КОЙ (21.03-20.04)
Иште башкалардан өзгөчөлөнбөңүз, план, пикириңизди таңуулабаңыз. Сиз сунуштаган нерсе ишке ашпай калышы мүмкүн. Ушактардан качып, баары менен жакшы мамиле түзүңүз. Жүрөгүңүздү толкуткан жолугушуунун болуп өтүшү күтүлүүдө. Жакын адамыңыз туулган күнүн же ийгилигин белгилөөгө чакырат. Дем алыш балдардын түйшүгү, үйдөгү оңдоп-түзөөлөр менен өтөт.
Буга чейин кыйын сезилген ишти жүзөгө ашыруунун оңой жолу табылат. Тилди тишке катып, жан шеригиңиздин айткан жагына баруусуна макул болууңуз керек. Антпесе эркиндиги чектелгендей сезилип, уруш чыгат. Акыл эмгеги менен кара жумушту же спортту айкалыштырсаңыз келбетке кам көргөн болосуз. Соода менен алектенгендер күчтүү өнөктөш табышса кирешеси көбөйөт.
Кээде өзүңдүн принциптериңди унутууга же унчукпоого туура келет. Чындык сиз жакта болгону менен жетекчилик менен кагышканда тилди тыюу керек, болбосо куугунтукка каласыз. Ызы-чуулуу кампаниядан качып, бирөөлөрдүн таасирине кирбеңиз. Интерьер жаңыртуу максатында бош убактыңызда дүкөн кыдырууңуз ыктымал.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иште жаңы идеялар менен иштеңиз. Ошондо жетекчилик колдойт, тапканыңыз көбөйөт. Бир кырдаалда чала тааныш адамдар да жардам берип, таң калтырат. Аптада энергия көп талап кылына тургандыктан тамактанууга жакшы көңүл буруу кажет. Айрымдарга бир кабардан улам шашылыш акча табуу керектелет.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бейкапар жашоого кырдаал мүмкүндүк бербейт, чуркап иштөө талап кылынат. Жакшы идеялар келет, унутуп калбоо үчүн кагазга түшүрүп коюңуз. Үйдөгүлөргө кийим сатып берип кубантасыз. Жакшы тааныштардын кампаниясында эс алууңуз ыктымал. Көздү аяп, жок дегенде дем алыш күндөрү компьютерден алыс болуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кааласаңыз, каалабасаңыз да көп нерселерге моюн сунуп, жаңы кырдаалга көнүү керек болот. Иштеги жаңы чечимдер сизге жакпай, ачууланууңуз ыктымал. Кеңешчи адамыңыз сунуштаган идея боюнча аракет кылсаңыз орто жолдон олжолуу болуп каласыз. Банктан насыя алууну пландагандардын тилеги орундалат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кабыл алуу, ойлоо жөндөмдүүлүгү, ички туюм жогорку деңгээлде болот. Андыктан тоскоолдуктардан оңой өтө аласыз. Жаманатты болбоо үчүн буга чейин кимге убада берсеңиз аны аткарууга туура келет. Сүйлөшкөн кыз-жигиттер сүйүү туруктуулук менен олуттуулукту талап кыларын эске алып, жеңил ойлуулуктан качуулары зарыл.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Иштерди иретке келтирип, жөнгө салуу зарыл. Жумушта алдамчылыкка барбаңыз, жетекчилик сизге ишенгендей болсун. Керектүү адамдардын көңүлүн таап, алардын кеңешин угуңуз. Юридикалык документтерди бүтүрүү үчүн тийиштүү мекемелерге баш багууңуз ыктымал. Үй эмеректерин жаңыча жайгаштыруу керек болот.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада ишиңизге тоскоолдук жаратып, ичи тардык кылгандар чыгат. Алардын катыгын берип, жигердүү иштеп, көбүрөөк акча табууну көздөңүз. Арты достукка айлана турган таанышуулар күтүлүүдө. Жумуш издегендер жакшы иш табылгыча тааныштары сунуштаган иште иштеп туруулары керек. Активдүү эс алууну пландасаңыз ден соолукка зыянын тийгизбегендей болушун эске алыңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чет тилин үйрөнүүгө, иш сапарына чыгууга, саякаттоого ылайык апта. Пландарыңыз болсо ойлонуп көрүңүз. Жыйынтыгы жакшы чыгарына көзүңүз жетпеген ишке киришпеңиз. Убакыт менен күчтү текке кетиресиз. Кайсы бир досуңуздан көңүлүңүз кала турган окуя чыгат. Нервиңизди сактап, ага теңелбеңиз. Акчалуу болосуз, мүмкүн, ал акча ашыкча буюмду сатуудан келет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чөйрөңүздө тынчтыкты орнотуучунун милдетин аркалап, урушкандарды жараштырып, абалды оңдоп кетесиз. Эски тааныштар кайрадан пайда болот, жакшы мамиле түзсөңүз сиздин керегиңизге жарап беришет. “Эселеп пайдасын көрөсүң” деп каржылык авантюрага аралаштыргысы келгендер чыгат, ишенбеңиз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Кырдаал улам өзгөрүп турчу апта. Андыктан эмнеси болсо да даяр туруңуз. Сырткы көрүнүштү калыпка келтирүүнү унутпаңыз. Майда бир канча ишти бүтүргүчө, чоң бир иштин аягына чыгыңыз. Узактан бери созулуп келе жаткан талаш, чырга чекит коюп, тынчыйсыз. Үйдөгүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн бир планыңыздан баш тартууга туура келет.