Элибизде илгертеден “жеринен, тегинен” деген кеп бекер эмес го. Анын сыңарындай бул жолу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун балалыгы өткөн Мукур айылына барып, анын ата-энеси менен маектешип кайттык. Анда атактуу ырчыбыздын балалыгына саякатка чыгалы.
– Саламатсыздарбы, Назаркул ата, Айымкүл апа? Ырчынын ата-энеси кантип жолугуп үй-бүлө куруп калганынан кеп баштасак...
Назаркул ата: – Саламатсыздар, кепти анда мен жубайым Айымкүлдү кантип таап алганымдан баштайлыбы, ээ (күлүп)? Жаңы аскерден келгем, ал учурда армиядан келгендер көчөгө батпай көөп калчу эмес беле. Бир күнү көчөдө баратсам, мектептин жанында бир иш-чара өтүп жатыптыр. Карасам, бир кыз мектепти жаңыртып укмуш сонун ырдап жатат. “Ким экен?” деп жакын барсам Айымкүл экен. Дароо “мен ушул кызды алам” дедим. Ал жылы бул 11-класс болчу, мен аскерге чейинки даярдык боюнча сабак берип ошол мектепке ишке кирдим. Досторум “уятың деле жок, окуучуңа үйлөнүп алгансың” деп калышат. Бирок мен жаштыгын эмес, ырдаганын сүйүп калгам. Кудай насип кылып 1977-жылы баш коштук. 5 уул, 1 кызыбыз бар. Айымкүл орто мектепте мугалим, мен финансы жагынан билим алгам. Кесибим менен башкы эсепчи болуп иштеп келе жатам. – Демек, Гүлжигит мырзанын ырга болгон ышкысы апасынан берилген окшойт, ээ?
Айымкүл апа: – Ырчылык жагы мени тарткан. Гүлжигит менин экинчи уулум. Кичинесинде ыр жазчу эле. Үй жыйнап жатканда кийиздин алдынан, башка жерден барактарды таап алчумун. Кээ бир саптары окшош, кээ бири окшобой деле калчу, бала да.
Мектепте жакшы окуду. Адатта бала гуманитардык же так илимдер жакка оойт эмеспи, Гүлжигит бардык сабакты жакшы окучу. Эмнегедир Гүлжигитти ырчы болот деп такыр ойлогон эмесмин. Экономист болот деп жүрчүмүн. Ыр жазып, обон чыгарып ырдап кетти. Сахнага кечирээк чыкты, кеч болсо да эл оозуна илинген ырчы болду.
– Назаркул атабыз сизди ырдап жатканыңызда жактырып калган экен, уулуңуз ырдап чыкканда сиздин максат аткарылгандай сүйүнсөңүз керек?
Айымкүл апа: – Кичинемде ырчы же диктор болсом деп кыялданчу элем. Үйдө эч ким жокто айнектерди ачып алып кыйкырып ырдачу экенмин. Аялдама биздин үйгө жакын эле. Элдин баары угушчу экен, мен билбептирмин (күлүп). Тагдырыма ырчылык жазылбаган экен, мен жетпеген нерсеге уулум жетти дедим.
– Уулуңуздардын кесип тандаганы тууралуу айтып берсеңиздер.
Назаркул ата: – Гүлжигит мектепти жакшы аяктады. Облустук сынактан математика сабагы боюнча жеңүүчү болуп келген. Кийин адабият сабагынан жеңип келди. “Кайсы кесиптин ээси болосуң?” деп сурабай эле, менин демилгем менен дене тарбия мугалими болмой болду. “Ар бир жигит спортчу болуш керек” дечү элем. Ошто пединституттун дене тарбиялык бөлүмүндө окуду, кыйналып окуду. Үч жолу окуудан чыгарып сала турган болду. Аны бүтүрүп, ырчы болгондон кийин юридикалык бөлүмдү сырттан окуп бүтүрдү. Мен “ырчылык менен юрист такыр айкалышпай турат, балам” дедим. “Ата, эмне окуюнбу?” деди. 2017-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун сырттан окуп бүтүрдү. “Эми ырдасаң жарашат” дедим.
Өзү ыр жазат, обон чыгарат, ырдайт. Мындай чанда го деп сыймыктанып калам. Гүлжигит өз күчү менен сахнага чыкты. Убагында кыйналды. Азыр 100дөй ырдын автору. Жыл сайын бизди отчёттук концертине чакырат. Бир жолу концертине чакырып сөз берди, ошондо элге “Гүлжигит менин балам деп жүрсөм, элдин баласы болуп калган турбайбы” дедим. Элдин ага болгон сый-урматын көрүп сыймыктанам.
– Эрте эле чыгармачылыкка кирише берсе болмок экен деп ойлоносузбу?
Назаркул ата: – Гүлжигит “ырдайт элем, талантым ошол жакка чакырып жатат” деп айткан эмес да. Китепти көп окугандан эле ыр жазып жүрөт го дегенбиз. Өткөн жылы пандемия болуп калды го, ошондо келип үй-бүлөсү менен бир ай жүрүп кетти. Ошондо аябай көп китеп окуду. Талантынын аркасы менен көп шаарларды кыдырып келди. Казакстанга барганда “кандай барып келдиң?” десем, “ата, президентти да андай тосуп албайт, катуу сыймыктандым” деп сүйүнүп келди.
– Айымкүл апа, чыныгы таланттар түнт, ичимтап адам болушат дешет. Уулуңуздун мүнөзүн айта кетсеңиз.
Айымкүл апа: – Ооба, Гүлжигит бала кезинен эле ичимтап. Болбосо башка кесипке бар деп жатсак “мен ырчы болом” дебейт беле. Мектепте жазган ырларын атасы сурап алып райондук гезитке чыгарып келгенде катуу сүйүнгөн. Ал кезде гезитке чыгыш оңой эмес эле. Апас Жайнаковдун “Жүр, ээрчишип кетели өрүкзарга” деген ыры ошол кезде популярдуу эле.Ошол ырга окуучу кезинде пародия жазган эле. Ичинен эле таланты менен алпурушуп жүргөн окшойт.
Назаркул ата: – Күйүмдүү, колунда болгонун бергиси келип турат. 2017-жылы мени ажылык сапарга жөнөттү. Мен ажыдан келгенче турак жайды оңдоп коюптур.
– Уулуңуздар кимиңиздерге жакын?
Назаркул ата: – Апасына жакын, атасы көбүрөөк кемчилигин айтып урушат (күлүп). Бир жолу концерт койду, биринчи күнү жакшы болсо 2-3-күндөрү барбайм дедим. Барсам биринчи күнү көңүлсүз болуп калды. Концерт бүтүп чыгып баратсам бир жигит “мен Гүлжигиттин ырларын аябай жактырчу элем, 700 сомго билет алып кирдим эле, бирок балаңыз концерт бере албады” деди. Бетиме эле айтты. Дагы бир аял нааразы болуп өттү. Эртеси ойгонсом, “концерт кандай болду, ата?” деди. “Сен концерт койгон жоксуң, клоун болдуң. Жок дегенде чачыңды өзгөчө жасап албайсыңбы?!” дедим. Капталына чоң экран коюп, чоң суммадагы акча төлөптүр, ал жакасы түз эмес экенин, чачынын таралганын, майда-барат кемчилигинин баарын көрсөтөт экен. “Алып сал капталдагы экранды” дедим. Ошол күнү салонго барып, жасанып келсе сахнага супсулуу эле Гүлжигит чыга келди. Эртеси күнкү концерти укмуш болду, эл кетпей койсо болобу?! Кемчилигин айтып жатсам апасына жакын болот да (күлүп). Апасы “кой, антип айтпа” деп көңүлүн карап турат.
Айымкүл апа: – Концерттин аталышы “Репетиция” болчу да, атасы урушуп жатса ага да сөз таап жатпайбы. “Ата, бул репетиция болчу, эртең барып көрсөңүз сонун болот” деп. Биз барганда концертинде бир аз сүрдөйт окшойт. Ошол үчүн биринчи күнү барып, башка күнү барбай коёбуз.
– Бир маегинде “ата-энеме эркелей албайм” деген экен...
Айымкүл апа: – Анысы чын, Гүлжигит таенесинин колунда чоңойгон да, бөлөк өстү болуп калды окшойт. Чындап эле эркелей албайт.
– Кандай бир тууган?
Назаркул ата: – Бир туугандарына жумшак. Негизи эле үнүн көтөрүп чырдашып талашпайт. Кичүү иниси Асылбекти “менин сынчым” деп калат. Ырын биринчи ага жөнөтөт экен. Балдарыбыздын баары эле аккордеон чертип ырдашат. Осмон деген балабыздын ырдаганын уккандар “үнү Гүлжигиттикинен да таза” деп калышат. Анын да күйөрмандары бар (күлүп). Асылбек балабыз өзү аскер кызматкери болгону менен, ырдап калат. Аны да мен аскер кызматкери болосуң деп жөнөтүп жиберген элем. Мага “сиз болбосоңуз, кыргыздын жылдызы болот элем. Качан адашкан ок тиет деп эми жүрө беремби?” деп калат. Коё берсем эле ырчылык жакка кетчүдөй (күлүп).
– Маегиңиздерге рахмат, ден соолукта болуңуздар!
Нуржамал Жийдебаева