Алтынбек Сулайманов: “ПАРЛАМЕНТКЕ БУЛ ЖОЛУ ПОПУЛИСТТЕР АЗ КЕЛЕТ”

Саясий лидер, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов менен баарлаштык. “Ар бир кыргызстандык жон териси менен сезе турган реформалар жасалбай жатат” дейт ал. Эл өкүлүнүн башка да кызыктуу пикирлери маекте.

– Саламатсызбы, Алтынбек мырза? Жайкы каникул кандай өттү?

– Саламатчылык. Каникулда эс алдык, ошол эле учурда эл менен жолугушуп келдик. Өлкөнүн бүт аймагындагы тоолорду кыдырдым, Ала-Арча капчыгайынан Суусамырга аштык, Баткенден Чоң-Алайга бардык. Нарында болдук, Ысык-Көлдүн жайлоолорунда жүрдүм. Айтор, эс алуудан энергия, күч-кубат топтоп келдим. Учурда Жогорку Кеңеште, иштебиз.

– Интернет желесине саякатыңыздан байма-бай сүрөт жүктөп жаттыңыз. Тоолорду кыдыруу хоббиңизби же башка сыры барбы?

– Кыргызстан тоолуу өлкө да, баарыбыз тоолор менен жуурулушуп өскөнбүз. Мен да тоодо өскөм, тоолордун касиети мени өзүнө тартып турат. Тоолор, жаратылыш адамга энергия берет, чыңалтат. Суулар, өсүмдүктөр, арчалар, токойлордон эркиндикти, мейкиндикти сезесиң. Азыр тоого чыксаң киши көп. Биздин эл да акырындан туура эс алганды үйрөнүп жатат.

– Сиз түптөгөн “Бир бол” партиясы парламенттик шайлоого катышпасы белгилүү болду. Кайсы партия менен жарышка камындыңыз?

– Бир топ партия сүйлөшүү жүргүздүк, буюрса, парламенттик шайлоого биригип, күчтүү команда баралы деп турабыз. Макулдашуулар узакка жүрдү. Бир жуманын ичинде элге билдирүү жасайбыз. Бир топ күчтөр, бир топ партиялар жаңы партия менен шайлоого аттанабыз. Командага саясий көз караштарыбыз бири-бирибиздикине төп келген, баалуулуктарыбыз бир, тилектеш партиялар чогулдук. Чогулган партиялар бийликтин партиясы эмес деп так кесе айта алам.

– Сиздин команда шайлоодо башкалардан эмнеси менен айырмаланат же айырмаланышы керек?

– Биздин партия өлкөнү өнүктүрүү багытын анык, так жүйөлөр менен сунуштайт. Башкалардан альтернативдүү көз карашыбыз менен айырмаланабыз. Мисалы, шайлоо системине башка жолду сунуштаган элек, биз айткан мыйзам кабыл алынып, быйылкы парламенттик шайлоо ошол жаңы мыйзам менен өткөнү турат. Даректүү добуш берүү же преференциалдык ыкма деп коёт. Мурда бюллетенде партиянын аты гана жазылып, кимдер депутат болуп келерин эл билчү эмес. Бул жолу шайлоочу тизмеде кайсы талапкерди депутат көргүсү келет, ошону түз шайлай алат. Бул шайлоо системи менен бардык көйгөй чечилет дегенден алысмын. Биздин ишенимде бул ыкма менен партиянын ичиндеги коррупциялык схемалар жок болот. Парламентке популисттердин келиши азаят. Капчыктуулардын келип калышына бөгөт коюлат. Добуш сатуу кескин азаят.

– Бир мандаттуу округдан талапкер болуп чыгууну ойлонуп көргөн жоксузбу?

– Мен партиялык системди колдоп келем, бул оюмдан кайта элекмин. Ооба, алдыда эки багыт турат: бир мандаттуу округдан депутат болуп келүү же партиялык тизме менен келүү. Бир мандаттуу округдан келгенге кайсы аймакта, кимдин мүмкүнчүлүгү кенен болсо партиянын ичинен сунуштап, ал жактан шайланып келгенге эмнеге болбосун? Канчалык көбүрөөк тарапташыбыз парламентке келсе, өз программабызды, элге берген убадаларыбызды ишке ашырууга шарт түзүлөт. Ошондуктан эки жол менен тең барсам болот.

– Шайлоо таза өтөт деген ишеним барбы? Айрымдар эмитен ишенбестик билдирүүдө. Башкалары соңку президенттик шайлоону мурдагыларга караганда ачык-айкын өттү деп, бул жолку шайлоодон жакшыны үмүт этип жатышат...

– Ооба, президенттик шайлоо мурдагыга караганда бир топ ачык-айкын өттү, жылыш бар. Парламенттик шайлоо да ошондой өтүшү керек. Добуш сатып алууну, административдик ресурс колдонууну азайтуу зарыл. Эгер бийлик өзү тескери кетсе, башкалар да сатып алганга аракет кылат. Ортодо тиреш жаралат. Мындай иштердин алдын алып, бул шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүп алуу азыркы бийликтин колунда. Өткөн окуялардан сабак алышы керек.

– Азыркы бийликтин кайсы кадамдары сизди кубандырат же өкүндүрөт?

– Өлкөдө мурдагыдан чоң өзгөрүү жок, азырынча. Такыр жылыш жок дегенден да алысмын, бирок эл күткөн реформалык кадамдар болбой жатат. Чынында, реформа бул чоң өзгөрүү. Аны Кыргызстандын ар бир жараны жон териси менен сезиши керек эле. Ал эми бир топ үчүн, же кызыкчылык үчүн жасалган реформа эртеби-кечпи коомчулукка тескери таасирин тийгизет.

– Убакыт жетиштүү эле берилдиби олуттуу реформалар үчүн?

– Өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхын карасак, реформалык жылыштар 100 күн ичинде байкалат. 100 күндө башталбаган реформа 1 жылда деле башталбашы мүмкүн. Бир жылда башталбаган реформанын такыр эле ишке ашуусу күмөн.

– Шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү демилгеңиз колдоо таппай калды. Жакшы идеянын артынан түшүп, эмне үчүн аягына чейин күрөшкөн жоксуз?

– Идея ишке ашты. Бирок мыйзамды кабыл алууда консенсуска бардык. Көз карашы эки башка топ орток келишимге келдик. Жанагы даректүү шайлоо системи дегенибиз ушул. Мыйзамды кабыл аларда биз сунуштаган 3 пайыздык чекти 5 пайызга көтөрүү демилгеси пайда болду. Демилгебиз такыр ишке ашпады деген туура эмес, кайсы бир деңгээлде ишке ашты, жемишин ушул шайлоодо көрөбүз.

– Эмоционалдуу адамсыз, сөз жардам бербей калганда муштумду иштетүүнү да билесиз. Бул сапаттын саясатта пайдасы көппү же зыяныбы?

– Пайдасы жок, көбүнчө зыяны тиет. Эми пенде экенбиз да, андай муштум түйүлө турган кырдаал баарыбызда жаралып калышы мүмкүн. Кимдир бирөө өзүн убагында токтото алат, кээ бири жок дегендей. Андай мүнөз баарыбызда эле болсо керек.

– Айтышка көп барасыз, мындан улам айтыш өнөрүн баалаарыңыз билинет. Айтышта саясатчыларга карата айтылган сындар катуу тийген учурлар болобу?

– Төкмө акындар гана эмес, бизге журналисттер деле күндө тийишет. Көчөдөн жарандар токтотуп алып айтышат. Бул чындык да, андан эч ким качып кутула албайт. Биз, тескерисинче, ошол айтылган кемчиликтерди оңдогонго аракет кылышыбыз керек. Тилекке каршы, ал айтылган нерселер тез эле оңдолуп калбайт, убакыт керек. Ошол үчүн тил угуп жатабыз. Төкмө акындар айткан сындар катуу тийбейт, туура эле кабыл алам.

– Кыргыз акындарынан кимдердин талантын баалайсыз?

– Ыраматылык Элмирбек Иманалиевди абдан баал ачумун. Ошондой эле Аалы Туткучевдин талантын сыйлайм.

– Өзүңүздүн эл билбеген кандай өнөрлөрүңүз бар?

– Тоого жөө чыкканды жакшы көрөм. Негизи жаңы нерселерди өздөштүргөнгө кызыгам. Чыгармачылык мага жат эмес, жакында комуз үйрөнүүгө кириштим.

– Саясатчылардын көбү жубайы мыкты кеңешчи экенин айтышат. Сиздин жубайыңыздын кандай кеңештери жашооңузда көп пайдасын тийгизет?

– Саясат меники, сыртта. Ал эми үйдө, үй-бүлөдө бул тема такыр талкууланбайт. Балдарыма да “бир үйгө бир саясатчы жетет, силер башка кесипти тандагыла” деп айтам. Келинчегим менен саясаттан башка деле талкуулоочу маселе толтура.

– Уулуңуз Нуртемирди хоккейде жараткан ийгиликтеринен улам билебиз. Учурда кайда?

– Уулум Нуртемир азыр 12 жашта. 9 жылдан бери хоккей ойнойт. Учурда АКШда академияда окуп жатат, хоккей менен машыгат. АКШга кеткенине 4 жыл болуп калды.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан