"Супердин тандоосу-2010"
Быйыл “Жылдын супер ыры” наамына элге кеңири жайылган беш ыр сунушталган. Алдыда келе жаткан үчтүктү айта кетсек, Мирлан Баековдун “Кызыл өрүк”, Дайыр Исмадияровдун “Кара көзүм", Султан Садыралиев “Сүйүү тамчысы" ырлары. "Быйыл эфирде кайсы ыр көп жаңырды?" деген суроо менен теле-радиолордун жетекчилерине кайрылдык.
Кыргызстандагы биринчи музыкалык канал
"Супер ТВнын" жетекчиси СҮЙҮН ТОКСОБАЕВ:
– Биз элдин СМС-чаттан келген билдирүүлөрүнөн улам кайсы ырга талап бар экенин билип турабыз. Биздин эфирден көп кеткени Ынак Осмоналиевдин “Мумиё дарың жок беле?” деген ыры. Ошондой эле Султан Садыралиевдин “Сүйүү тамчысын” көп жолу тегереттик. Мына ушул ырлар каналдан көп жаңырды деп айта алам.
“Миң кыял FМ” радиосунун башкы редактору
НАЗИРА АСАНКОЖОЕВА:
– Биздин радиодо көп жаңырган ырлардын бири Нурлан Насиптин “Унуталбайм” аттуу ыры болду. Ушул ыр биздин радиого түшөрү менен угармандардан суроо-талап көп түшүп, алардын сүйүктүү ырына айланды. Ал эми Мирлан Баековдун "Кызыл өрүгү" бизде жок. Бирок угушума караганда, ал ыр элге жакшы алынып жаткан экен.
“Тумар” радиосунун музыкалык редактору
ЭЛИЗА КЕНЕНБАЕВА:
– Биздин эфирден акыркы мезгилде суроолор боюнча Омардын “Кош жүрөк” аттуу ыры көп жаңырды. Экинчи кезекте Заринин “Сезим кайгысы” ыры популярдуу болду. Учурда Ильяз Абдыразаковдун “Багыттар” деген ыры аябай хит болуп жатат.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg