Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “МЕНИ ЭЧ КИМ КОРКУТА АЛБАЙТ, САТЫП ДА АЛА АЛБАЙТ”

Кезектеги каарманыбыз Жанар Акаев. Парламентте айтаар сөзү, сунуштаар демилгеси бар депутаттардын бири. Отуздун кырында чоң саясаттын шарына кирип, салмактуу саясатчыга айланып бараткан Жанар мырзага өзүнүн суракка чакырылып жатышы жана башка көпчүлүктү кызыктырып турган иштер боюнча суроо узаттык.

– Жанар мырза, сизди ИИМ суракка чакырды. Бул ишти көпчүлүк, анын ичинде өзүңүз “саясий кысым” деп жатасыз. Көшөгөнүн артында эмне жатышы мүмкүн?

– Суракка чакыруунун артында чылгый саясат жатканы, мындай аракет аркылуу мага саясий басым кылуу же шайлоо алдында сес көрсөтүү аракети турганы жаш балага да түшүнүктүү. Суракка эмне үчүн чакырылганымдын өзү күлкүлүү болду. Өздөрүн маданият ишмерлерибиз деген бир ууч топ “бийликти басып алганы жатат” деп биздин үстүбүздөн арыз жазышыптыр. Кийин алары да “биз антип жазган эмеспиз” деп танып кетишти. Экинчи маселе, саясатчы Курсан Асанов деген киши бир сүйлөшүүдө менин да атымды атап өтүптүр деген жалган, эч бир далили жок, фейктер чыгарган бир аудио жазуу бар имиш. Акылга сыйбай турчу мындай куру доомат мага эч качан жукпайт. Анын үстүнө ушундай жасалма көрүнүштөр бийликке эч качан абийир алып келбейт. Өздөрү уят болушту. Мен мындай каралоо, чагымчыл иштердин далайын башымдан өткөрдүм. Мындай аракеттер мени коркута да, сындыра да албайт.

– Курсан Асанов “бийликти күч менен басып алуу” деген берене менен кармалды. Асанов менен Жанар Акаевдин кандай байланышы бар?

– Эстеп көрсөм, Курсан Асанов менен акыркы жолу жети ай мурун куран окуткан жерде учурашыптырмын. Андан бери жолукмак турсун телефондон сүйлөшпөптүрмүн. Асанов менен саясий максатта же шайлоо тууралуу да таптакыр сүйлөшкөн эмесмин. “Экөө бийликти басып алабыз деп пландаган” деп доомат коюлганы акылга сыйбаган ушак. Асанов менен адам катары мамилем жакшы, бирок ал киши өзү күч органдарында иштеп, мыйзамдуулукту туу туткан инсандардын бири деп билем. Ага карата негизсиз айып коюлуп жатат, анткени эптеп эле фейктердин интернетке чыгарган такталбаган маалыматы үчүн камай берсе, Кыргызстанда соо киши калбайт.

– 28-ноябрда шайлоо. Шайлоонун алдында саясатчылар упай топтоого жанталашат эмеспи. Унчукпай жүрүп шайлоо жакындаганда бийликти сындай башташат. Учурдагы оппозиция ушул толкундун шарына кирип кетпедиби?

– Мен башкалардан айырмаланып, адам бийликте турганда деле сынды бетине айтып келе жатам. Атамбаевге сын айткам, Садыр Жапаровду элдин 90 пайызы колдоп, популярдуулуктун туу чокусунда турганда Жогорку Кеңешке келгенде “жакшы иштериңиз болсо колдоп туралы, ката кетирсеңиз ачык сындайбыз” деп түз айтканмын. Мунун баарына эл өзү күбө. Ким шайлоо алдында гана жанталашат, ким туруктуу бир позицияда келе жатат эл өзү баа берет. Башка оппозициялык саясатчылар үчүн жооп бере албайм. Кумтөрдү мамлекетке алалы деди, колдоп бердик, сапаттуу депутаттар келет шайлоо системине өзгөртүү киргизели деди колдоп бердик. Кемчиликтер жок эмес, ошол эле кадр саясаты, соттор, прокуратура, көп тармакта илгерки эле систем. Паракорлук мурдагыдан азайып калган жок, кымбатчылыктын алдын алууга бийликтин аракети жетишсиз. Адилетсиздик болуп жатса, кемчиликтер кетип жатса, көрүп туруп деле “баары жакшы болуп жатат” дей албайбыз. Менсиз деле баары жакшы деп отурган президенттин кошоматчылары жетиштүү.

– Парламенттик шайлоого карата көрүнүктүү оппозиция лидерлери канчалык деңгээлде бириге алышат?

– Оппозиция лидерлеринин деле түрдүү көз карашы, принциптери бар, башкаруу системине болгон көз караштары ар кандай болушу мүмкүн. Бирок мен бул жолу акыл-эстүү, идиректүү саясатчыларды биригүүгө чакырып жатам. Чоң саясий альянс түзүлүшүн колдойм. Азырынча бул аракетти салмактуу саясатчылардан Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев колдоого алышууда. Бул жолку шайлоодо ыдырабай, бир топ саясатчылар бир муштумдай биригип, шайлоого чогуу барабыз деп турабыз.

– Президент Садыр Жапаров менен жеке жолугуп, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болдубу?

– Октябрдагы окуялардан кийин 5-6 жолу жолуктум. Акыркы ирет жолукканда шайлоо системин талкуулаганбыз. Шайлоону таза өткөрүү ниетин билдирген. Мен ошондо парламентте сөзсүз өз оюн ачык айткан, туура эмес иштерди ашкерелеп турган депутаттар болушу керектигин айткам. Ал киши өзү депутат болгон, ошондуктан парламентте жалаң байлар, көпөстөр, бизнесмендер толуп алса, кесепети оор болорун билсе керек.

– 2015-жылдан бери сизге кандай мамлекеттик кызматтар сунушталып жатты...

– Жээнбековдун тушунда өкмөт Социалдык өнүктүрүү министрлигин, Маданият министрлигин сунуштаган учурлар болду. Кийинки келген бийликтин тушунда деле чоң шаарлардын бирине мэрлик кызматка баруу тууралуу сөздөр болгон. Бирок, мен деле артынан түшпөдүм, бийлик тараптан деле бул теманы кайра козгошкон жок. Менин азырынча Жогорку Кеңеште жүргөнүм туура болот.

– Камоолор боюнча сурасам... Качандыр бир убакта жасалган кылмыштар болсо, алар үчүн кимдир бирөөлөр жазасын алыш керек да?..

– Туура айтасыз, кылмыш кылгандар жооп берсин. Бирок ошонун баары түшүнүктөр аркылуу эмес, мыйзамдын алкагында жооп берсин.

– Дегеле азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн кандай баалап жатасыз. Мисалы, Матраимов бир топ жылдан бери бажыда эмес, бирок аны кызматтан кетирүү кирешени көбөйтүп жиберген жок деген пикирлер бар. Ал киши бажыда турганда ишкерлерге Кытайдан товар ташуу жеңил жана бат эле деп да жатышат. Бул боюнча сиз кандай пикирдесиз?

– Бир эле бажы эмес, бардык тармакта коррупция мурда кандай болсо, азыр деле ошондой болуп жатат. Мурда бажыда ушундай схема бар экен, биз аны тыйып, бюджетке түшчү акчаны баланча пайызга жогорулатып койдук деген сөздү уктуңузбу? Жок. Мурда Матраимовдорго доомат бар эле, азыр эми алар жок, бюджетке эселеп акча түшүрө беришпейби? Ушунун баары көп нерсени табышмактатып турат.

– 10 жылдык стажы бар мугалимге 1 миллион сом сыйлык берүүнү демилгелеп чыктыңыздар. Азыркы экономикалык шартты эске алганда бул реалдуубу?

– Депутат Абдывахаб Нурбаев башында туруп демилгелеген бул мыйзам долбоорубузду шайлоо алдындагы гана популисттик мыйзам деп сындап жатышат. Биз депутаттык мөөнөтүбүздө билим берүү тармагына байланышкан бир нече демилге көтөрдүк. Жеке менчик мектептерди салыктан бошотуу сыяктуу мыйзамдарды кабыл алдык. Шайлоо алдында эле эмес, такай бул маселеге көңүл буруп келе жатабыз. Мыйзамдын маңызы - мугалимдерди колдоо, алардын турак жай алуусуна мамлекет тараптан көмөк көрсөтүү. Мугалимдин баарына бир миллион сомдон таратат деген сөз жок, 10 жыл мугалим болуп иштеген адамга эгерде турак жай сатып алам десе, мамлекет бир миллон сомдук сертификат бериши керек. Акча берип, аны тойго жумша деген эч ким жок, үй алганга колдоо болмок. Муну өкмөт да колдоого алып жатат.

– Маектериңиздин биринде “Кыргызстандын 7-президенти мен болом” дедиңиз эле. Эмки кезек сиздикиби ошондо?

– Анын баары Кудайдын жана элдин колдоосунан көз каранды. Азырынча президенттик шайлоо болбойт, дагы 5 жыл убакыт бар. Бул темада экөөбүз дагы 4 жылдан кийин маектешели (күлүп).

– Маегиңизге рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан