«Кумарат» тобу: «БИЗДИ КЫРГЫЗ ЭЛИ ТҮШҮНБӨЙ ЖАТАТ»

Шоу-бизнесте өзгөчө стили бар “Кумарат” тобунун түзүлгөнүнө 2 жыл болду. Дуэттин солисттери – Аскар Думанаев жана Аяна Арстанбекова. Сахнадагы образы, "Сеньорита", "Сүйүү убагы" аттуу ырлары, клиптери менен өзгөчөлөнгөн дуэтти тааныштырабыз.

– Аскар, Аяна салам! Алгач өзүңүздөрдү тааныштыра кетсеңиздер...

Аскар: – Кыздын кырк чачы улуу эмеспи, Аяна баштап берсин.

Аяна: – Рахмат. Мен 1992-жылы туулгам. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан болом. Кичинемден чыгармачылыкка жакын өстүм. 6-классымда чиймелеп ыр жазып калчумун. 8-9-классымда “Муунай” аттуу топтун катарына кошулуп, гастролдорго чыгып жүрдүм. Ошол кезде корей агымы жаңыдан күч алып баштаган. Анын таасири корей тилин үйрөнүүгө түртүп, мектепти аяктаганда чет тилдер факультетине тапшыргам. Бирок жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын болгондуктан 2-курста окуумду таштап, модель болуп иштеп калдым. Кийин визажист болдум. 5-6 салон алмаштыргандан кийин бирөөнүн колунда иштегим келбей, чакан сулуулук салонун ачып иштетип жүрдүм. Чоң салон ачканыма 2 жыл болду.

Жеке жашоом тууралуу айтканды каалабайм. Бирок 6 жаштагы уулум бар экенин танбайм.

Аскар: – 1993-жылы Бишкекте төрөлгөм. Түбүбүз Жумгалдан, супер саякпыз. Мен дагы бала кезден чыгармачылыкка жакынмын. Өзүмдү сахнадан, кинодон көрчүмүн. Популярдуу болгум келчү. Өспүрүм кезимде телеканалдардын биринде алпаруучу болуп иштегем. 16 жашымда моделдикке кызыгып, “Мистер Бишкек” сынагына катышкам. Мектепти аяктагандан кийин “Манас” университетинин англис тили боюнча синхрондук котормо бөлүмүндө окуп калдым. Билимге баш-отум менен киришип, шоу-бизнестен алыстап кеттим. Анын үстүнө модель катары мага суроо-талап болбой калды. Өзүмдү басынтып “туура келбейт турбаймынбы, тынч жашай берейинчи” дегем. 6 жылдан бери моделдик агенттикти негиздеп иштетип келем.

– “Кумарат” дуэти кантип жаралып калды?

Аскар: – Аяна экөөбүз 3 жыл мурун иш-чаралардын биринде таанышканбыз. Ага чейин Инстаграмдан көрүп жүрчүмүн. Аяна сүрөттөрдөн бой көтөргөн кыздай көрүнгөн. Көрсө, назик экен. Жаркырап, созолонуп турганын көрүп “тийишип көрөйүнчү” деп жанына баргам. Таанышып, бийге чакырган элем. Коштошордо “фотосессияга кел" деп чакыргам. Сүйлөшүп отурганда “дуэт түзүп ырдап чыкпайлыбы” деп сунуштасам, дароо макул болду. Эртеси эле вокалга барып баштадык. 1 жыл даярдандык. 2 жыл мурун ырыбыздын бет ачары болду. Ошентип 2 ырыбыз менен 2 жылдан бери жүрөбүз. Жакында эле үчүнчү ырыбызды жаздырдык.

– Эмне үчүн жалгыз чыккан жоксуз?

Аскар: – Ырчылыкка жалгыз аттанганга батына албай койдум. Өзүмдү басынткан боюнча калып калгам. Кулагым делдейип, арык да болчумун (күлүп). Сүрөткө түшүп, келбетимди кабыл ала баштаганыма 2 жыл эле болду.

– Ким лидер?

Аяна: – Бизде андай жок.

Аскар: – Ыр тандоодо кеңешебиз. Кийимди Аяна тандайт, клип дагы ага жакса болду (күлүп).

– Сиздерди түгөй деп айтып калышат. Чын-төгүнүн өзүңүздөрдөн уксак?

Аскар: – Экөөбүз 24 саат бою чогуу жүрөбүз. Ортобузда сүйүү, достуктан дагы бийик бир сезим бар. 100 пайыз бири-бирибизге ачыкпыз. Жакын адамдарбыз.

– Ачык жооп болгон жок. Анда баш кошуп алганга кандай тоскоолдук бар деп сурайынчы?

Аяна: – Экөөбүз баш кошсок жашап кете алабыз деген ойдомун. Бирок...

Аскар: – Заманбап көз караш боюнча жан дүйнөң бир адам менен чогуу болуш үчүн сөзсүз түрдө үйлөнүш керек эмес да.

Аяна: – Кыргыздар 30 жашка чейин үйлөнүш керек деген стереотипке көнүп калышкан. Биз андай көз карашта эмеспиз.

– Аскардын кайсы сапаты жагат?

Аяна: – Эркектин келбетине карабайм. Аскардын ички дүйнөсү жагат. Мага чын дилинен мамиле кылганы, ак көңүлдүгү, элден жардам аябаганын жактырам.

Аскар: – Мен болсо келбетине карайм (күлүп). Кесибим ушундай да. Аянаны биринчи көргөндө эле жүрөгүм менен кабыл алдым. Абдан назик экен. Көпчүлүк адам менен иштешкем. Маанайы жокто кагып-силкип салган адамдарды көрдүм. Бир жыл ичинде, дуэттин бет ачары болгонго чейин 24 саат бою чогуу жүрүп калып Аянаны жакындан билдим. Абдан окшош экенбиз. Ал дагы мага окшоп адамдарга жакшылык кылып, кайра зыян тартып калат экен. Анан мээримдүү эне катары билем.

Аяна: – Бул мен үчүн эң жакшы комплимент болду. Рахмат.

– Чыгармачылыкта бут тосуулар болдубу?

Аскар: – Болуп жатат. Кээ бир телеканалдар клиптерибизди кабыл албай коюшат. “Эмнеге кабыл албайсыңар?” деген суроого жооп бере алышпайт. Колдоо көрсөтүп келген адамдардан да куру эмеспиз. Канат Култаев, Иса Өмүркулов, Анжелика, Жан Сабыров колдоп келет.

Аяна сулуу болгону үчүн кыздар жактырбай карап, түртүп өтүп кетип, жек көрүү сезимдерин даана көргөзүшөт. Шоу-бизнесте да ошондой кыздар бар...

Аяна: – Инстаграмдан карап эле сыртынан тон бычып калбадыкпы. Мени көбү “стерва” деп ойлошот. Сүйлөшкөндөн кийин “назик турбайсыңбы” деп калышат. Сүрөткө образ берип, күлүп түшпөгөндүктөн “мүнөзү оор” деп ойлошот. Бирок Аскар айткандай, өтө жумшакмын.

Биздин жашоого болгон көз карашыбыз башкача болгондуктан Кыргызстанда дуэтибизди элге жайылтуу кыйын болуп жатат. Башка мамлекетке кетип калсакпы деп ойлойбуз. Сахнадагы образыбыз кыргыз менталитетине туура келбей жатат окшойт. “Уят эмеспи, бул эмне деген кийим?” деп көп жазышат. Ошого карабай чыгармачылыгыбызды алып кеткенге аракет кылып жатабыз. Анткени ар бир адамдын жеке көз карашы бар. Азырынча кыргыз эли түшүнбөй, кабыл албай жатат, бирок жыл өткөн сайын элдин көз карашы өзгөрөт деген ишеним бар.

– Маегиңиздерге рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
"Кумарат" дуэтинин солисттери: "Экөөбүздүн мамилеге "сүйүү" дегенден да башка сөз табуу керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mariolan
2021-09-27 11:35:07
Эми эмне дейбиз, аман болгула
0
Marni
2021-09-27 14:07:20
Кыргыз эли силерди түшүнүүгө милдеттүү эмес.
0
Mister-XXX
2021-09-28 02:51:05
Омей,мобу кийимер менен кыргыз элине түшүндүргүчө өзүңөр өлүп каласынар го..
.Конечно,менталитетке туура келбесе 100 жыл болсо да кабыл албайбыз.Ошол жыланачтар жакка барып ырдагыла.
+1
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан