экен.

– Үйдө балдарыңыз көрүнбөйт...

– Балдарды каникул учурунда Нарынга апамдын колуна жибергенбиз. Апам неберелерин жыттап жыргап жүрөт. Учурда 5 балам бар, өзүңүздөр көргөндөй, Кудай буюрса, алтынчы наристебизди күтүп жатабыз. Кызбы, эркекпи, айырмасы жок, дени сак болуп төрөлсө эле болду.

– Жубайыңызга үй иштерине жардам бересизби?

– Ооба, азыр кош бойлуу кезинде оор көтөрбө деп жатам. Сууну дагы өзүм алып келип берем. Үйдөгү жумуштарды жасагандан уялбайм, тамак жасап, кир деле жууй берем. Кудайга шүгүр, сонун келинчегим бар. Ушуга рахмат.

“КАНАТКА КОЛДОО СӨЗҮМДҮ ЫР АРКЫЛУУ ЖЕТКИРЕМ”

Спортчунун жубайы Гүлбүбү Алишер кызын дагы кепке тарттык:

– Спортчунун жубайы болуу оор эмеспи?

– Чынында, оор. Беттеш алдында салмак кармайт, туура тамактанышы керек. Салмак кууганда аябай кыйналат экен. Аны көрүп мен деле 4-5 килограмм таштап жаттым. Чет өлкөгө кетип жатканда биздин тамак-аш, керек-жарагыбызды камдап берип кетет.

– Дем-күч берип колдоп турасызбы?

– Акыркы беттештеринде катары менен жеңилип, аябай чөгүп кетти. Бөйрөгү ооругандан кийин беттештерге чыккысы келбей жүрдү. Өзүм ыр жазып калам, "сен кыйынсың, сага эч ким жетпейт, алдыда жеңиштер көп" деп колдоо сөзүмдү ыр аркылуу жеткирип жаттым. Канатка окшош кызыбыз бар. Ал “ата, сизди жеңгендерди чоңойгондо мен жеңип келем” деп атасына күч-кубат берди. Канат беттештерге чыгып жүрүп ушул үйдү салды, унаа алды. Канаттын жеңиштери менен курулган үй.

Тайсонго сени теңдеген,

Тайсондон сен кем белең?

Бербегин эч кимге намысты,

Кыргыз эли сен менен,- деп ыр жазгам

– Рахмат сиздерге, үйүңүздө жакшылыктар көп болсун.

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Канат Келдибеков, мушкер: "Спорттун арты менен үйлүү болдум"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Noon
2021-09-14 23:23:00
Азамат жигит. Аллахым колдосун!
0
Nurlan1982
2021-09-19 22:28:15
Жарайсын иним,ийгилик боло берсин
0
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан