– “Кумтөрдөн" 21 жылда 84 миллион доллар пайда тааптырбыз. Ал эми быйыл июнь жана июль айларында биз 90 миллион доллар таптык. Мына, акчабыз каякта жатат. Кыргыз өлкөсүнүн акчасын талап-тоноп эле жеп жатышат. Биз алардын коррупциялык схемасын алып чыктык. "Кумтөрдө" айына 1 жарым, 2 тоннадан алтын өндүрүп, учак менен алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндө 1 грамм алтын чыккан жок,- деди Ташиев.
27-сентябрда Камчыбек Ташиев “Кумтөр” маселеси боюнча Женевага учуп кетти деп маалымат тарады. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы маалымат бере элек.
29-сентябрда парламент жыйынында депутаттар “Кумтөр” боюнча суроолор көп, бул боюнча Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин отчётун угушу керек деп чыгышты.
Эскерте кетсек, Кумтөр кенин 2021-жылдын май айынан бери Кыргыз тарап өзү иштетип келет. Биротоло улутташтыруу маселеси кабыргасынан коюлуп, аракет аягына чыга элек. “Кумтөрдүн” ишин иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра” компаниясы Кыргызстанга экология жана салыктык айып катары 4,2 миллиард доллар төлөшү керек деп корутунду чыгарган соң канадалык ишкананын жетекчилиги өлкөдөн чыгып кеткен. "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизилген.
Лунара Бекиева