Эл оозунда “таз адамдар айымдарды өзүнө тартып, төшөктө мыкты болушат” деп айтылат. Бул сөздүн канчалык чындыгы барын билүү максатында куудул Жамбыл Камчиевди кепке тартканбыз.
– Жамбыл агай, «таздар сексуалдуу болушат» деп коюшат. Бул жөнүндө эмне дейсиз?
– Сексуалдуу болгонум үчүн катарынан эки-үч катын алып жатпаймынбы...
– Өзүңүздү келбеттүүмүн деп ойлойсузбу? Келбетиңизге кандай кам көрөсүз?
– Мен Жылан жылында төрөлгөнгөбү, бир караган адамга сулуу көрүнөм, көздөрүм жылтылдап. Ал эми кээ бирөөлөр «аябай сүрдүүсүз» деп айтышат. Келбетимди сактоо үчүн спорт менен деле машыкпайм. Бирок кандай жумуш болбосун баш тартпайм.
– Сулуу кыздарга тийишпеген мырзаны “дөңгөч” деп коюшат экен. Бул жагынан кандайсыз?
– Эми ар кандай болуп калат. Дөңгөч болчу жерде дөңгөч болом. Мага жакпаса, эмнеге тийишмек элем? Эгер жакса, пахтадай ачылып, желимдей жабышып, кепке тартууга аракет кылам.
– Айымдарды көргөндө алгач эмнесине көңүл бурасыз?
– Мага назик, адамгерчиликтүү, шайыр, тамашакөй айымдар жагат. Бирөөгө жолуксам, сөзсүз ушул сапаттарды андан издейм.
– “Эркекке сүйүү бир нече жолу келет” дешет. Кечиккен сүйүүгө кабылгансызбы?
– Кечиккен сүйүүгө азыр деле кабылып жүрөм. Жылдыз белгим – Жаачы. Жаачылар бир көрүп сүйүп калууга маш болушат. Мисалы, атактуулардан Брежнев, Сталин, Ленин, Чыңгыз Айтматов, анан мен.
– Аялдардын төшөктөгү кайсы мамилеси сизди иренжитет?
– Мага таза, тыкан, өзүнө каранып жүргөн айымдар жагат. Аялдардын жуунбай төшөккө жатканын жактырбайм. Жок дегенде даарат алып коюшса.
– Кандай ич кийимдерди баалайсыз?
– Ич кийимдерди парашют, спорттук стилдеги деп бөлбөйм. Мага, эң негизгиси, таза болсо эле болду. Кээ бирөөлөргө байпак, ич кийиминен өйдө аялдары сатып беришет экен. Менин алардан өзгөчөлүгүм, дайыма өзүмө жаккан, өзүм сатып алган ич кийимди гана кием. Ушундай чыргоолугум бар.
– Бел кубатыңызды күчөтүү үчүн кандай кам көрөсүз?
– Азырынча, Кудайга шүгүр, баары жайында. Экологиялык жактан таптазамын десем болот. Антип, элчилеп, бел кубатты күчөтүүчү азыктарды, дары-дармектерди деле колдонбойм. Кудай өз күчүмдү эле кут кылсын.
– Канча жашыңызда «көзүңүз» ачылды эле?
– Ха-ха-ха!.. «Көзүмбү?» Аа, эстедим!.. Анда жаңыдан аскерден келген кезим, 21 жашта элем. Ошондо 9-класста окуган шаардык кыз айылга келип калыптыр. Ал мага караганда бир топ тажрыйбалуу экен, айламды алты кетирген. Эми анда жаш экенмин да...
– Сизге кандай жерде кумарга батуу жагат?
– Кумарга батуу эки адамга гана тиешелүү нерсе болгондуктан, албетте, ээн жерде болууну самайм. Азыр топтошкон секс деген да бар тура. Секстин бул түрүн баалаган адамдарга такыр түшүнбөйм.
– Кызыктуу маегиңизге рахмат! Сизге үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.
Бир сексопатолог шаардык кыздарды ойсоке деп чанып, айылдык кызга үйлөнөт. Ал күнүгө каза болгон эркектердин «алигисин» кесип, үйүнө алып барып изилдөө жүргүзчү экен. Бир күнү автокырсыктан каза болгон эркектин «алигисин» изилдеп жатса, аялы:
– Тамак бышып калды, жүрүңүз,- деп чакырат. Тиги азыр деген боюнча ишин уланта берет. Аялы бир аздан кийин кайра келип:
– Дагы деле бүтө элексизби?- деп айтып баратып көзүн алайтып:
– Эмне, Узакбай байке каза болуптурбу?!- дептир.
Кызык экен
ПРЕЗИДЕНТ ОБАМА ЭМИ КУУРЧАК
Кытайлыктар Американын президенти Барак Обамага окшош үйлөмө секс-куурчак жаратышты. Жадакалса аны Обаманын дал өзүндөй кылып кийинтип, колуна Американын желегин карматып коюшкан. Бул желим куурчак Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн секс маданиятына арналган фестивалда элге көрсөтүлдү.
СОЙКУЛАР ОКШОШ ФОРМА КИЙИШЕТ
Испаниянын легалдуу сойкулары мындан ары ачык жашыл түстөгү атайын жилет кийүүгө өтүштү. Түнкүсүн иштеген кыздардын бул кийими алыстан эле жаркырап көрүнөт. Жилетсиз жүргөндөргө 40 евро айып салынат. Бул тууралуу “түнкү көпөлөктөр” “ачык түстөгү кийим кардарлардын көңүлүн бурат. Окшош кийим кийгенге капа эмеспиз” дешүүдө.
«СЕКС ТЕЛЕФОНГО» ЧАЛАМ ДЕП КАРЫЗГА БАТКАН КАРЫЯ
Румындык 75 жаштагы карыя “Телефондогу секс” кызматына чалган. Секс кызматын көрсөтүүчү кыз сүйлөй баштаганда эле курган абышканы сокур молдо сүйрөп кетет. Катуу уктаганбы, айтор, эки күндөн кийин ага телефон кызматы үчүн 1250 фунт төлөө тууралуу баракча келет. Бул сумма орточо эсеп менен анын бир жылдык пенсиясын түзгөн. Учурда абышка бул акчаны төлөөдөн баш тартып жатат. Анан да карыя “каалоону келтирбей эле, уйкуну келтирет экенсиңер” деп “Телефондогу секс” кызматын айыптоодо.
“КАМАСУТРА” ЖАҢЫ ТҮРДӨ ЧЫГАРЫЛАТ
2011-жылдын февраль айында Улуу Британияда “Камасутра” трактатынын жаңы түрү сатыкка чыкмакчы. Бул китеп заманбап мырза менен айымга эң мыкты кеңешчи болору айтылат. Эң негизгиси, жалаң тексттен турган бул китеп чөнтөккө салып жүрүүгө ыңгайлуу.
СЕМИЗСИҢБИ? АНДА…
Нью-Йорктогу 73 жаштагы миллионер Дональду Кунсуга семиз аялдар жагат экен, капырай. Ал өзүнүн 45 жаштагы, 150 килограмм салмактагы аялы Жулиянын чоло жерин калтырбай өөп, ырахатка батып турчу. Жулия болсо өзүнүн семиздигинен жүдөп, акыры арыктап кеткен. Бирок ал ашыкча салмагы менен кошо күйөөсүнөн да ажырады. Дональду болсо, азыр кеминде 100 килограммдан ашкан салмактагы аял издеп жүргөн кези.
Азил-чыны аралаш
ИТТИН АЙЫМДАН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Астра Айдарова
erotika@super.kg