Дамир Кулубаев Кара-Кулжа районунун, Бактыбек Анаркулов Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.
Ысык-Көл облустук мамлекеттик каттоо кызматынын директору пара талап кылууга шектелип кармалды.
Кыргыз жерине Өзбекстандан күздүк буудайдын 1000 тонна үрөнү алынып келингени маалымдалды.
30-сентябрдан тарта өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөрү, жаан-чачын күтүлүүдө.
Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну мыйзамсыз курал-жарак сактап жүрүүгө шектелип жатат.
Бишкектин мектептеринин айрым класстары коронавирус илдетинен улам карантинге жабыла баштады.
Казакстандан Кыргызстанга жарандарды мыйзамсыз өткөрүү жолун уюштурган деп шектелип 2 Кыргыз жараны кармалганы айтылды.
Мейкинбек Абдалиев, депутат: "Матраимовдун системин жок кылабыз деп бүт бизнести Казакстанга тарттырып жибердик".
Расмий маалыматка ылайык, учурда чет жерде 750 миңден ашык Кыргыз мигранты бар деп эсептелет.
29-сентябрда Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүлөт.
Орусия Канттагы аскердик базасын абадан коргонуу каражаттары менен бекемдейт деген маалымат чыкты.
Президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду.
Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев абактан жеке менчик ооруканалардын бирине которулду.
Алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү арызын жазды.
Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов кызматтан кетип, ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Нурадил Баясов дайындалды.
Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин курамына кошулары айтылды.
Чек ара кызматы: Кыргыз-Кытай чек арасы 1-октябрдан 7-октябрга чейин жабылат.
Ош аэропортунда чек ара кызматкерлеринин туруктуу коррупциялык каналы аныкталганын УКМКдан билдиришти.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.