Башында анын футбол ойношуна көпчүлүк каршы болгон. “Футбол сага эч нерсе бербейт, андан көрө оку”. Бул анын эң көп уккан сөздөрү эле. Ал эч кимди укпастан өз максатын орундатууга аракет кылып, футбол айдыңында ийгиликтерди жаратууга болорун далилдеди. Улуттук курамда эң көп гол жараткан чабуулчу Мирлан Мурзаев маек төрүбүздө.
– Саламатсызбы, Мирлан мырза, куш келипсиз. Кепти акыркы жаңылыктарыңыздан баштайлы. Индиянын “Ченнайин” клубу менен келишим кандайча түзүлдү?
– Негизи 3 жылдан бери эч жакка чыга элекмин. Пандемия учурунда башка жакка барып ооруп калбайын деп чакырган клубдарга барбай жүргөм. Азыр абал жакшы болуп калды. Алар мага жакшы сунуш киргизишти. Бир жума ойлонуп, макул болдум. Гоага барат экенмин, жакшы жер, команда дагы жакшы. Барып ойноп Кыргызстандын атын чыгаргым келди. Ал жактын лигасы дагы күчтүү. Мени аябай жакшы кабыл алышты. “Инстаграмдагы катталуучуларың индустар болуп кетти” деп бардыгы эле жазып жатышат. Алардын күйөрмандары оюнчуларын аябай сүйүп колдоп турушат экен. “Клубга куш келдиңиз, жакшы келип алыңыз” деп жазып жатышат. Келишим бир жылга түзүлдү.
– Дүйнө чемпиондугунун алкагында Япониядагы оюндарда күткөндөй жыйынтык болбой калды...
– Өзүңүздөр билгендей эле, Японияга даярданууга көп деле убакыт болгон жок. Жөнөп жатканда коронавируска тест тапшырганбыз. Ал жакка баргандан кийин бирөөнү коронавируска шектеп бизди машыктырбай коюшту. Чынында, командадан эч ким деле ооруган эмес. Жөн гана кызыл, сары зона деп коюшту. Федерация эки жакка кат жазып колдон келгенин кылды. Эки оюнду дарбазачысы жок, коргоочуга тостуруп ойнодук. Япония менен ойноордо федерация Павел Матяшты Кыргызстандан жөнөтүштү. Биринчи оюнда бардык оюнчулар даяр болчу. Оюндун алдында кийинүүчү бөлмөдөн “дарбазачы ойнобойт” дегенди уктук. Бул психикалык чабуул болду. Эми Японияга барганыбыз, дарбазачы жок экенине карабай ойногонубуз деле туура болду.– “Үч улут кубогуна” эмнеге чакырылбай калдыңыз деп тынчсыздангандар көп болду. Аларга дагы жооп бере кетсеңиз.
– Бул боюнча машыктыруучу менен сүйлөшүп ушундай чечимге келгенбиз. Индияга кетүү үчүн эки ирет эмдөөдөн өтүшүм керек. Эмдөө алгандан кийин 5 күн машыгууга болбойт экен. Машыктыруучулар ойлонуп, “анда сени, 4-5 оюнчуну чакырбай эле коёлу, жаштарды чакырып, эмки оюндарга кимди алыш керек көрөлү” дешти.
– Футбол академиясын ачтыңыз эле. Ал жактын иши кандай болуп жатат?
– Академиянын иши жолго салынып калды. Балдар көбөйүп жатат. Мен кетсем деле ишенимдүү адамдар бар, алар иштете беришет. Кудай буюрса, кышында балдарды Анталияга сборго жөнөтөлү деп жатабыз. Ал жакка барып өздөрүн көрсөтүп, башка өлкөнүн футболчулары менен ойношот.
– Башында сиздин футбол ойношуңузга атаңыз каршы болгон экен. Кантип көндүрүп алдыңыз эле?
– Мени тарбиялап туура жолго салганы үчүн атама, апама рахмат айтам. Атам Сүлүктүдө шахтада иштечү. Балдарым билим алсын, өссүн деп Кара-Балтага көчүп келген. Акырындык менен үй-жайлуу болдук. Мен футболго кызыгып баштадым. Негизи ар бир ата өзүнүн баласын жакшы билим алсын дейт да. Атам “футбол ойнобо, оку” дечү. Апам “балам футбол ойнойт” деп мени колдочу. Биринчи турнирде “Мыкты оюнчу” болуп үйгө магнитофон, андан кийин Таласка барып чоң килем алып келгем. Атам ийгиликтериме сүйүнүп, баарына макул болуп калды. Мектепте деле мугалимдер “футболду эмне кыласың, футбол сага эч нерсе бербейт” деп урушчу. Эч кимди укпай, өзүмө жаккан ишти кылып жүрө бердим. Кээ бирлер “Мирлан мындай машина айдайт, ата-энеси бай” деп сөз кылышат экен. Айта кетейин, учурда менде эмне болсо, баарын футболдон маңдай терим менен тапкам.
– Жакшы. Анда футболдон алыстап, теманы башка нукка бурсак, интернет айдыңында ырчы Кызсайкал менен түшкөн сүрөтүңүз кызуу талкууга алынып, баары уу-дуу түштү. Бул тууралуу эмне дейсиз?
– Ак көңүлмүн. Жок деп айта албайм. Адамдын көңүлү калбасын деп көп сунуштарга макул болуп коём. Кызсайкал Кабыловадан клипке тартылуу сунушу түшкөндө макул болдум. Ырчылар ушинтип сүрөт киргизип интрига жаратып, анан “мына, жаңы клип чыкты” деп жарыялашат экен. Ыр сүйүү тууралуу болгон үчүн Кызсайкал сүрөттүн астына жүрөк белгисин коюп коюптур. Анан баары бизге бакыт каалап жаза башташты. Атам дагы жаңылыктардан көрүптүр. “Эмне кылабыз, сени үйлөндүрүп коюшуптур го” деп күлдү.
Негизи интриганы аябай жаман көрөм. Ал жерде менин да фамилиям айтылып жаткандан кийин журналисттер менден дагы сурашы керек эле.
Адамдардын бири жакшы, бири жаман айтат. Баарына жага бербейсиң. Өзүңдүн футболуңду ойноп тынч эле жашаган жакшы экен.– “Үй-бүлөлүү, бойдок” деген эки анжы пикирге дагы чекит коё кетпейлиби...
– Азыр үй-бүлөлүү эмесмин. Ажырашып кеткениме 5-6 жыл болуп калды. Бир кызым бар. 21 жашымда үйлөнгөм. Шашкан деле эмесмин, азыр өкүнгөн деле жокмун. Эми бул жашоо экен да, жакшысы, жаманы болот. Чыдагандар чыдайт, чыдабагандар ажырашып кетишет. Негизи биз жакшы эле жашап келе жатканбыз, мүнөзүбүз келишпей калды. Келинчегим орус улутунан болгондуктан каада-салтыбыз да дал келбейт. Ал чыдабай койдубу, айтор, экөөбүз урушпай, сүйлөшүп эле эки жолго түшкөнбүз.
– Анан жүрөк ээсин таба алдыңызбы?
– Жеке жашоомду эч кимге айткым келбейт. Жүрөгүм бош эмес. Кудай буюрса, бир жылдан кийин үйлөнөйүн деп жатам. Ошон үчүн азыр ашыкча эч нерсе айтпайм. Ал Кызсайкал эмес (күлүп). Эң негизгиси, биз бири-бирибизди түшүнсөк, ортобузда сүйүү болсо болду.
– Кызыңыз тууралуу да айтып берсеңиз.
– Кызым кээде апасында, кээде менин жанымда, кээде Кара-Балтада ата-энем менен болот. Ал жакта бардык шарт бар, бассейнге түшөт, сууну жакшы көрөт. Эжемдин баласы бар, аны менен ойнойт. Баарына эле "мен атамдын кызымын" дей берет. Кызымдан эч нерсени аябайм. Эмнени айтса ошону кылам. Ал “ата, сенин жаныңда жүргөн жакшы, сен баарына уруксат бересиң” дейт. Бирок кээде катуу деле болуп коём.
– Бактылуу кыздардан болсун. Маегиңизге рахмат.
Динара Акимова