АТАКТУУЛАР КЕЛИН БОЛУП КЕЛГЕНДЕ...

Апаларыбыз, эже-жеңелерибиз андан бери көп убакыт өткөнүнө карабай келин болуп келгендеги окуяларын төкпөй-чачпай айтып беришет эмеспи. "Келиндин келген кези эсинен кетпейт" деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Бул жолу атактуулар келин болуп келген күнүн эстешет.

Дилшат Кангелдиева, ырчы: “КИНОГО БАРАМ ДЕП ЖӨНӨП КЕЛИН БОЛУП КАЛГАМ”

– Мени троллейбус менен ала качып келген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 3-курста окучумун. Жатаканада жашачубуз. Ошол күнү эч жакка чыккым келбей үйдө отургам. Жолдошум менен кыз-жигит сыяктуу жүргөнүбүз менен, өтө деле көңүлүм жок болчу. Келип жүрчү, киного алып барчу. Ал күнү да киного чакырды. Барбайм дедим. Бөлмөдө чогуу жашаган кыз “барып келе бербейсиңби” дей бергенинен, “барса барып келейин” деп жакшы көйнөгүмдү кийип алып жөнөдүм. Анан экөөбүз троллейбуска түштүк, бир аздан кийин эле “түшөбүз” деди. “Апей, кинотеатрга жете элекпиз го” десем, “капчыгымды үйгө унутуп калыптырмын, алып келе калалы” деди. Ичимден аябай жаман көрдүм. Сыртымдан унчуккан жокмун. Беш кабаттуу үйдүн биринчи кабатында кайнежемдер турушат экен. “Мен кирбейм, ушул жерде эле туруп турам” десем болбой, кайнежемдин үйүнө сүйрөп алып кирди. Үйдүн ичи толтура киши, көшөгө тартылуу экен. Алданып троллейбус менен барып калганымды карабайсыңбы. “Келин келди" деп ызылдашып, чачыла чачып, жоолук салып жиберишти. Мен нес болуп калдым. Күйөөгө тием деген такыр оюмда жок болчу. Мындай болбойт, мен азыр чыгып кетем деп ойлоп жаттым. Карасам эле Саадатбек (ред.: Саадатбек Кендирбаев, күйөөсү, “Камбаркан” фольклордук ансамблинин солисти) жок. Мени түртүп жиберип эле, качып кетип калыптыр. Ошону менен үч күн келбей койду. Кичинекей балдар ызылдап тегеректеп отурушат. “Үч күн болуп кетти, кантип кетип калмак элем?” деп жашап калдым. Экөөбүз эч урушкан жокпуз. Өзү жибектей созулган, акырын сүйлөгөн адам. Ушул убакытка чейин көзүмдү карап келе жатат.

Чолпон Алсеитова, ырчы: “НИКЕБИЗДИ КАЙНАТАМ КЫЙГАН”

– Башында Аскарды (ред.: Аскар Карыбаев, композитор) байке дечүмүн. Филармонияда биздин көркөм жетекчибиз болчу. “Сенин үнүңө жарашат” деп жакшы ырларды мага ырдата берчү. Үйүнө репетицияга барчубуз. Гүлнара Кахарова “Аскар байкенин сонун ырларын мен ырдайм дей берчүсүң” деп күлүп калат. Экөөбүз эч кимге айтпай бир жылдай кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, баш кошуп алганбыз. Эжелериме турмушка чыкканымды коркуп айтпай жүрө бергем. Кош бойлуу болгон кезимде гана айткам.

Аскар экөөбүз кайнагамдын үйүндө бир жума туруп, кийин Балыкчыга кеттик. Келин болуп барганда аябай мээримдүү кайненем бар экен. Ырымдап байбичеге салдырат го жоолукту, мага чоң кайнежем жоолук салды. Биз менен чогуу чыгармачыл чөйрөдөгү досторубуздун баары барган, аябай майрамдашты. Никебизди кайнатам өзү кыйган. “Макулсуңбу?” десе, үнүм чыкпайт. Аскар “катуу айтпайсыңбы, бол” десе баары каткырып күлүп калышты. Той бүткөндөн кийин кайненем “Аскар Бишкекке кете берсин, сен бир жума калып чай бер” деди, калып калдым. Көлдө дайыма жүгүнөт эмеспи, мен кайниме дагы жүгүнө бериптирмин. Кайненем көрүп калып “ай, ал кайниң, ага жүгүнбө” деп күлгөн. Эки күндөн кийин бир жакка конокко кетип жатып кайненем “кошуна Эркин апаңа айтып койдум, келип уйду саап берет” деди. “Эне, мен өзүм эле саайм” десем, “койчу, сен дагы уй саай аласыңбы?” деп таң калды. Ошондон кийин “артист келиним уй саайт экен, самоору дагы бат кайнайт” деп баарына айтып жүрдү.

Бир күнү тамак берип жатсам телевизордон менин ырдаганымды көрсөтүп калды. Кайнатам “балакетиңди алайын, мына тиякта ырдап жатсаң, бул жакта жоолук салынып оокат жасап жатасың, жашоо ушундай болот” деди. Жылаң баш, костюм-шымчан ырдап жатканымдан кайнатамдан уялдым.

Альбина Имашева, актриса: “ӨЗҮМ КӨШӨГӨ ТАРТЫШКАМ”

– Биз студент кезибизде баш кошконбуз. Сессиянын баарын бүтүрүп, каникулга чыктык. Тайпалаш кыздар-балдарга чай берип алып, автобекетке барып эле маршруттук такси менен Түпкө, Арнистин үйүнө кеткенбиз. Кыш, 24-январь, суук, муз. Такси өтө жай барды. Түптөн ары айылга жетиш үчүн башка машина жалдаш керек экен. Ал кезде телефон дагы жок да. Түнкү саат он экиде каяктагы машина? “Жеткирип коёсузбу?” деп Арнис айдоочу менен сүйлөшсө, “бул жакта көп киши отурат, сурайын алардан” деди. Баары бир ооздон “албетте, экөө үйлөнүп жатса жеткирип коёлу” деп макул болушту. Азыр бирөө ошентсе “такси жалдап албайт беле, эмнеге бул жакка түшөт” деп ызылдамакпыз да. Айылга саат түнкү бирде жеттик. Үйдө Бишкектен барган кайнагам, кайним, кайын сиңдим бар экен. Эч кандай даярдык деле жок, көшөгө тартыла элек. Көшөгө келин келгенде тартылат эмеспи. Кайнатам менен кайненем бизди келбей калды деп кошуна айылга конокко кетип калышыптыр. Азыркыдай байланыш жок да. Аларды күтүп отурдук, кечирээк келишти. Мени менен чогуу курбу кызым дагы барган. Ал экөөбүз көшөгө тартышып жүрөбүз. Апам жоолук салды. Ага чейин эле кайненем, кайнилерим менен Арнис тааныштырып койгон. Чоочун болгон жок. Каткырып-күлүп эле аралашып кеткем. Эртеси айыл-апаны чакырып той беришти. Келиндик кызмат деле кылган жокмун, бир жумадан кийин эле сабагыбыз башталмак. Кайра Бишкекке келе бергенбиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-09-20 15:50:00
Жаңы келин болгон кез сонун
+3
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан