“Тамаша кыял”, “Кусалык”, “Аясаң боло” деген ырларды созолонто аткарган ырчы Үмүт Уметалиева бүгүн биздин маек төрүбүздө. Аны менен чыгармачылыкка кантип аралашып калганы тууралуу маектештик.
Анкета
Туулган жылы – 1992-жыл, 4-февраль
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Көлдүк айылы
Бою – 159 сантиметр
Салмагы – 57 килограмм
Билими – Ош технологиялык университетинин алдындагы колледждин экономика факультетин бүтүргөн
Репертуарындагы ырлар – “Тамаша кыял”, “Аясаң боло”, “Күтмөкмүн” жана башка
Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын апасы
– Саламатсызбы, Үмүт? Ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз? Ырдап чыгууга эмне түрткү болду?
– Саламатсыздарбы? Ырга кичинекей кезимден бери кызыгам. 4 жашымда эле “өрүк-өрүк дегенде өрүк-өрүк, өрттөнөмүн, күйөмүн сени көрүп” деп ырдап жүрчү экенмин. Үйдөгүлөр “ырдап койчу” десе “акча бергиле, анан ырдап берем” дечүмүн. Мектепте да ырдап жүрдүм. “Кыз-Бурак” тобун абдан жакшы көрчүмүн. Ушулар менен бир күн жашасам деп кыялданар элем. Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабылова эжелер ушунчалык жакчу. Дайыма алардын концертинен калбай барчумун. 2008-жылдары “Кыз-Буракка” барып топко өтүп, бир жарым айдай алар менен жашадым. Үйдө эрке өскөндүктөн Гүлшайыр эженин тартибине чыдабай кайра кетип калгам. Ал жактан кеткенден кийин инимдин досторунан “Беш жылдыз” деген топ түзүп, айылдардагы мектептерге концерт коюп жүрдүк. Апам демөөрчү болуп афишаларды чыгартып, концерт өткөрө турган жерлерди сүйлөшүп берчү. Анан колледжди бүтүп турмушка чыгып кеттим. Кош бойлуу болуп калдым. Ошентип чыгармачылыкка аралаша албай калдым.
– Музыкалык билим алгансызбы же билим алуу оюңуз барбы?
– Музыкалык билимим жок, бирок ыр жан дүйнөмө жакын. Ырдагандан ырахат алам. Талант, аракеттин аркасы менен эле ырдап чыктым. Үчүнчү баламды төрөгөндөн кийин “кой, ыр жаздырып, клип тарттырайын” деп кайрадан аракет кыла баштадым. Кудайга шүгүр, ошондон бери аздан болсо дагы чыгармачылыкка аралашып келе жатам. 2020-жылы кичүү балам төрөлүп, ишим бир аз үзгүлтүккө учурап калды. Азыр балам бир жашта. Эми кайрадан билек түрө киришип, ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып жатам. Музыкалык билим алайын деген деле оюм жок. Ырчылык – бул мен үчүн хобби.
– Шоу-бизнеске аралашкан кандай экен?
– Шоу-бизнесте жүрүү кыйын эле. Жалтырап кийинип экранга чыкса эле “мынча жыргал, кечке эле ырдап жүрө беришет, жыргал ушулардыкы” деп ойлочумун. Сахнада тишиңди жылтыратып күлгөнүң менен, артында чоң каржылык, моралдык кыйынчылыктар бар. Анын үстүнө бул чөйрө үй-бүлөлүү аял киши үчүн да кыйыныраак болот экен.
– Демөөрчүңүз барбы?
– Демөөрчүм жолдошум жана өзүм. 19 жашымда турмушка чыккам. Азыр улуу балам 8 жашта. Жолдошум “эки кыз, эки уул төрөп берсең ырдап чыгасың” деди эле. Анын каалоосун орундаттым. Эми ал мени колдоп жатат. Жолдошум менен Москвадан бир отуруштан таанышканбыз. “Келгенде эле сиздин айылга көңүлүм сүйүп ашыктым...” деген ырды ырдаганыңда сени жактырып калгам” дей берет. Азыр деле дайыма ошол ырды суранып ырдатат. 9 ай кыз-жигит болуп жүрүп, баш кошконбуз. 2018-жылы продюсерликке келишим түзүп, Каниет Жыргалбеков менен иштештим. Ал келишим бүткөн, 3 айдан бери продюсер Лутфилла Бусурманкул уулу менен иштешип баштадык. Буюрса, жакшы, ыр жаздырып, клип тарттырып жатабыз.
– Ырды эмнесине карап тандайсыз?
– Мен ырды обонуна карап тандайм. Обону жүрөгүмө жакса эле ырдай берем. Жүрөгүм шаңдуу эмес, салмактуу ырларга тартат, жүрөгүмдөн өткөрүп ырдайм. Гүлнур Сатылганова, Роза Шакированыкындай бийик тондогу ырлар жагат. “Тамаша кыял” деген ырым шаңдуу. Сөзү Жылдызбек Турсунбаевдики, обону Ильяз Абдыразаковго таандык. Продюсерим ошол ырды ырда дегенде эч эле жактырган эмесмин. Студиядан чыккандан кийин “бул ыр жаккан жок” деп жолдошума ыйлагам. Кийин жакшы көрүлүп, угулуп баштаганда жагып калды. Азыр бир жакка барганда шаңдуураак ушуну ырдайын дейм.
– Чыгармачылык оңой жол эмес, кыйналган учурлар болгонбу?
– Менин ырдаганым эле болбосо калган иштерге жолдошум чуркайт. Керек болсо көйнөгүмдү көтөрбөйм. Жолдошум көтөрүшүп, кийгизишип дайыма жанымда. Жакында “Жүрөгүм” деген ыр жаздырдык, ырдап эле койдум. Башкасына киришкен деле жокмун, калганын Лутфилла байке бүтүрдү. Өтө деле кыйналган жокмун, дайыма колдон-буттан алган колдоочуларым бар.
– Ырчылыктан тышкары эмне иш менен алектенесиз?
– Ош, Жалал-Абад, Бишкекте жеке бизнестерим бар. 80 пайыз жумуш телефондон бүтөт, 20 пайызы үчүн Ош, Жалал-Абадга барып келип турам.
– Ийгиликтерди каалайлы. Сизден жаңы чыгармаларды күтөбүз.
Динара Акимова