КОЙ (21.03-20.04)
Принципке тура бербей, көпчүлүк айткан пикирге көнсөңүз көйгөйдү айланып өтөсүз. Өткөн окуянын залалы канчалык болбосун бирөөлөрдүн алдында басынбаңыз, идеалдуу адам жок экендигин эске алыңыз. Кызматтагылар оңой акча табууга азгырылбашы керек, билинип калып аброюна шек кетет. Кышка камылга көрүп, кем-карчты толуктайсыз.
Үй-бүлө менен жумушту чогуу алып кетүү оор. Жумушуңузга басым жасаңыз, үйдөгү кырдаал акырындап калыпка келет. Каржылык абалыңызды оңдоого күтүүсүз идея келет, аны ишке ашырсаңыз утасыз. Кандайдыр бир салтанатка чакыруу алып, даярдык көрүүңүз ыктымал. Катардагы адамдардын бири жакын санаалашыңызга айланат.
Максаттарды ишке ашыруу үчүн керектүү маалыматтарды топтоп, таасирдүү адамдар менен баарлашууга туура келет. Бирге иштешкендер менен өз ара түшүнүшүү кыйындайт, абалды оорлотпой чыдамкай жана сылык болуңуз. Үйүңүзгө келип-кеткендер көп болот, кымбат баалуу буюм, документтерге сак болуңуз. Дем алышта үйдөн тышкары эс алуу сунушталат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашооңуз тууралуу ойлонууга басым жасап, элден оолактагыңыз келет. Мунуңуз туура эмес. Убактыңызды жакындарыңыз менен баарлашууга, чакырган жерге барууга да бөлүңүз. Ишиңиз тажатма болуп баратса да иштеңиз, башка жумуш караштырчу убак эмес. Досуңуз көйгөйүн айтып, жардам берүүнү суранат. Керектүү буюмду ойдо жок жерден арзан сатып аласыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада түзүлгөн нике бекем болот, ал эми сүйүктүүсүнүн колун сурагандар оң жооп алышат. Кызматкерлер жаңыча идея, ыкмалар менен иштесе гана кызматтан көтөрүлүүгө жол ача алат. Чөнтөгүңүз жукарып же бош калды беле? Даярданыңыз, акчалуу болосуз. Негативге ээ болбоо үчүн чөйрөңүздөгү сизди кыжырданткан адамдар менен арга жок болсо гана байланышыңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Энергия көп болот, аны майда-чүйдө эмес, олуттуу ишти бүтүрүүгө жумшоо зарыл. Жумушта жоопкерчиликтүү болбосоңуз жетекчиликтин каарына каласыз. Жакындарыңыздын бири бир жакка чогуу барып келүүнү сунуштайт. Балдардын көңүлүн ачуучу оюн-зоокторду уюштуруп берүүңүз ыктымал. Туугандар менен байланышып, кубандырып коюңуз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Тренинг, коомдук иш, конференцияларга катышыңыз, ал жактан пайдалуу досторду табасыз. Тобокелге салып, жаңы иштен өзүңүздү сынап көрсөңүз болот, ылайыгы келип турат. Жеке жашооңуз зеригүүгө жеткирбейт, сүйүктүүңүз кыялын көрсөтөт. Теңелбеңиз, туура эмес кылганын өзү түшүнөт. Чогуу иштешкендер менен чакан кече уюштурууңуздар мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Эгер жан дүйнөңүздө бейпилдик болсо иш алдыга жылат. Андыктан алгач жеке жашоодогу маселелерди чечүү сунушталат. Жашоого ыңгайлашып, айрым көз караштарды өзгөртүү керек. Жумушта иштер көп болуп, түнгө чейин кармала баштайсыз. Отуруп иштегендер остеохондроздон кутулуу максатында массажга баруулары кажет.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Азыраак сүйлөп, көбүрөөк угуңуз. Кызмат ордуңуздан көтөрүлүп, кирешеңиз көбөйө баштайт. Бирок аты жүрөгүңүзгө жакын адамыңыз көңүл бурууңуздун аз болуп жатканына даттанат. Чөйрөдөгүлөрдөн колунан келбеген нерсени талап кылуунун кереги жок. Ооруп калбоо үчүн жылуу кийиниңиз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Иште командаңызды чыңдаңыз, анткени алардын колдоосу керек болгон кырдаалдар чыгат. Көңүлүңүзгө төп келбеген достордон, үйдөгү пайдасы аз тийчү буюмдардан кутулуңуз. Жеке жашооңузга келсек, жүрөгүңүздү өйкөп келген маселенин түйүнүн чечесиз. Жакын адамдарыңызга эркиндик жана сизге кам көрүүгө мүмкүндүк бериңиз, ошондо жашооңуз жаңы түскө өтөт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кошумча билим алууну ойлонсоңуз болот. Суу куярлар кайсы куракта болсо да билимди мыкты өздөштүрүүгө жөндөмдүү. Имиджди өзгөртүүгө, ишти алмаштырууга, башка жакка барып иштеп жашоого ылайыктуу апта. Пландарыңызды эч кимге айтпай эле ишке ашыра бериңиз. Үй-бүлөнүн кичүүлөрү көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта кол куушуруп отурууга жеткирбейт. Стандарттуу эмес кырдаал күтөт, туура ойлонуп, чечим кабыл алсаңыз кырдаал сиздин кызыкчылыкка иштейт. Амбицияны ичке ката туруңуз, ал азыр сизге жолтоо гана болот. Жолугушуу, баарлашуулардан жакшы жыйынтык чыгат. Көңүл ачууга, майда-баратка көп акча коротпоо керек. Өнөкөт чарчоонун алдын алып, уйку режимин карманыңыз.