– Талапкерлер үгүт иштери менен айылдарды кыдырып, керек болсо ар бир үйгө кириши керек болот. Үгүт жүргүзүүгө азыр мүмкүнчүлүк көп. Бирок концерт, спорттук мелдештерди уюштурууга болбойт,- дейт Жылкыбаев. Шайлоо күнү анык болгон соң 70тен ашык саясий партия парламентке ат салышуу ниетин билдирип БШКга кайрылган. Жылкыбаев иргелип отуруп шайлоого 20дай гана партия аттанат деген жоромол билдирди.Бул арада партиялардын жарышка биригип аттануу процесси да жүрүүдө.
БШКнын маалыматына таянсак, мурунку шайлоого караганда бул жолу шайлоочулардын саны 80 миңге көп. Алдын ала жарыяланган тизме боюнча 3 миллион 686 миң 921 шайлоочу шайлоого катыша алары айтылды. Мунун 1 миллион 766 миң 898и эркектер, 1 миллион 920 миң 23ү аялдар. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрда аяктайт.
Айта кетсек, парламенттик шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрда аяктайт.
Лунара Бекиева