Кадырлуу Бейшекеев, Сыймык Бейшекеевдин уулу: “ДИМАШТЫН ДЕҢГЭЭЛИНДЕГИ ЫРЧЫ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин уулу Кадырлуу Бейшекеев менен маектештик. Кадырлуу кичинесинен ырчылыкка кызыгат. Ал 8 жашында ыр жаздырып, сахнага чыгып ырдап, клип да тарттырганга жетишкен. Азыр ал 7-класстын окуучусу. Каарманым ата-энеси, кыялдары, чыгармачылыкка болгон кызыгуусу тууралуу кеп салды.

– Салам, Кадырлуу. Маектин башында сени менен кенен таанышалы, ээ?

– Макул. Атым Кадырлуу. Учурда №67 мектеп-гимназиясында 7-класста окуйм. Атымды Кадырлуу деп атам койгон. Атамдын Кадыр деген жакын досу бар болчу экен. Ошол досунун атына -луу мүчөсүн улап, Кадырлуу балдардан болсун деп койгон экен.

– Эмнеге кызыгасың?

– Футбол ойногонго кызыгам. Футбол ойноп, Түркияга, Алматыга барып келгем.

– Атаң менен жетелешип ырдап да калчусуң, ырдаганга кызыкпай калдыңбы?

– Кызыгам. Футбол менин хоббим. Кийин ырчы болгум келет. Мен кичинекей кезимден эле ырчылыкка кызыгып баштагам. Концерт койгонго, гастролдорго "чогуу барам" деп атамды ээрчичүмүн. 5-6 жашымда эле сыналгыдан мен сөздөрүн билген ыр болуп калса чогуу ырдачумун. Атам экөөбүз көбүнчө “Жамгыр төктү” ырын ырдачубуз. Атам комуз чертип, мен ырдаган видео интернетке да чыккан. 8 жашымда Воронцовкада атамдын концерти болгондо биринчи жолу сахнага чыгып ырдап көрдүм. Ошондо атамдай ырчы болом деп максат койгом. Ошол жылы “Айганыш” ырын жаздырып, ага клип да тарттырганбыз. Өткөөл курак болгондуктан азыр атам “үнүң өзгөрүп жаткан мезгил. Азыр ырдабай тур, үнүң бузулуп кетиши мүмкүн” дейт. Ошондуктан ырдабай жүрөм. Атам мени дүйнөлүк ырчы болсо деп тилек кылат. Атамдын мындай тилегин актайм деп ишенем. Бул сонун тилек.

– Өзүңдүн кыялың атаңдыкы менен дал келеби?

– Ооба, мен атамды уят кылбаган ырчы болгум келет. Азыр чет элде мыкты дүйнөлүк жаш вокалисттер бар, мисалы, Адель, Орусиядан алсам, Анатолий Цой, коңшу Казакстандан Димаш. Ошолордун деңгээлиндеги ырчылардын бири болгум келет. “Бүгүн концерт болот турбайбы, Кадырлуу келет экен” десе, эл Кадырлуунун келерине кубанып, Кадырлууну угуш үчүн концертке келе тургандай деңгээлге жетким келет. Дагы бир кыялым бар, Испанияга барып келгим келет. Футболдо жактырган командам “Барселона”. Ошондуктан Испаниянын Барселона шаарына барып, жактырган командамдын стадионунда отуруп, оюнун көргүм келет. Кичинемде Диснейлендге баруу кыялым бар эле. “Диснейлендге алып барып келиңизчи” деп атамдан суранчумун. 2019-жылы ата-энем Америкага Диснейлендге алып барып келген, үй-бүлөбүз менен эс алганбыз. Ал үчүн ата-энеме чоң рахмат. Америкада баары башкача экен, эл дагы, жашоосу дагы, эрежелери дагы. Диснейлендге барганда такыр башкача сезимдер болду, фантастикада жүргөндөй болдум.

– Ошол жакта калгың келдиби?

– Калгым келген жок. Кыргызстан – туулуп өскөн жерим. Азыр көбү Кыргызстандан башка мамлекеттерге кетип жатышат. Ушинтип таркай берсек кыргыз эли эне тилин да унутуп баштайт. Бир тууган акем Америкада жашаганы үчүн гана калгым келиши мүмкүн болчу. Бирок өзүмдүн андай каалоом болгон жок. Баары бир Кыргызстан жүрөгүмө жакын. Ал жакта калып калсам, ата-энем кетмек, аларды сагынмакмын.

– Атаң жөнүндө айтып берчи, мүнөзү кандай, үйдө кандай ата?

– Атамдын мүнөзү жакшы. Башкысы, ал жөнөкөй. Кээ бирлер "мындаймын, тигиндеймин" деп өзүн болгонунан башкача көрсөтө беришет го, менимче, ал туура эмес. Атам кандай адам болсо ошондой, элге башкача көрүнөйүн дебейт. Жардам сураган адамдарга жардам берет. Бир нерсе сурасак, так жооп берет. Бизге “жаман сүйлөгөн адамдар менен катташпагыла. Өзүңөр жаман сүйлөбөгүлө” деп айтат. "Элдин арасында жаман сүйлөсөң башкаларга өтө жаман көрүнөт” дейт. “Балдар менен мушташпа” деп айтат мага. Мен мушташсам дагы өзүм баштаган эмесмин, коргонуу үчүн гана болгон.

Мага атамдын бизди ар кайсы жакка алып барып эс алдырганы жагат. Үй-бүлөбүз менен тоого чыгабыз, паркка, кафеге барып эс алып турабыз. Атам бизди урушпайт, урбайт. Туура эмес кылсак, "андай туура эмес" деп түшүндүрөт. Атамдын ою боюнча, балага кол көтөрүү туура эмес. Урганда баланын психикасына зыян тиет деп ойлойт. Мен атамдын жакшы баланы тарбиялаганын далилдеп башкаларга жакшы тарбиямды гана көрсөткүм келет.

– Атаңдын атынын пайдасы тиеби?

– Мурда гезиттерден атамдын атын окуп калсам сүйүнчүмүн. Сыналгыдан дагы атамдын ырдаганын, клиптерин көрсөтүп калса, аябай кубанар элем. Атамдын атын пайдаланган эмесмин. Бирөөгө Сыймык Бейшекеевдин баласымын деп маселе чечкен эмесмин. Кээде “Сыймык Бейшекеевдин баласымын да, жаман нерсе кылбашым керек” деп ойлонгон учурлар болот. Бирок атактуу адамдын баласы болгонум үчүн эмес, уялганым үчүн, өзүм үчүн жакшы жүрүшүм керек. Эгер кээ бир балдар “менин атамды көп киши тааныбайт, бейбаштык кыла берсем болот, эч ким эч нерсе дебейт, интернетке чыгып кетпейм” деп ойлонушса, бул жаман, туура эмес. Анын кийин зыяны тийиши мүмкүн. Бирөөнүн баласы болгон үчүн эмес, өзү үчүн эле ар бир адам жаман жолго барбай, бейбаштык кылбай, жакшы нерселерди жасашы керек деп ойлойм, ата-энени уят кылбаш керек.

– Атаң экөөңөрдүн кайсы мүнөзүңөр окшош?

– Экөөбүз тең урушканды жаман көрөбүз, урушканга караганда сөз менен түшүндүргөн оңой деп ойлойбуз.

– Жакшы. Маегиңе рахмат. Кыялдарыңа жетишиңе тилектешпиз.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Сыймык Бейшекеевдин уулу: "Атам мени дүйнөгө тааныткан ырчы кылгысы келет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан