(Башы өткөн сандарыбызда)
Эрлан деген классташым бар. Ошону жанымдан карыш жылдырбай койдум. Ал да менин абалымды түшүнүп, көңүлүмдү кыя албай, Айдардын кабак астынан ымдаганын түшүнмөксөн болуп жүрүп алды. Бечара, эртең өзүңдөн улуу агаларды тоготпогонуң үчүн токмок жеп, көзүң көгөрбөсө эле болгону.
Майрам ортолоп калган кезде бир топ кызып алган Айдар сөз алды. Музыканттарды токтотуп, кафенин жарыктарын өчүртүп койду. Ар бир столго шам коюлганын ошондо араң байкадым. Бүлбүлдөгөн шамдын жарыгы, кызыга тиктеген көздөр, жай сызылган музыка, өзүнчө эле романтика! Азыр жанымда Арстан болсо! Ушул ойдон кадимкидей көөдөнүм кысыла түштү. Сагынып кеттим!
– Урматтуу коноктор, менин инилерим, карындаштарым, агай-эжейлер. Сиздерге минтип сый көрсөтүү оюма келгенден бери тынч ала албай, көпкө чейин даярдандым. Бирок мени толкундантып турган мындан да маанилүү нерсе бар.
Арстанды ойлосом эле айланамда эмне болуп жатканын унутуп калам. Азыр да Айдардын сөздөрүн укпай калыптырмын.
– Айдай, чыкпайсыңбы?
– Каякка чыгам?
– Айдар микрофонго чакырып жатпайбы!
Эмне болуп жатканын түшүнгүчө эле колумдан жетелей чыгарып, Айдардын жанына алпарып коюшту.
– Бул ишим сага жакпай калышы да мүмкүн. Бирок ойлоп отуруп, башка жолун тапкан жокмун. Ушунча элдин көзүнчө колуңду сурайм. Менин алтыным, жакыным, жан биргем болушуңду суранам. Өмүр бою бөпөлөп, кирпигиңе чаң жугузбай калкалап жүрүп өтөм деп сөз берем.
Бул жигит акылынан айныганбы? Жакшы эле түшүндүргөндөй болбодум беле? Ушунча элдин көзүнчө шагы сынышын каалады беле?
– Айдай, азыр эле жообун бере сал дебейм. Окууга тапшырышың керек. Аны да билем. Андыктан азыр эч нерсе дебе. Менин сунушумду угушуңду гана каалагам. Сени сүйөрүмдү баары билишин каалагам. Бул сага.
Мага сунуп турган кутучасы менен бетке бир чапкым келди. Ээн жерден жолугуп айтчу болсо, кандай жооп угарын билип туруп, ушундай куулукка барды. Азыр элдин көзүнчө катуу сөз айта албасымды билет да! А эмнеге катуу айта албайм? Ырас өзү баштадыбы, биротоло ушул баш ооруга чекит койбоймунбу? Оюма ушул нерсе келер менен жүткүнүп, Айдардын колундагы микрофонду жулуп алдым. Тиги бечара кутучаны кармаган бойдон катты.
– Ар бир жигит эле мындай эрдикке бара бербейт. Бүгүнкү сыйыңа мен эле эмес, баарыбыз ыраазыбыз. Аныңа рахмат айтам. Бирок буга чейин канча ирет айтсам да кулак какпадың. Эми акыркы ирет классташ, айылдаштардын көзүнчө айтайын. Сага турмушка чыкпайм. Андай оюм жок. Сени агам катары сыйлайм. Менин жүрөгүмдө бир гана адам бар. Ал...
– Урматтуу коноктор, Айдай азырынча жаш кыз. Көпчүлүктүн көзүнчө аны ыңгайсыз абалга калтырганым үчүн айыптуумун. Анда баарыңыздарды бийге чакырабыз!
Кимдин атын атай турганымды билди да. Айдар сөзүмдү аягына чейин айттырбай, белимден имере бийге тартып кетти. Мени кучагында муунтуп салгысы келдиби, бекем кучактап алды. Бир-эки булкунсам бошоно алчудай эмесмин. Мени адамдын колу эмес эле, темир кучактап алгандай.
– Өзүңдү мазак кылгың келеби? Дале Арстандан үмүт үзбөй жүрөсүңбү? Аны менен бирге болбойсуң. Ушул сөзүмдү унутпа. Ушунча жылдан бери күйүп-жанып сүйүп жүргөн кызымды эч кимге, угуп жатасыңбы, эч кимге бербейм!
– Мен сенин кызың эмесмин. Сага эч качан, эч нерсе убада кылбагам. Мас болуп калыптырсың. Коё бер, кетем.
– Ичимдиктен эмес, сенин жытыңдан мас болуп турам. Мына, элдин алдында айттым-койдум. Эми атаңдын алдынан дагы бир жолу өтөбүз. Ага да болбосо, ала качып кетем.
– Бул сөздөр менен мени коркутам деп ойлобо!
– Жо-ок, койчу, жаным. Сени кантип коркутайын?! Оюмду биле жүргөнүң жакшы. Ошон үчүн эле айтып жатам.
Мурун бул баланы жактырбачу болсом, эми жек көрө баштадым. Азыр басып кетпесем, аны тээп же чаап жиберем! Өзүмдү араң колго алып, үнүмдү болушунча токтоо чыгардым.
– Жакшылыкча коё бер. Болбосо элдин алдыңда уят кылам.
Көздөрүбүз тиктеше түштү. Коркутам же чочулатам деп ойлогон. Бирок тиктеше түшкөнүбүздө көз карашы заматта мокой түштү. Билем, мени сүйөт. Демек, жамандыкка барбайт.
Адам кээде өзүнө ашыкча эле ишенип алганы жаман экен. Мына мени алалы, Айдарды жактырбайм. Аны көргөндө итиркейим келет. Бирок “мени катуу сүйөт. Мага эч качан жамандык кылбайт” деп ишенчүмүн. Көрсө, андай эмес экен. Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам деген ушул окшойт. Бул жигит көөдөнүмө бир өмүр кеткис так калтырды. Жок, Айдар ошондой так калышына, өмүрүмдүн, кыял-тилектеримдин астын-үстүн болушуна себепчи болду.
Бүтүрүү кечеси аяктап, айылга чогуубуз менен келе жаттык. Кантсе да мугалимдерден ыйбаа кылар деп ойлоп, Шайыр эжебиздин жанына отуруп алдым. Чын эле Айдар улам моюнун созуп мен жакты карап ичи бышса да, мугалимибизди тургузуп жиберип, ордуна отурууга батынбады. Жарым саат болсо да кутулганыма кубанып коюп отурам. Үйүнө жеткендер улам түшүп калып отуруп, маршруткада беш-алтообуз эле калыптырбыз. Анан Шайыр эже түштү, баарыбыз менен коштошуп. Андан кийин мен түшүшүм керек эле. Ушул жерге келгенде тозоктун оту башталды. Мени үйгө таштабай шуулдап өтүп кеткен маршрутка түз барып Айдардын үйүнүн алдына токтоду. Мына сага тамаша! Эми ушул жиндилер, келин-кесек, кемпирлер менен алышып отура бер! Ичимден өзүмдү-өзүм билген бардык жаман сөзүм менен сөгүп жаттым. Кыйкырып-өкүрүп ыйлайт, жардамга элди чакырат, чатак салат деп ойлошту бекен? Айдардын достору тимеле билектерин түрүнүп, шымаланып маршруткага кирип келишти.
– Айдай, сен өзүң акылдуу жансың. Биздин достой жигитти ааламдан издесең таппайсың.
– Түшүн, мынчалык бирөөнү берилип сүйгөн адамды деле көрө элекпиз.
– Канча жылдан бери сенден башка бир кыз көзүнө көрүнбөй, жалындап жүрөт. Мына, окууну бүттүң, эми турмуш куруп, анан окууңду улантсаң деле болот.
Тимеле акылдуу болуп кеткендерин көр булардын.
– Так, стоп! Токтогула! Туш-туштан чуулдап жатып башымды ооруттуңар. Айдар, билесиң да, баары бир сенин үйүңдө калбайм. Сенин эл алдында шагың сынып, мазак болушуңду да каалабайм. Жакшысы, ызы-чуу чыга электе үйгө алып барып кой. Мен да унчукпай бул ишти унутуп салайын.
Жазгүл Калыева
(Уландысы кийинки саныбызда)