ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

“АЯЛ ҮСТҮНДӨ, ЭРКЕК АСТЫНДА” ДЕГЕН ЫКМАЛАР
Бел суусу бат түшкөн эркектер үчүн аялдарды дене кумарына кандыра алчу ыкмалар бар.

  • Эркек буттарын сунуп, чалкасынан жатат. Аял анын үстүнө жатат. Бул ыкма эркеги семиз жана “аспабы” катуу чыңалбай бошураак, ал эми аялы арыгыраак болсо колдонуу жакшы. Жубайлар бири-биринин денелерин жакшы сезишип, жыргашат.
  • Эркек буттарын сунуп, чалкасынан жатат. Аял күйөөсүнүн “алигисин” жан жерине киргизип, аны атка мингендей минип алат. Аял май куйругун өйдө-ылдый кыймылдатып, бирде оңго, бирде солго буруп же көчүгүн “тегирмендей” айлантат. Мындай кезде аял жыргалга абдан батат, эркектин да эсин оодарат.
  • Эркек буттарын сунуп, жерге отурат. Аял эркектин мойнун кучактап, анын чыңалган “аспабын” өзүнүн жан жерине киргизип, эркекти минип алат. Эмчектери менен эркектин көкүрөгүн козгойт. Экөө каалаганча өбүшөт.
  • Эркек отургучка отурат. Аял аны минип алат. Бул ыкманын артыкчылыгы, аял өзүнүн клиторун эркектин чаткаяк төмпөгүнө такап, каалашынча ыйкап, бир эмес, бир нече жолу жаны эргигенче жыргалга батат.
  • Эркек буттарын түз сунуп, чалкасынан жатат. Аял эркектин жүзүн карап, анын “алигисин” жыныс кынына эпчилдик менен киргизет. Анан тизелерин бүгүп, казыкка отургандай отуруп алат. Өйдө-ылдый өкчөңдөп ыйкайт. Ар кандай ыйкаганга жеңил болушу үчүн колдору менен эркектин көкүрөгүнө таянып алат. Эркек аялдын буттарын таманынан кармап өзүнө тартып, аялдын жакшылап ыйкоосуна жардам берет.
  • Эркек буттарын сунуп, жерге чалкасынан жатат. Аял эркектин жүзүнө тескери карап (далысын салып), анын “алигисин” жан жерине киргизет. Колу менен эркектин буттарына же жерге таянат. Ушул ыкмада эркектин “аспабы” аялдын жыныс кынындагы эрогендик чекитине тийип, аялды эси оогончо жыргатат. Ыкманын кемчилиги, жубайлар бири-биринин жүздөрүн көрүшпөйт.
  • Эркек буттарын сунуп, чалкасынан жатат. Аял эркекке далысын салып отуруп, аны минип, эркектин “аспабын” жан жерине салат. Тизеси менен чыканактарына таянып, башын эркектин буттарынын ортосуна коюп алат. Аял каалаганча ыйкап, өзүн да, эркекти да рахатка батырат. Эркек аялдын кооз кыймылдаган денесин көрүп, моокуму эки эсе канат.

Бир аздан кийин шылкыйып жатып калган эркектин “аспабы” экинчи жолу козголуп, сүмбөсү чыңалып, зыңкыйып туруп калат. Же аял өзү эле ары-бери көчүгүн кыймылдатып, же жыныс кынынын жумшак эттерин жыйырып, кыймылдатып иштетип, эркектин “аспабын” тез эле козгоп, чыңалтып салат.
Эркек чарчап турганда же оорукчан болсо, мына ушул ыкма колдонулат.

  • Эркек буттарын эки жакка керип, жерге отурат. Аял аны кучактап, эркектин ысып чыккан “аспабын” жан жерине киргизет да, аны минип отурат. Бири-бирин кысып кучакташып, өбүшүп, колдору менен денелерин сыйпалап эркелетишет. Денелеринин ысык демин сезишип, оттой ысып-жанышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Zhus
2010-11-23 01:14:36
1жылга чейин жыныстык катнашта болбосон эмне болот?
0
Baha Kg
2010-11-23 03:45:20
Сонун экен Уккугула жаштарр
0
cosmopolit
2010-11-24 02:31:42
что естественно то не безобразно...бул дагы болсо жашоондун бир манызы...
0
djonni
2012-11-03 19:30:05
Кызык
0
aiperi.92kg
2014-12-09 22:57:26
1000 окугандан 1 кылган абзелго
0
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан