Мукам үндүү ырчы, таланттуу скрипкачы, элибиздин сыймыктуу кызы Нурайым Азыкбаева маектешибиз болду. Ачык-айрым, шаңдуу айым менен ар кыл темада баарлаштык. Чыгармачылыгынан тышкары каарманым ата-энесинин сүйүүсү, кыздарынын таланты, бактылуу көз ирмемдери, кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.
– Нурайым, салам. Жакында керемет үнүңүз менен немис жана түрк актрисасы Мерьем Узерлини ыйлаттыңыз. Ошол учур тууралуу сурагым келип жатат
– Салам. Ооба, ошондой окуя болду. “Даңазалуу доор” сериалынын жылдызы Мерьем Узерли Бишкекке келип, аны сыйлоо кечесинде Назбек экөөбүз комуз менен скрипкада ойноп бердик. Ошондо актриса ордунан туруп кол чапты. Андан кийин уюштуруучулар менден чет тилинде ырдап берүүмдү суранып калышты. Кыргыздар бир эле улуттук аспапта ойноп, өз тилинде гана ырдайт экен дебесин деп, “биз дагы өнүккөнбүз, ар тараптуубуз” деген ойду берейин деп ырдадым. Экинчиден, Узерли өзү адамгерчиликтүү, билимдүү, токтоо айым экен, бир көргөндө эле билинди. Өзүм андай адамдарды жактырам. Ошондуктан жүрөктөн арнап ырдагым келди. Актриса жакшы тосуп алганыбызга дагы толкунданды окшойт. Анын көз жашын сүртүп жатканын көрүп ыр бүткөнчө менин да ыйлагым келди. Ырдап бүткөндө ыраазычылыгын айтты. “Аспапта да ойнойт экенсиз, ырдайт экенсиз, мындай таланттуу адамды көрө элекмин” деди. Ал да таланттуу адам. Бекеринен ошончо элдин оозуна алынган жок. “Даңазалуу доордун” көркүн ачып кеткен ушул актриса деп ойлойм. Ушундай адамдан мындай сөз укканыма кубандым. Бекер эмгектенбептирмин, бекер окубаптырмын дедим.
– Узерлиден мактоо уктуңуз. Өзүңүз да өзүңүздү мактап турасызбы?
– Мен дайыма өзүмө сын көз караш менен карайм. Азыр, мисалы, өзүмдү Инстаграмды жакшы колдонбой жатканым үчүн урушуп жатам. Анткени ушул окуядан кийин деле мага көптөр “сиз ырдайт белеңиз?” деп жазышты. Болбосо көп жылдан бери вокалдан сабак берем. Заман ушундай экен. Баскан-турганыңды, ичип-жегениңди көрсөтүп туруш керек экен, элге кызык тура. Мен болсо “ушул керекпи?” деген көз карашта андайды жасачу эмесмин. Азыр колдонгонду үйрөнүп жатам. Мерьем Узерлинин жазган постуна жооп жазгандан да уялдым. Эл көрдү, болду да, кайталап чыгарганда мактангандай боломбу деп ойлонуп жатып пост жаздым.
– Билгениңизди балдарга үйрөтүп жүрөсүз. Канча шакиртиңиз бар?
– “Сейтек” балдар борборундагы вокалдык-инструменталдык “Эне-Сай” студиясында вокалдан, скрипкадан сабак берем. 60тай шакиртим бар десем болот.
– Кыздарыңыздын чыгармачылыкка шыгы байкалып жатабы?
– Улуу кызым Аруукенин ырга жөндөмү бар, сүрөттү жакшы тартат. Көз карашы, кабыл алуусу башкача, дүйнөнү башкача көргөн кыз. Мен аны менен сүйлөшкөндөн ырахат алам, чоң кишидей сүйлөшөт. “Мен мындай кылыш керек деп ойлойм” деп сүйлөп өз оюн айтат. Кээде өзүмдү кызымдан кичүү сезип кетем. Айбийкем абдан таланттуу. Ага азыр 11 ай болду. 5-6 айынан баштап музыка укканда бийлейт. Ритмди сезе алат. Азыр менин чоң сүйүүм кичинекей кызым болуп жатат. – Буга чейинки маектерде атаңыз тууралуу көп сүйлөшүптүрбүз. Мында апаңыз тууралуу айтып бериңизчи.
– Апам Зейнеп Кудайбергенова илгери бир убактарда атактуу ырчы болгон. Кийин турмушка чыгып, өзүн үй-бүлөсүнө арнаган. Аспаптарда ойноо жактан атабызды тартсак, үнүбүз апамдан өткөн талант.
– Бир кездери атаңыз менен апаңыз эки ажырым жолдо жүрүшүптүр. Ошондо атаңыз балдарынын, өзгөчө сиздин сөзүңүздү угуп апаңыз менен жарашуу чечимин кабыл алган экен...
– Атам экөөбүз абдан жакынбыз. Үй-бүлөдөн менин мүнөзүм, өжөрлүгүм, келбетим дагы атамды тарткан. Байкем, инилерим келбеттүү, алар апамды тартышкан. Ооба, мен атамдын кеңешчисимин. Экөө эки ажырым жолдо жүргөндө атама “биз чоңойдук, силер деле токтолдуңар болуш керек, жарашпайсыздарбы” деп байкем экөөбүз айтканбыз. Андан кийин ата-энелерибиз да ойлонушту окшойт. Кийин кайрадан баш кошуп, жашап жатышат. Жашоодо өйдө-төмөн болот. Мен да башымдан өткөрдүм. Турмуш куруп, эне болгондон кийин көп нерсеге жөнөкөй карап калдым.
Атам менен апамдын ортосунда өзгөчө сүйүү бар. Бул ушунчалык башкача сүйүү, мен көрүп суктанам. Канчалык өйдө-ылдый болсо да баары бир азыр чогуу жашап жатышат. Азыр мамилелери жаш үй-бүлөлөрдүкүнөн да таттуу. Жетелешип жүрүшөт, бири-бирине сөз тийгизишпейт. Апам атамды Куму деп эркелетет. Атам болсо шефуля деп коёт. Ушул учурларды көрүп бактылуумун. Экөө сонун жуп, бири-бирин толуктап турушат.
– Ошол кезде атаңыз менен калдыңыздар да. Апаңызга таарыныч болдубу?
– Анда мен кичинекей кыз болгондуктан көп нерсени түшүнө албаптырмын. Таарыныч болгон. Бирок кийин бир үй-бүлө болуп жашагандан кийин эч кимдин бири-бирине таарынычы болгон жок, бири-бирибизге суроо да берген жокпуз. Баарыбыз чогуу жашаганда бардык суроолорго өзүнөн-өзү эле жооп табылды. Толук үй-бүлө болуп жашап жатканыбыз үчүн жүрөгүмдө жылуулук пайда болуп, бактылуу сезимдер болгон. Азыр апам экөөбүздөн өткөн жакын адам жок. Бир көз караштан бири-бирибизди түшүнөбүз. Апамды аябай жакшы көрөм. Ал ушунчалык таланттуу, сулуу айым.
Кайрадан экөө табышканда мен 9-класста окучумун. Кичине чагыбыз оор өттү. Бирок болгон тагдырыма ыраазымын. Жашоомдогу болгон өйдө-төмөн учурларга ыраазымын. Алардын кийинки жашоомо чоң жардамы тийди. Эч нерсеге чөкпөш керек, кайгырбаш керек, өкүнбөш керек. Өкүнгөндө эмне, ал буйрук. Ошондой болушу керек болчу. Ошондой болгону үчүн биз бири-бирибизди барктайбыз. Анткени апанын жогун, апанын барын билебиз. Азыр апамдын көңүлүн карап турабыз, ал “ушундай сонун балдарым бар” деп сүйүнөт.
– Акыркы суроом болсун. Сиз жашоодо өзүңүзгө канчалык эркиндик бересиз?
– Кичинемден Курмангазы Азыкбаевдин кызы деген ат менен жүрүп, ошого тарбияланганым үчүн жаман нерсе жасоо колумдан келбейт. Өзгөчө үй-бүлөлүү, баланын энеси болгондон кийин ошол жоопкерчиликти ала жүрөсүң. Балдарыңдын алдында апа деген авторитетиң болушу керек. Туура жүрүү, маданияттуу болуу шарт. Биринчи кезекте ата-эне өзүн тарбиялашы кажет. Аларды көрүп бала өсөт. Балдарга жакшы үлгү болгонго аракет кылыш керек.
– Сонун. Бактылуу көз ирмемдер көп болсун. Чыгармачылык ийгиликтер арта берсин.
Перизат Музуратбекова