Айпери Кубик кызы, ырчы: “КЫЗДУУ БОЛУП МҮНӨЗҮМ ЖУМШАРА ТҮШТҮ”

Ырчы Айпери Кубик кызы 2 уулдан кийин кыздуу болуп кубанып турган чагы. “Кыз башкача болот экен. Жолдошум экөөбүз тең өзгөрүп калдык” деген ырчы ушул жагымдуу жаңылыгы, эмоциялары менен бөлүштү. Андан тышкары чыгармачылыктагы пландары тууралуу да сурап өттүк.

– Айпери, саламатсызбы? Наристеңиздин бешик боосу бек болсун! Абалыңыз жакшыбы?

– Саламатчылык, рахмат. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Күндөн күнгө чоңоюп жатабыз.

– Эки уулдан кийин кыздуу болгондо башкача сезимдер болот бекен?

– Сезимдер, чындыгында, өзгөчө болот экен. Себеби эркек балдардын мүнөзү башкача. Кыз бала назик болуп, ага кылган мамилең да жумшак болот экен. Өзүң да өзгөрө түшөт экенсиң жумшак болуп. Башында эле УЗИден кыз экенин билгенде өзүмдү кармай албай ыйлаган элем. Анткени аябай кыз перзенттүү болгум келген. Жолдошум да мээримдүү, жумшак болуп өзгөрө түштү. Азыр мен өзүмдүн ата-энемдин үйүндөмүн. Жолдошум кайра-кайра видеочалуу аркылуу байланышып, “кызымды сүрөткө тартып жиберчи” деп сүрөттөрүн карап эзилип жатат. “Кыз башкача болот” дегенди көп эле угуп калабыз. Азыр да анча билинбей жатат да, чоңойгондо кылыктарын, айланага, ата-энесине, бир туугандарына болгон мамилесин көрүп дагы да жүрөгүбүз элжиресе керек.

– Атын Аиша деп түшүмдөгү аяндан улам койдук деп калдыңыз...

– Ооба, түшүмдө аян берилди. Төрөткө жакын калганда баарыбыз ат издеп, тандай баштаганбыз. Ошол учурда түш көрдүм. Түшүмдө чачы желкесине түшкөн, сакалы узун бир киши көрүндү. Бирок жүзү көрүнгөн жок. Ал "кызыңа Аиша деген ат коюлду" деди. “Жок, атамдар башка атты айтып жатты эле” десем болбой, "кызыңа Аиша деген ат коюлду" деп 3 ирет кайталады. Кийин жакындарыма түшүмдү айтсам, баары эле “ошол атты кой” деп колдошту. Ошентип кызыма Аиша деген ат ыйгардык.

– Ата-энеңиздин сезимдерин да билгим келип жатат. Аиша алардын канчанчы небереси болду?

– Аиша ата-энемдин 5-небереси. Атам менен апам удаа неберелүү болушту, сиңдим 5-августта көз жарган. Бир айдан кийин 5-сентябрда мен төрөдүм. Азыр экөөбүз тең ата-энемдикиндебиз, эркелеп жатабыз. Атам менен апам кубанып, неберелерин эркелетип, экөө тең балдарыбызды карашып жатышат.

– Балага тарбия берүүдө кандай эрежелерге басым жасайсыз? Бул жаатта жолдошуңуз экөөңүздөрдүн көз карашыңыздар дал келеби?

– Мен баланын өз алдынча болуп чоңоюшун каалайм. Жыгылып кетсе же ыйлап калса дароо чуркап барып сооротпойм. Балдарым кандайдыр бир маселе менен мага кайрылышса угам да, “өзүң чеч” дейм. Жаштайынан өзү чечим кабыл ала билүүсүнө үйрөткүм келет. Үйдө мен катуураакмын. Жолдошум эркиндикти берип койгон. Ал балдардын көңүлү менен болгонго аракет кылат. Урушсам “урушпа” деп мени тыят (күлүп).

– Көпчүлүк үй-бүлөдө ушундай болсо керек. Чыгармачылык жаатта пландарыңыз кандай?

– Чыгармачылык жаатта жакшы пландарым бар. Албетте, мурункудай эмес, башка нукта болот. Дин жолуна киргенден кийин эки ыр жаздырганга жетиштим. Балдарга арналган “Тай-тай” ырымды жана Гүлнур Асанова менен “Өмүр кемеси” аттуу ырды чыгардык. Бул ырга клип тарттырабыз деп жатканда “аман-эсен көз жарып алайын” деп пландарымды өзгөрттүм. Эми баламды торолтуп, чоңойтуп алгандан кийин кайрадан чыгармачылыкка кирише баштайм. Жумуш боло берет. Азыр балдарыма кам көрүү менен убарамын.

– Буга чейин чыгармачылыкта кайсы бир бийиктикке жетүү же жаңылык киргизүү сыяктуу кыялдарыңыз бар болчу да. Азыркы кыялдарыңыз кандай?

– Ооба, ошондой кыялдарым бар болчу. Аларга жетип эле келгем. Ар бир клибимде өзгөчөлүк болуусун каалачумун. Аны кылчумун. Азыр кыялдарым, максатым башка. Алар орундалары менен, буюрса, эл менен бөлүшүп турам. Кудай эмнени кааласаң баарын берет. Мага да каалаганымдын баарын берип келет. Мындан ары да жакшы ниеттерибизди ишке ашырганга аракет кылабыз, буюрса.

– Жашоодо өкүнүчүңүз барбы?

– Өткөн ишке салават дейт. Өкүнгөнүм бар. Пенде болгондон кийин андайлар болот экен. “Ка-ап, мындай кылсам болмок. Бул окуяда башкача кадам жасасам болмок” деген майда-чүйдө ойлор боло берет. Бирок ошол учурлар сабак болуп, ошондон такшалып, акылдуураак болуп, бышат экенбиз. “Атамдын өлөрүн билгенде чапанын сатып жибермек экенмин” деген сөз бекеринен айтылбайт да. Деген менен ар бир окуя бекеринен болбойт. Ар бири биз үчүн сабак. Өкүнүп отура бербей, жашоону жакшы жакка өзгөртүү өзүбүздөн. Бактылуу болуу, бирөөнү бактылуу кылуу, баары өзүбүздөн көз каранды. Адам өзүн тарбияласа баары жакшы жакка өзгөрөт.

– Азыр коомдогу сизди түйшөлткөн маселе кайсы, эмне көп кейитет?

– Коомдо мени түйшөлткөн маселе – Тикток. Жаштардын баары эле ошону менен ооруп жатышат. Мааниси жок, жеңил ойлуулукка түрткөн нерсе экен бул. Ютубдагы айрым видеолор, мультфильмдер, айтор, жаш балдардын психикасын бузган нерселер көп болуп жатат. Ошолорго тыюу салынса жакшы болмок. Адамдар жеңил ойлуу болуп баратышат, китеп окугандар аз. Жадакалса узун пост жазсаң эч ким окубайт, ошончолук жалкоо болуп баратабыз. Адамдарга баары жеңил болсо, такыр кыйналышпаса... Ушундай жашап калдык. Ушул көрүнүш өкүндүрөт. Мындайга көнгөн адам кичине эле кыйынчылык болсо баш ийип берет да. Баары ачуулуу, негатив издеп эле турушат, негативди бат кабыл алышат. Бир нерсе айтсаң тескери кабыл алышат. Убактылуу кыска өмүрдө бактылуу көз ирмемдер көп болсо экен, жакшылыктар көп жасалса экен дейм.

– Айтканыңыздай болсун! Тез тыңып алыңыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан