Ырыскелди Осмонкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АВТОБУСТА ТЫГЫЛЫП БАРАТЫП АВТОГРАФ БЕРГЕН КҮНДӨР БОЛГОН”

Мезгил өтсө да маектешимдин чачы өзгөрбөйт. Сегиз неберелүү болсо да сиз алгач көргөнүңүздөй жапжаш. Ким десеңиз, ал – ырчы Ырыскелди Осмонкулов. “Ойлойсуңбу?”, “Сулууга”, “Ай баратат” деген классикалык чыгармаларды аткарып элге таанылган ырчынын атактуулукка карай жолу кандай болгонуна кызыктык. Тырсаалы деген ысымы, Таттыбүбү Турсунбаеванын кантип баласы болуп калганы жана башка кызыктарды маектен окуңуз.

“БИР ТУУГАНДАРЫМДЫН БААРЫ ТАЛАНТТУУ”

– Кыргызда дайым түпкү тегин сурайт эмеспи. Бул туура нерсеби дейм, анткени ген аркылуу көп нерселер өтөт экен. Ата-энем өтө таланттуу адамдар болушкан. Апам Сүйүнбала кошокчу эле. Ал казак кызы болчу, таятамдын үй-бүлөсүндө аман калганы апам болуптур. Таятам колунда бар адам болгон экен, Совет доору келгенде кулакка тартылып кетиптир. Кызын ишенимдүү бир үй-бүлөгө таштап, “мен келем, ага чейин кызымды аман-эсен багып тургула” деп кеткен экен. Тилекке каршы, ошол боюнча келбептир. Кийин атам апамды кинотеатрдан көрүп, экөө жактырышып, кол кармашкан экен. Атам Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Менин ортоңку агамдын аты Мырзаалы, мен төрөлгөндө атымды ага окшоштуруп Тырсаалы коймок экен. Айылыбыздын аксакалы Калый деген ата келип, “Кыргызда мындай ат жок, ырыскылуу бала болсун” деп атымды Ырыскелди коюптур. Кудайга чоң рахмат айтам, болбосо азыр “Тырсаалы байке” деп жүрмөксүңөр (күлүп).

Он бир тууганбыз, баарыбызда талант бар. Менден улуу эжем Вера Осмонкулова Германияда, Берлин шаарында оркестрде иштейт, композитор, скрипканы чебер ойнойт. Бир эжем азыр пенсияда, ал опера театрында хордо ырдачу. Мени шыпыргы менен кубалап жүрүп Мукаш Абдраев атындагы мектепке 2-классымдан алып келген эжем Анара дагы музыкант. Негизи эле чыгармачыл үй-бүлөбүз, бир тууган жездем кыргыздын атактуу жазуучусу Мурза Гапаров болгон.

Шыгымды байкап, кыйнап отуруп Анара эжем мени 2-классымда борборго музыкалык окуу жайга алып келген. Сынакты “4” деген баага тапшырып, окуп калгам. Алгач скрипка бөлүмүнө киргем, кийин виолончель бөлүмүндө окудум. Андан соң Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда, кийин Кыргыз улуттук консерваториясынын эстрада бөлүмүн бүтүрдүм. Азыр 10 жылдан бери Кыргыз улуттук консерваториясында сабак берем. Кыскасы, бала чагымдан бери музыка дүйнөсү менен алпурушуп келе жатам. Музыка өзүнчө аалам. Ошол ааламда четинен болсо да басып өтүп бара жатканыма аябай ыраазымын.

Кичинемден кыргыздын белгилүү адамдары менен окудум. “Ак кеме” тасмасына тартылган Нургазы Сыдыгалиев, Актан Исабаев, Светлана Назаренко, Аслан Исабаев, Гүлнара Тойгонбаева сыяктуу бир катар балдар агайыбыз Рафаель Сарлыковдун колуна туш келдик. Ушул кишинин баарыбызга кылган эмгеги зор, азыркыга чейин чогуу иштеп келе жатам.

“АЛ КЕЗДЕ ЭЛДИН СЫНЫ КЕЛЕЧЕГИҢДИ ТАЛКАЛАП САЛЧУДАЙ БОЛЧУ”

– 1990-жылы “Инсан” тобунун курамына кошулдум. Биринчи ырым “Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай” деген ырым болду. Азыр музыкант Эркин Мээрканов “ай, Ырыскелди, бул ырды сен экөөбүз чыгарбадык беле” деп калат. Менин эсимде жок. Мен “Эркин чыгарган” деп эле жүрчүмүн, менин дагы салымым бар экени жагымдуу болду (күлүп). Алгач жай ыр болчу, кийин микс болду, азыр элдин баары бул ырга бийлеп жүрүшөт. Кийин “Инсан” тобунан кетип, жеке ырчы катары тааныла баштадым. 90-жылдар баарынын эле эсинде болсо керек, өтө оор жылдар болчу. Өзүм 19 жашымда эрте үйлөнүп алгам. Үй-бүлөнү багуу менен кошо чыгармачылыкты алып кетүү оор эле. Күнү-түнү иштечүбүз. Түндө кафе, кабактарда иштеп жүрдүм. Атымды чыгарган ыр “Ай баратат” болду.

Гезит саткан киосктон эле ноталары менен ыр китеп сатып алып, ичин ачып карасам “Ай баратат” деген ыр бар экен. Аны мурун көп ырчылар ырдашкан. Уксам ырда өзгөчөлүк бар, “жаңылап ырдап чыгайын” деп үнүмдү жаздырып, ырдап калдым. Ал ырга 25 жыл болду. Элдин кулагына сиңип калган ырды жаңылап чыгаргандан алгач корктум. Өз ырыңды чыгара бересиң, бирок элге сиңип калган классикалык ырдын жоопкерчилиги күчтүү. Ошентсе да жакшы алынып кетти. Ал кезде элдин сыны жаман болчу, бүтүндөй келечегиңди талкалап салчудай коркунуч бар эле. Азыр эмне, болбогон ырды деле “мага жакты, жакшы экен” деп социалдык тармактардан колдоп койсо кете берет. Болбогон ырды деле жакшы деп ишендирип коюш оңой. Биздин учур андай эмес эле. Элге ыр ушунчалык жакты, уу-дуу кеп кыла башташты. “Чачы тармал жигит Таттыбүбү Турсунбаеванын уулу турбайбы?” деп ушак чыгарып, ошого ишенип алгандар болду. “Мен Чүйдөн болом, ырдын автору, актрисанын агасы Нуркан Турсунбаев жумгалдык, эч кандай туугандык жайым жок” десем ишенбей, кайра өзүмдү сөзгө жыгып салган учурлар болгон (күлүп). “Ыр майрам” ырын ырдап чыксам, ысык-көлдүк кылып, “Садагам Оштой жеримденди” ырдасам Оштук кыла беришчү.

“СЫНАКТАН УТКАН УНААМДЫ ТӨРТ БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРГЕ АЛМАШКАМ”

– Кийин “Энекем, ай”, “Ыр майрам” ырлары популярдуу болду. Ыр майрамды мен, Актан Исабаев, Адиль Чекилов болуп трио кылып ырдаганбыз. Ал ыр менен Актан Исабаев фестивалдан Гран-прини жеңип алган. Үчөөбүз күздүн күнү көл жээгине барып клип тартканбыз. Клипке жакында 22 жыл болот. Кайсы жерге барбайын ушул ырымды сурай беришет. Менимче, эл эмнени сурап укса ал ыр гимнге айланат. “Ыр майрам” Ысык-Көлдүн гимни.

Айтор, акырындап атым чыга баштады. Атым чыккан күндө да эмнегедир “жылдыз оорусу” менен ооруган жокмун.

35 жашымда биринчи жолу өзүмдүн машинем болду. Ага чейин автобустарда, маршруттук каттамдарда уялып кысылбай эле кадимкидей жүрө берчүмүн. Тыгылышып бара жатсак автограф сурап калгандарга “азыр, чоң кыз, колумду бошотуп алайын” деп туруп автограф жазып берген күндөр болгон. Эл менен кошо автобустарда жүргөндө “Ырыскелди агай, сиздин машинеңиз жокпу?” деп сурашчу. “Жок, болот, буюрса” дечүмүн.

Кудай жалгап, 2001-жылы өткөн эл аралык «Ысык-Көл-2001» фестивалында Гран-прини жеңип алдым. Байге автоунаа болчу. Биринчи жолу машинелүү болдум. Анда бир тааныш байкемдин көзү мен утуп алган машинеге түшүп калыптыр. “Мага сатпайсыңбы?” деп калды. “Муну сатканга болбойт го, байге да” дедим. Өзүм анда батирлеп, кээде жатаканада күн көрчүмүн. Тиги байке “батирге алмашпайсыңбы?” деди. Батирлеп жүргөн кишиге үй десе укмуш эле угулат эмеспи (күлүп). Машинени төрт бөлмөлүү батирге башма-баш алмаштык. Кийин тез эле үйлөрдүн баасы асмандап кетти. Эки балам менен жатаканада жашап жүргөнүмдү Кудай өзү деле көрүп аяды окшойт. Ушундай кыйынчылыктар болду, бирок жеңдик.

“ТАЛАНТ, ҮН, БИЛИМИҢ БОЛСО, ЭЛ ӨЗҮ ЭЛЕ КӨТӨРҮП КЕТЕТ”

– Билим өтө маанилүү нерсе экен. Балким, музыкалык билимим терең болбогондо мындай деңгээлге жетет белем, ким билет. Мен ойлойм, атактуулуктун туу чокусу болбойт, мисалы, мен дагы деле бир нерселерге жетем деп ойлой берем. Менин ырларымдын баары классикалык үлгүдөгү ырлар. Азыр той ырлары деп бөлүшөт эмеспи. Мага ошол нерсе жакпайт. Ыр адамдын жүрөгүнө жагыш керек экен. Алсак, ушул ырларым менен тойлорго барып ырдап жүрөм. Эл жакшы кабыл алат. Тойго ырдаш үчүн сөзсүз жеңил ырларды жаздыруунун кереги жок. Талант, үн, билимиң болсо эл өзү эле көтөрүп кетет. Кээде бир үнү жок ырчы келип “жандуу үн менен концерт берем” дейт. Барабанчы, гитарист, башка аспаптарды ойногон музыканттар бар. Таланты, билими жок болсо, нотага түшө албай музыканттарды жүдөтөт. “Ай, айланайын, сен ырдабай эле койчу, бизди да, өзүңдү да жүдөтпөчү” дешет аягында. Көпчүлүк жандуу үндү, анан жогорку чеберчиликте чертилген аспаптарды айырмалап билип калган күнгө жетти. Эл мурункудай эмес, иргеп калды. Таланттуу кыргыз кыздары жигиттери чет өлкөдө жүрүшөт. Ушулар өз өлкөбүздүн желегин көтөрсө деген кыялым бар.

“АТАМ УСТАЛЫККА ҮЙРӨТКӨН”

– Ырчылыктан тышкары үйдө эркектин жумушу болсо баарын өзүм жасайм. Жер тамда жашайм. Атам-апам “ушул короодо неберелерибиз чуркасын” дешчү. Устачылык, багбанчылык кылам. Атам мага баарын үйрөтүп кеткен. Андай иштерден өзүнчө бир сонун ырахат алам.

“ЧАЧЫМ ТҮШҮП БАШТАГАНДА КЫСКА АЛДЫРАМ”

– Атам “чачыңды чоңойгондо өстүрөсүң” деп устара менен кырып салчу. 9-класстан кийин гана чач коё баштагам. “Чоңойгондо өстүрөм” деп жүрүп, чачымды өтө узун кылып алдым окшойт. Мурда чачым түз өсчү, кийин эле тармал болуп кетти. Кээде чач жасалгамды өзгөртсөмбү десем жубайым болбойт. Чачым түшкөнчө узун чачым менен эле жүрө берем го. Эл мени ушул чач менен таанып калды.

“8 НЕБЕРЕЛҮҮ БОЛДУМ”

– Жубайым Гүлзана чыгармачыл чөйрөдөн, куурчак театрында иштейт. Азыр боло турган концертимди уюштуруп чуркап жүрөт. Кичүү кызымдын аты Мыскал, аны Мыскал Өмүрканова эжесиндей болсун деп ырымдап койгом. Көркөм гимнастикага барат. Айбар уулум болсо англис тили боюнча курска барат. Спортчу болсо дейм. Биринчи жубайымдан төрөлгөн балдарым чыгармачылыкка жакын болушкан жок. Анткени анда жаш элек, эптеп эле үй-бүлөнү баксам деген ой болчу. Эми колдон келсе бул балдарымды чыгармачылыкка жакын кылып тарбияласам дейм. Жакында 8-неберелүү болдум. Досторум, балдарым, жакындарым, баары жанымда. Кудайга шүгүр, баарына ыраазымын. 24-сентябрда менин “Күздөгү кусалык ” аттуу концертим болот, жан дүйнөнү байытып, жандуу үн менен ырдаган ырчылардан ыр белек алып кетиңиздер!

Бакыт Алишеров, композитор: “БАШКАЛАР ЫРДЫ БИЗНЕС КАТАРЫ КАРАСА, АЛ БАЛАСЫНДАЙ КАРАЙТ”

– 1999-жылдан бери Ырыскелди экөөбүз таанышпыз. “Ыр майрам” деген ырдын сөзүн Кыялбек Урманбетов, музыкасын мен жазгам. Алгач Актан Исабаев ырдап чыккан, кийин менин жубайым сунуштап калып, ырды трио кылып ырдоо идеясы пайда болду. Адиль Чекилов, Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев болуп үчөө ырдашты. Айта кетчү нерсе, менин үч ырымды ырдаган үч ырчы тең фестивалда Гран-прини утуп, машиналуу болгон. Алар – Актан, Ырыскелди, Гүлнара Тойгонбаева. “Балама” деген ырымды ырдап чыгып, Ырыскелди Волга машинесин утуп алган. Көп эл аралык сынактардын лауреаты, өзү бул жөнүндө айтпашы мүмкүн (күлүп). Анткени ал жөнөкөй.

Көп ырларымды Ырыскелди ырдады. “Эне колу”, “Мама”, “Өскөн жер”, “Акбаранын көз жашы”, айтор, өтө көп ырлар экен. “Акбаранын көз жашын” симфониялык оркестрдин коштоосунда опера ырчысы Зейра Раимбекова менен дуэт ырдаган. Зейра – Акбара, Ырыскелди – Ташчайнар болуп ырдашкан. Өзгөчө чыккан.

Үнү жакшы. Ырыскелди менен иштешүү оңой. Мага окшоп перфекционист, бир ишти баштаса майын чыгарып жасайт. Тез бүтүп, эптеп эле чыгара калбайт. Мисалы, ырчы он жолу ырдап студияда ыр жаздырса, мен онунчу жолу ырдаганда “токтот, жакшы” дешим мүмкүн. Ырыскелди болсо дагы он жолу ырдайт (күлүп). Өзүнө жакмайынча тер төгүп иштей берет. Адамгерчиликтүү, камкор. Ата катары, күйөө катары, дос катары , бир тууган катары аябай камкор. Мүнөзү ачык, маңдайы жарык дегендин баары ушу жигитке жарашат.

Ырыскелди чыгармачылыкта бир орунда турбайт, музыкант катары изденүүдө жүрөт. Башка ырчылар ырды бизнес катары караса, ал ырды баласындай карайт. Ага бул ыр акча алып келбесе койсун, бирок жакшы чыксын дейт. Башка ырчыларды жамандагым келбейт, үнү, келбети, баары бар, бирок жалкоо. Укмуш таланттуу ырчылар бар. Бирок аларда “ушул эле жетет, Кыргызстанга таанылсам болду” деген чектөө бар. “Дүйнөнү багындырам, мындан чоң нерсеге жетишем” дешпейт. Байлык топтошот, тиричилигин мыкты кылып алышат, андан ары максат жок. Ырчылардын ошол жалкоолук сапаты болбогондо эбак эле дүйнөлүк ырчы болушмак. Муну мен эми музыкант катары баалап жатам. Колумдан укмуш таланттуу балдар, кыздар өттү. Ырыс андай эмес, ал эстрада менен өзүн чектебейт, оркестрдин коштоосунда опера ырдайт. Мисалы, “Өскөн жер” деген ырымда Ырыскелди эстрадалык, Бакыт Шатенов фольклордук, Чырмаш Төрөбеков опера кылып үчөө чогуу ырдашты. Ушундай эксперименттерди жасагандан коркпойт.

Гүлнара Тойгонбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЖАШТЫГЫБЫЗ ЧОГУУ ӨТТҮ”

– Ырыскелди экөөбүздүн тааныш болуп жүргөнүбүзгө 25 жылдай болду. Жакшы досум, кесиптешим, жакын адамым. Бири-бирибизге аябай көмөктөшөбүз. Чыгармачылыкта бири-бирибизди сындайбыз, көтөрмөлөйбүз, пикир алмашабыз. Ырыскелди сыяктуу кесипкөй ырчылар аз. Бала чагынан бери музыка менен “тамактанып” келе жаткандардын бири (күлүп). Бир туугандары, кийин классташтары, педагогдору, айтор, баары музыка чөйрөсүнөн. Кыргыз эстрадасы жанданып келе жатканда өзгөчө ырлары менен чыкты. Классикалык ырларды жаңылап, коркпой ырдоо ушул жигиттен башталган. “Сулууга”, “Ай баратат” ырлары эмне деген жакшы ырлар?! Гастролдордо чогуу жүрдүк, жаштыгыбыз чогуу өттү. Ырыска ден соолук, эргүү, үй-бүлөсү менен аман болушун каалайм.

Рафаель Сарлыков, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук консерваториянын эстрада кафедрасынын доценти:

“ЫРЫСКЕЛДИ БАЛДАРДЫН БААРЫНАН ЖАКШЫ ЫРДАЧУ”

– Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрүп, аскер кызматына барып келдим. Келгенден кийин балдар үчүн эстрадалык ансамбль түзөйүн дедим. Ал кезде мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда сабак берчү элем. Ырыскелдини 1978-жылдан бери тааныйм. Карасам бир топ окуучу балдар ырдап жүрүшөт. Арасында Нургазы Сыдыгалиев, Аслан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Медер Токтогулов бар болчу. “Балдар, мен топ түзгөнү жатам, ырдаганды каалайсыңарбы?” десем сүйүнүп кабыл алышты. Светлана Назаренко кийин кошулду. Ошентип “Аракет” деген топ түздүк. Ырыскелди ошондо 4-класста эле. Мен аларга ыр жагынан эле устат болгон жокмун, спорттук ийримдерге да кызыктырып балдар менен бир топ жылдар алектенип жүрдүм. Балдардын ичинен эң эле жакшы ырдаганы башынан эле Ырыскелди болчу. Үнү өзгөчө эле. “Ур барабан, тарт сурнай” деген балдар үчүн жазылган ырды ырдачу. Шыгы, таланты мурунтан эле бар болсо керек дейм, анткени орусча ырды орустардын жан дүйнөсү менен, кыргыз ырларын кыргыздын жүрөгү менен ырдачу. Эми музыкант адамга булар ачык эле көрүнүп турат эмеспи. Музыкалык окуу жайда виолончель бөлүмүн бүтүрдү, пианино, скрипка, комуз, гитара, өтө көп аспаптарды черткенди билет. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, “Даңк” медалынын ээси, бир топ эл аралык фестивалдын лауреаты, айтор, көп кырдуу талант. Ырыскелдинин өзгөчөлүгү – ал чыгармачылык менен “дем алган” адам. Изденет, эксперимент жасагандан коркпойт. Жаш өйдөлөгөндө ырчылардын концерт өткөргөнгө чамасы келбей калат. Кээ бирөөнүн деңгээли жетпей калат, кээ бирөөнүн эрки жетпей калат, бири жалкоолук кылат, ал эми Ырыскелди ушуга чейин жылына 2-3 жолудан жандуу үн менен концерт берип келе жатат. Профессионал музыкант катары жогору баалайм. Өспүрүм кезинде “Битлздин” ырларын жакшы көрүп, жаттап ырдап жүрчү. Өзү өтө жөнөкөй. Дагы бир билгеним, кичинесинен эле спортко жакын, футболду жакшы көрчү. Чынын айтсам, азыр спорт менен машыгабы, билбейт экем (күлүп). Формасын жоготпой жүргөнүнө караганда машыгат окшойт. Ошол туура да, артист деген элдин көзүндө жүргөн үчүн өзүн дайым карап жүрүүсү керек. Иши кылып жакшы бала...(күлүп).

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Ырыскелди Осмонкулов: "Автобуста тыгылып баратып автограф берчү элек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан