Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев КМШ өлкөлөрүнүн арасында белгилүү болгон «Octagon» уюму менен келишим түздү. Мындай маалыматты бизге мушкер өзү билдирди:
– «Оctagon» деген Казакстандык уюм менен 4 беттешке келишим түздүм. Эрежесиз эр мушташта 70 килограмм салмак ченинде беттешке чыгам. Азырынча биринчи беттештин күнү белгилене элек. Бул уюм менен менеджер Кубанычбек Аманбеков аркылуу келишим түздүм. Эксклюзивдүү келишим болду. Канча гонорар аларыбыз айтылбайт,- дейт Дастан Шаршеев.
Динара Акимова