ФУТБОЛ: ӨЛКӨ КУБОГУН “НЕФТЧИ” КЛУБУ ЖЕҢИП АЛДЫ

Футбол боюнча 2021-жылкы Өлкө кубогунун финалдык беттеши 18-сентябрда Баткен шаарынын борбордук стадионунда өттү. Өлкө кубогу Баткен шаарында алгачкы ирет өткөрүлүүдө. Финалда Кочкор-Атанын “Нефтчи” футболдук клубу менен Бишкектин “Алга” клубу кез келди. 90 мүнөттүк негизги убакытта да, кошумча берилген эки таймда да командалар эсеп санын ача алышкан жок. Жеңүүчү пенальти аркылуу аныкталды. “Нефтчи” 4:3 эсеби менен жеңүүчү аталып, Өлкө кубогун жеңип алды. Быйылкы сезондо кубок үчүн 16 команда ат салышкан.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан