“Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУга мүчө мамлекеттин делегация башчыларынын Ооганстандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышат. Мындан тышкары эки тараптуу жолугушуулар да каралган. Кыргызстан аталган көп тараптуу аянтчанын алкагында кызматташууга олуттуу маани берет. ЖККУ жана ШКУга катышуу Кыргызстандын негизги багыттарынын бири – деп билдирди Кулубаев.
Маалыматка таянсак, 16-сентябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтүп, анда эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланат. Уюмдун ишин жөнгө салуу жаатында 13 документке кол коюлары күтүлүүдө. Уюмга төрагалык кылуу миссиясы Тажикстандан Арменияга өткөрүлүп берилет.
17-сентябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин кеңешинин жыйыны өтөт. Жыйында уюмдун 20 жылдык ишинин негизги жыйынтыктары, уюмдун алкагында кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, пандемияга каршы чогуу күрөшүү өңдүү маселелер талкууланмакчы. Соңунда уюмдун ишмердүүлүгү боюнча 30дан ашык документке кол коюлары пландалууда. Анын ичинде уюмдун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечим да бар экени белгилүү болду.
Лунара Бекиева