Коронавирустун дагы бир курмандыгы белгилүү алып баруучу Алексей Филатов болду. Буга чейин Филатов коронавирус менен ооруп, оор абалда Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. 12-сентябрь күнү ал өмүр менен кош айтышты... Өспүрүм кезинен баштап телеканалда иштеп, элдин сыйына, сүйүүсүнө татыган алпаруучу 33 гана жашта болчу. Күлгүн курагында көз жумган Алексейди чогуу иштеген кесиптештери эскеришти.
Ассоль Молдокматова, коомдук ишмер: “ТУУЛГАН КҮНҮМДӨ ДАЙЫМА РОЗА ГҮЛҮН ЖӨНӨТЧҮ”
– 1-декабрда Алексей 33 жашка чыкмак. Лёшанын бул дүйнөдө жок экенине ишенгиң келбейт. Биринчи жолу мен аны редакциядан көргөм. Болгону 15 жашта болчу. Ал учурда мен коомдук телеканалдын музыкалык студиясын жетектечүмүн. Программада жаңы жүздөр болушу керек деп Алексей Филатовду чакыргам. Алексейдин келечегине ишенип, аны менен күндө иш алып барчу элем. Зирек, жылмаюусу жүзүнөн кетпеген Лёша менен “Улуттук хит парадда” жана башка долбоорлордо чогуу 5 жыл иштедик. Андан кийин да байланышып турдук.
Дайыма туулган күнүмдө биринчи куттуктаган адам Алексей болчу. Кайда болсом да мага ошол күнү кыпкызыл розаларды жөнөтчү. Ушундай нерселерге өтө көңүл бурчу. “Болчу” деген сөздү такыр ага колдонгум келбейт. Бирок... Лёша менин эң мыкты шакиртим, асыл адам эле. Аз гана жашап өтүп кеткени кандай кейиштүү...
Бир жыл мурун өз баракчасына мага арнап ыйлата тургандай пост жазган. Анда: “Жекшемби күнү саат 7:00дө телефонума чалуу келди. Окуучу кезим, уйкум кана уктап ала турган күнүм бир гана жекшемби эле. “КТРге кел, азыр монтажер бош, сюжеттерди жасап салалы” деди. Шашып ордумдан туруп, саат 8:00дө жетип бардым. Мындай эс ала албаган жекшембилер көп болду. Бирөөнө да баш чайкап барбай койгон жокмун. Мен үчүн телекөрсөтүүлөрдүн эшиги ачылып жаткан кез эле. Жылдар өтүп жатты, бир жолу ал мага “өзүңдүн долбоорлоруңду ачканга убакыт жетти, режиссёр жана редактор болосуң” деди. Мен мындай адамды мурун жолуктурган эмесмин, анын ар көз карашынан мага чоң үмүт кылып жатканын байкачумун. Жан дүйнөмдө бул адамга чоң ыраазычылык жашайт. Өмүр бою ага ыраазымын. Ал – Ассоль Молдокматова! Жан дүйнөңүздө дайым гүлдөр жайнап турсун, туулган күнүңүз менен!”- деп жазган. Постту азыр окуп алып мага ушунчалык оор болду.
Тилекке каршы, мен чет өлкөдө болгондуктан аны узатуу зыйнатында болбой калдым. Бирок уюштуруу иштерине аралыктан болсо да аралашып, колдон келген жардамымды берип жаттым. Алексей тайнесинин жанындагы көрүстөнгө коюлду. Алексейдин апасы гана бар болчу. Ал жалгыз уул. Апасына кайрат айтып, кайгысын тең бөлүшөм!
Назира Айтбекова, актриса: “АЛЕКСЕЙ ЭКӨӨБҮЗ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА БИР ТУУГАН БОЛДУК”
– Алексей экөөбүз 2005-жылдан баштап чогуу “Улуттук хит парад” берүүсүндө алып баруучу болуп иштеп баштадык. Эки жыл чогуу иштедик, андан кийин деле иш-чараларды, кээде тойлорду чогуу алып барчубуз. Мени дайыма жанына алып алчу. “Жаныңа кимди аласың?” десе эле, “Назира Айтбекованы, мен аны менен жакшы иштейм, ыңгайлуу” деп калчу. Экөөбүз тең үй-бүлөдө жалгыз перзент болгон үчүнбү, бир туугандай жакын элек. Бир жолу түз эфирден тамашалап, “Назира экөөбүз ага-карындашпыз” деп койсо элдин баары ишенип алыптыр. Көчөдөн жолуккандар “чын эле бир туугансыңарбы?” дей беришчү. Чыгармачылыкта чын эле бир тууган болдук. Гастролдордо үстүн жаап, жылуулап эле күйпөлөктөй берчүмүн.
Ал өзгөчө болчу. Чачын ар түскө боёп, гель менен тургузуп алып жүрчү. Кийингени да башкача эле. Эл аны түшүнбөй, кодулап эле ар түрдүү сөздөрдү айта беришчү. Коргоп эле жүрчүмүн. “Сагынып жатам, жолугалы” деп калар эле, анан жолукчубуз. Акыркы жолу көп убакыт көрүшпөй жүрүп жолуктук. Ошондо өзгөрүп кеткенин байкадым. Шаңдуу, шайыр, бир орунда тура албаган жигит болчу, ындыны өчүп бараткандай сезилди. Жоошуп, үнү да акырын чыгып калыптыр. “Алексей, сен Казакстандын, Орусиянын алдынкы каналдарынан чыга турган жигитсиң, өзүңдү баалабай, барктабай жатасың. Сенин тилиң укмуш да, аракет кыл!” деп урушкан элем. Ал учурда телеканалдагы музыкалык студиянын башкы редактору Мирлан Самыйкожо болчу. Андан өтүнүп, “Алексейге ылайыктуу долбоор болсо кош” дегем. Өзү чыгынбай койду окшойт. “Жеке жашооң кантип жатат?” десем, “азыр жалгыз элемин” деди. Аталарыбыз жок болуп, бизди апаларыбыз жалгыз өстүргөн үчүнбү, экөөбүздүн жан дүйнөбүздөгү жараларыбыз окшош эле. Көздөрүбүздөн дилибизди түшүнчүбүз. Чын эле бир тууганымды жоготкондой жаман болдум. Апам да жакшы көрчү, ал дагы ыйлап жатат. Жаш кетти...
Ырыс Окенова, режиссёр: “ЖАҢЫЧЫЛ, ИДЕЯГА БАЙ, ТЫҢ ЖИГИТ БОЛЧУ”
– Алексей Филатовду ал коомдук телеканалга келгенден баштап жакшы билем. Дароо эле элдин оозуна алынып, көзгө урунуп, редакторлор менен тең тайлаша иштеп баштады. Музыкалык каналдын рейтингин да көтөргөнү эсимде. Жүрүм-туруму жакшы жигит болчу. Өтө сылык, адамдар менен тез тил табыша алган, адептүү, тың бала болчу. Көп жаңы идеяларды айтып, жаңычылдык киргизгенге умтулчу. Дагы бир көзгө урунган нерсе – кыргыз тилин сүйлөй албаса да, түшүнгөнгө далалат кылчу. Ал музыкалык студияда иштесе, мен маданият бөлүмүндө иштечүмүн, чогуу иш алып барчубуз. Кыргыз музыкасын, ырчыларын даңазалаган ушул жигит болду. Аз жашаса да атын жасап кетти. Жаш кетти, өкүнүчтүү. Жаткан жери жайлуу болсун!
АЛЕКСЕЙДИН АКЫРКЫ ПОСТУ
23-август
– Сен кайсы бир убакта өзүңдүн жападан жалгыз жашооң тууралуу ойлонуп көрдүң беле? Убакыт ушундай тез өтүп жатат, сен аны ойлогондо селт этесиң, бирок эч нерсе кыла албайсың. Жашың азыр канчада? 15 же 20? Оу, балким, 28? Эч нерсе эмес! Жөн эле окуп кой. Суткада 24 саат бар. Ар бир күн терезеңден чачырап тийген күндүн нурунан башталат. Бирок сен азыр мектепке, колледжге, же жумушка барам деп наалыйсың. Ойгон, күнүм! Бир гана жолу сен мектепте окуйсуң, бир гана жолу кайсы бир нерселерге бейгам карайсың. Бирок ушул нерселер сенин жашооңдо маанилүү окуя болушу мүмкүн.
Күлкү. Биринчи сүйүү! Кубаныч. Жолугуу. Сабактан качуу. Күүгүм. Жай. Жашооң кайда учуп бара жатат? Ойлон. Учурду баала! Учурду азыр жана бүгүн жаша! Анткени өмүрүңдө бир гана жолу сен 15 же 20 жашта болосуң...
Нуржамал Жийдебаева