КОЙ (21.03-20.04)
Харизмалуу адамдар жагымдуу болуп чыга келип, чөйрөдөгүлөрдү өзүнө тартат. Көйгөйлөрдү эч кимдин жардамына таянбай, өз алдынча чече алышат. Иште да, жеке жашоодо да ийгиликтер коштойт. Бизнес баштагысы келгендер киришүүлөрү керек, убагы келди. Майда оңдоп-түзөөлөргө акча керектелет. Сүйүү жаатында толкундаткан көз ирмемдер күтүлөт.
Өзүңүздүн кылган иштериңизге ичиңиз чыкпай, нааразы болосуз. Буга чейинки кетирген кемчиликтерди анализдеп, туура жыйынтык чыгаруу менен гана жакшы натыйжага жете аласыз. Айрымдар жетекчилик менен араздашып барып табышышат. Кошумча акча табууга мүмкүнчүлүк чыгат. Жеке жашоо романтика, жаңы таанышуулар менен кооздолот.
Күчүңүзгө күч кошулат, иммунитетиңиз жогорку деңгээлде болот. Планеталар мотивация менен кошо кирешенин киришине жол ачып берет. Сизден болгону мыкты аракет менен өжөрлүк керек. Үйдөгү баарлашуу жагымсыз болгону менен, аны аягына чыгарыңыз. Араздашуунун себептерин тактап, ал маселеге кайра кайрылбай турган болуу кажет.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Келишим түзүүдө, бирөөлөргө каршы чыгууда абайлаңыз. Сатып кете тургандар чыгат. Өнөкөт оорулар козголбошу үчүн ашыкча тамак жебеңиз, стресстерден качыңыз. Максатты ишке ашырууда өз пикириңизде туруңуз, башкаларды укпаңыз. Идеалдуу адам жок экенин эске алып, сүйүктүүңүздүн кемчиликтерине көз жумуп, жакшы мамиле кылыңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бирге иштешкендер айткан маалыматтарды анализдеңиз. Сизди чагымчылдар өздөрүнүн пикирине көндүрүп, жетекчиликке каршы сүйлөтүп жаман көрсөтүүнү көздөйт. Айлыгыңыздын азайышын каалабасаңыз андайга барбаңыз. Жүрөгүңүзгө жакын адамга ишенимдүү тыл болуп, күмөн саноо жаратпаңыз. Жакындарыңыз менен чогулуп бир маселени талкуулайсыздар.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өз күчүңүзгө ишениңиз, алдыга умтулуңуз. Ошондо гана жашоо деңгээлиңизди мындан да жакшырта аласыз. Ар түрдүү кабардан улам маанайыңыз өзгөрүп турат. Терс эмоцияны чөйрөдөгүлөрдөн эмес, жумуштан же спорт залдан чыгарыңыз. Жеке бизнеси барлар бир орунда туруп калбай, жаңы өнөктөштөрдү караштыруулары кажет. Убактылуу сезимдерге азгырылбаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Майда иштерге көңүл бөлүп, жаныңыздагылардын кыжырына тийүүнүн кереги жок. Андан көрө алар менен тил табышып, пайдасын көрүңүз. Талант, жөндөмдү колдонуп, жаңы чокуларды багындырууга аттаныңыз. Чечим кабыл аларда анын кандай оң жана терс жактары болушу мүмкүндүгүн салмактап көрүңүз. Конокко барып белектүү кайтууңуз ыктымал.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Үйдүн жайлуулугу үчүн бир буюм сатып алууга аракет кыласыз. Үй-бүлөдөгү тартип, адатты кармоо талап кылынат. Жумушта адептүүлүк кылып, чырдан айланып өтүү туура. Ден соолукка кам көрүп, текшерилүүдөн өтүшүңүз мүмкүн. Чөйрөңүздү амбициясы бийик, кызыктуу адамдар менен толуктайсыз. Айрымдар окуу же иш үчүн чет өлкөгө кетүүгө камынат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кол куушуруп отурбай, тытынып иштөөчү мезгил. Анткени тапканыңыз аракетиңизге жараша болот. Жетекчилик менен кызматтан көтөрүлүү жаатында сүйлөшүүңүз мүмкүн. Өткөн мезгилдеги бир маселе кайра козголот. Аны дароо чечип, башты ашыкча ойлордон арылтыңыз. Үйдү ээн таштабай, уурулардан коргоңуз. Ден соолукка да кам көрүңүз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Оптимисттик маанай жогорулап, татаал кырдаалдан да бат, туура чыгып кете аласыз. Иште мындан чоң жоопкерчилик менен жаңы милдеттерди аркалоого даяр экениңизди сезесиз. Күтүлбөгөн жерден жакшы кабар угасыз. Бирөөлөрдү тосуп аласыз же сапарга узатасыз. Коңшулар менен бир көйгөйдү чечесиздер. Хоббиңиз менен алектенүүгө бош убакыт табылат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Никеге турууга, иш сапарына чыгууга, жаңы эмеректерди сатып алууга ылайыктуу апта. Эмне иш кылсаңыз да үйдөгүлөрдүн оюн, кеңешин угуп коюңуз. Квалификацияны жогорулатууну ойлонуңуз. Укук жаатында көйгөй стресске жеткирүүсү ыктымал, токтоо болуңуз, оң жакка чечилет. Чакырган жерге баруудан мурун кимдер келерин сураңыз, сизге жакпаган адамдар болушу мүмкүн.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жашооңузда өзгөрүүлөр болот. Мисалы, сизди кызыктырган курска тапшырууңуз же жаңы ишке кирүүңүз ыктымал. Көбүрөөк акчалуу болуу үчүн ишинде алдамчылыкка барууну ойлогондор оюнан кайтуулары керек. Анткени бат эле билинип уят жана төлөмөр болушат. Сүйүктүүңүз менен ортодогу мамиленин келечеги тууралуу талкуулайсыздар.