САНКЦИЯ: “КЫРГЫЗАЛТЫН” АЛТЫН САТУУДА ЧЕКТӨӨГӨ КАБЫЛДЫ

Лондон ассоциациясы “Кыргызалтын” компаниясынын Баалуу металлдар рыногундагы мүчөлүгүн токтотту. Уюмдун маалыматы боюнча, бул – өлкө баалуу металлдар боюнча ири соодагерлер менен иштеше албайт дегенди билдирет.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров бул күтүлүп жаткан жагдай болчу деп билдирди.

– Жокко чыгаруу убактылуу, тагыраагы, жакында калыбына келиши толук мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалык компания кыргыз элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес. Биздин ар бир жеңилүүбүзгө сүйүнгөн айрым мекендештерибиздин позициясы түшүнүксүз. Учурда уюм тарабынан дагы башка тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бул да алдын ала айтылган, биз муну эске алабыз. Биз алтыныбызды жеткирүү үчүн жаңы каналдарды издей баштадык. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам. Нью-Йорктун Банкроттук соту 15-сентябрда "Centerra Gold Inc" компаниясынын жактоочуларынын доо-арызын караганын эстен чыгарбоо керек. "Кумтөр" кени боюнча Кыргыз өкмөтүнө айып пул салуудан баш тартты. Бул биздин туура жолдо экенибиздин дагы бир далили.

Акылбек Жапаров Кыргызстанды мындай уюмдардан четтете баштоо – өлкө экономикалык эркин көрсөтө баштаганынан кабар берет деген пикирде.

Эскерте кетсек, учурда “Кумтөр” боюнча Кыргыз бийлиги менен канадалык “Центерра” компаниясы соттошуп жатат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан