БИР БҮРКҮМ. 2 МУГАЛИМ КАРМАЛДЫ...

  • Мамлекеттик “Унаа” ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев аталган мекемедеги тендер чуусунан кийин кызматтан бошотулду.
  • 12-сентябрда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү.
  • Бишкектеги “Ош базарынын” айрым соодагерлери “жашыруун соода мафиялары жоопко тартылсын” деген талап менен митингге чыгышты.
  • Чүй облусунда эпидемиологиялык абал турукташты деп 13-сентябрда расмий маалымдалды.
  • 2020-жылдын декабрында УКМК тарабынан кармалган белгилүү спортчу Кылычбек Саркарбаевди Ош шаардык соту актаганы маалымдалды.
  • Өлкөдө эч кандай уруксаты жок курулган 59 көп кабаттуу имарат аныкталганы маалымдалды.
  • Ош шаарында пара талап кылууга шектелип 2 мугалим кармалды.
  • Ахматбек Келдибеков: "Матраимовдун тушунда бажы системи ишкерлерге шарт түзүп, өлкөгө товар тез жана тоскоолдуксуз киргизилип турчу".
  • Кара-Көл шаарында адам уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
  • Улуттук статистика комитети: 2021-жылдын январь-июль айларында Казакстандан 1,6 миллион тонна көмүр ташылып келди.
  • Жумгал районунда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Токон Мурсалиев 97 жашында көз жумду.
  • 14-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 163 миллион метр кубга жетти.
  • Быйылкы окуу жылында Ош шаарында 7369 окуучу 1-класска кабыл алынганы айтылды.
  • Энергетика министрлиги өлкөдө уран кенин иштетүүгө уруксат берилбей турганын билдирди.
  • Министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөнү жарыяланды.
  • Бишкектин мектептеринде окуучулар менен мугалимдердин дене табы күндө текшерилип турмакчы.
  • 2020-жылдын Октябрь окуяларындагы баш аламандыкка шектелип жатканы тууралуу Алмазбек Атамбаевге кабарлама жиберилгени айтылды.
  • 14-сентябрда Ысык-Көлдүн Сары-Булуң айылында өрт кырсыгынан 4 жашар кыз, 6 жашар бала каза тапты.
  • Бишкекте 41 жаштагы жаран велосипед уурдоого шектелип кармалды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан