ДЕПУТАТТАР КЫМБАТЧЫЛЫККА КАБАТЫР

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө кымбатчылык күч алды, буга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов реакция кылбай жатат деп нааразы. Бул тууралуу 22-сентябрда парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов айтып чыкты.

– Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө кымбатчылык кокого жетти. Карапайым эл кыйналып жатат. Бензиндин баасы 62 сомго чыкты. Кээ бир үйлөрдө айлап эт жебей калган күндөр болуп жатат. Азык-түлүк кымбаттады. Бул боюнча Министрлер кабинети ооз ачпай жатат. Бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы парламентке келип маалымат берсин,- деди депутат. Монополияга каршы агенттиктин маалыматына таянсак, учурда Кыргызстанда бензиндин баасы Орусиядагыдан да кымбат болууда. Салыштырмалуу алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин Орусияда 53,9 сом болсо, Кыргызстанда 56-57 сомдон сатылууда. Ал эми АИ-95 үлгүсү Орусияда 59,6 сом, Кыргызстанда 62 сом деп көрсөтүлдү. Ал эми дизель майы Кыргыз жеринде Орусиядагыдан арзаныраак – 51,7 сом. Орусияда болсо 58,7 сомго туура келет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан