TikTok`то Тентек кыз аты менен таанымал Аида Мамаева менен маектештик. Каарманым алдыда ырчы болууну пландап жатыптыр. TikTok`тун арты менен өмүрүндө көрө элек атасын таап, ага жолугуптур. Кызыктар маекте.
– Аида, салам. Кантип тиктокер болуп калгансыз?
– Салам. Башында эл катары эле кызыгуу менен аккаунт ачкам. Анан 2 видеом 100 миңден ашык көрүү топтогондо тарта берсем болчудай дедим. Мурда бир күндө 6 видео жүктөчүмүн. Азыр бир видео жүктөйм. Ал 100 миңден миллионго чейин көрүү топтоп берет. TikTok`то баары эле бири-бирин кайталай беришет го. Мен башкача видеолорду тартып өзгөчөлөнөйүн дейм. Негатив жазгандар да толтура. Бирок мен ал комментарийлер менен баш оорутпайм. Анткени алар мени тааныбай эле телефондун артында отуруп алып жазып жатышпайбы. Негизи өздөрү ошого жете албагандар жазат. “Үнүң жок болгондон кийин ырдабай эле койбойсуңбу” дегендер бар. Алардын баракчаларын карасам, көбүнчөсү фейк.
– Үнүңүз боюнча өзүңүздүн оюңуз кандай?
– Үнүм жок, аны билем. Бирок мага ырдаган жагат. Жактырбагандар укпай деле койсо болот. Мага катталып, видеону көрүп, ага "жакты" белгисин басып туруп, алдына “жакпайсың” деп жазып кеткендерге таң калам. Бир эженин “негатив жазгандан, бирөөнү жамандагандан ырахат алам” дегенин угуп калгам. Мага негатив жазгандар дагы ошондой адамдар окшойт. – Бир маекте "видеолорумду атам көрөт деп үмүттөнөм" деген экенсиз...
– Атам менен таанышып жолуктум. Маегимди көрүп калыптыр, өзү жазды. Апам экөө мен төрөлгөндөн кийин эле ажырашып кетишиптир. Мен аны көрө элек болчумун. Экөөбүз буга чейин тааныш болбогондуктан көп сүйлөшө алган жокпуз. Эч кандай деле сезимдер болгон жок. Азыр жазышып турабыз. Анын үй-бүлөсү, 3 баласы бар экен. Биз дагы 3 бир тууганбыз. Эжелерим бизге “атаңарга окшошсуңар” деп калышчу. Анан атамды көргүм келчү. Үчөөбүз тең атам тарапка окшош экенбиз. Мени чоң энеме окшоштурушат. Жолукканда көздөрүм атамдыкына окшош экенин байкадым.
– Буга чейин Москвада иштеп келген экенсиз?
– Ооба. 2019-жылы Москвага баргам. Ал жакта бала карап иштедим, кассир болдум. Бул жылы үйүмө кайттым. Эми ал жакка барбайм. Москва мага жаккан жок. Өз мекениңе жетпейт экен.
– Азыр эмне менен алексиз?
– TikTok`ко видео тартуу, Инстаграм баракчамды жүргүзүү менен алекмин. Мен башында Инстаграмды чогуу алып кетүүнү ойлонбой калыптырмын. Анан башка бирөө менин атымдан аккаунт ачып, 40 миңден ашык катталуучу топтоп алып, үзүрүн көрүп жатат. Ага жазсам өчүрбөй койгон. Милицияга да арыз жазгам, каралган жок. Анан мейли деп койдум. Өзүмдүн аккаунтумду эл фейк деп ойлоп калды.
– TikTok`тон жакшы эле акча таап калдыңызбы?
– Мен бир айда канча табам деп эсептебейм деле. Жарнама көп келбейт. Бирок бирөөнү туулган күнү менен куттуктап койчу деп көп кайрылышат. Мурда аз эле акча алчумун, 3000 сомго чейин. Азыр 5000 сомдон өйдө алып калдым. TikTok менен Инстаграмдан көп акча түшүп калганда аны кайрымдуулукка жумшагым келет.
– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Мен Талас облусунун Манас районунда төрөлгөм. 9-класска чейин Таласта окудум. Кийин үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Шартка байланыштуу ЖОЖдо окуган жокмун. Жашымды айтпаганымдын себеби – жок дегенде өзүмө тиешелүү бир сырым болсун деп жашымды сыр кылып сактап койдум. Алдыда ыр жаздырып, тойлордо ырдоону жана журналист болууну кыялданам. Азыр жаздырганга ыр издеп жатабыз.
– Жакшы, кыялдарыңызга жетиңиз.
Динара Абдыкадырова