Жаңы тарифке ылайык, эл учурдагы баа боюнча эле төлөйт. Тагыраагы, 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйын. 700 киловаттан ашкан соң ар бир киловатт-саат 2 сом 16 тыйындан эсептелет. Ал эми бийик тоолуу аймактын жашоочуларына 700 киловаттык чектөө коюлбайт, жыл бою 77 тыйындан төлөшөт.
Ал эми калкты таза суу жана сугат суусу менен камсыздаган насостук станциялар 1 сом 9 тыйындан төлөшөт. Электр транспорттору, балдар жана карылар үйлөрү, диний мекемелер үчүн 1 сом 68 тыйындык тариф иштейт. Өндүрүш, айыл чарба жана бюджеттик жана башка мекемелер 2 сом 52 тыйындан төлөп башташат. Алтын фабрикалары, алкогол продуктуларын чыгарган ишканалар үчүн 5 сом 4 тыйын деген тариф сунушталып жатат. Цемент заводдору 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 3 сом 28 тыйындан төлөшөт.
2022-жылдан тарта электр энергиясынын тарифи инфляциянын деңгээлин эске алуу менен жыл сайын өзгөртүлүп турарын билдирет министрлик.
Электр энергиясынын тартыштыгын Энергетика министрлиги Казакстан менен Өзбекстандан электр жарыгын импорттоо, Бишкек ЖЭБинде электр кубатын өндүрүүнү күчөтүү жана тарифтик саясатты өзгөртүп туруу аркылуу жоймокчу.
Айта кетсек, буга чейин калк үчүн тарифти 77 тыйындан 1 сом 9 тыйынга көтөрүү сунушталып, кескин нааразычылыктан улам демилге токтотулган эле.
Лунара Бекиева