«СУПЕРДИН СУЛУУСУ» – ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

Аптанын айымдары

Алдыда "Супер сулуу-2010" сынагынын финалы болот. Баш байге ээси алыскы Таиландда эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун дагы бир жолу эсиңиздерге салабыз. Ал эми алдыңыздарда “Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүлөрү Бегайым менен Жамиля Египеттеги жагымдуу мүнөттөрдү эске салуу менен ой бөлүшүшөт.

– Жамиля, саякатыңардагы жагымдуу мүнөттөрдү эске салсак...
– Окурмандардын эсинде болсо, биз былтыр "Супер сулуу-2009" сынагынан утуп алып, Египетке сапар алганбыз. Чет өлкөгө биринчи бара жаткандыктанбы, алгач толкундандым. Анан да кыш күндөрүндө аптаптуу жакка туш келип калганыбыз жомоктогудай сезим туудурат экен. Албетте, мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген “Супер-Инфо” гезитине ыраазычылык билдиребиз.
– Бегайым экөөңөрдүн ортоңордо өзгөчө атаандаштык болгону эсибизде. Египетке бирге барганда кандай мамиледе болдуңар?
– Биз бул сынакка чейин эле тааныш болчубуз. Сынакта атаандаш болгонубуз менен, ал нерсе жеке мамилебизге залалын тийгизген жок. Тескерисинче, экөөбүз чогуу эс алганыбыз үчүн аябай көңүлдүү болду.
– Бегимай, эсиңде калган өзгөчө сезим...
– Бардыгы эле эсимде калды. Суусу, сүрдүү пирамидалары, эли... Ал жактын эли укмуштай кичи пейил болушат экен. Анан да мусулман экенибизди билген соң алар бир тууганын көргөндөй сүйүнүштү. Атүгүл айрымдары белек да беришти. Ал эми өкүнгөнүм, биздин элди эч кимисинин билбегени болду. Бири бизди кытай кыздарына окшоштурса, экинчиси казактарга окшоштурушту.
– Алардын жигиттери силерге өзгөчө кызыгышканын уккан элек. Бул кызыгууну эмне менен түшүндүрө аласыңар?

Жамиля:
– Айткандарына караганда, биздин көздөрүбүз алар үчүн экзотика экен. Аларда биздикиндей көздөр көп кездешпейт да. Көбүнүкү өтө чоң, алайган болот. Ошентип, чет эл жигиттерин көздөрүбүз менен тартып алдык.
– Жамиля, "Супер сулуу-2010го" катышкан кыздардын арасынан кимдер жакты?
– 6-номерлүү Айпери деген кыз жылдыздуу экен.
– Бегайым, сагачы?
– Мага 1-номердеги Бурул аттуу кыз жакты. Ошол кыз бул орунга татыктуу деп айта алам. Келбети да, жүзү да жакты.
– Сулуулар сулууларга эмне кеңеш бере алышат?

Жамиля:
– Ар дайым өзүңөргө ишенгиле, алдыга умтулгула демекчимин.

Бегайым:
– Жеңгенди дагы, жеңилүүнү дагы билиш керек дебей, "мен баш байгеге ээ болом" деп катышкыла демекчимин.

Нуржамал Жийдебаева 
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Akjol
2010-11-20 00:48:29
Азаматсынар Кыргызымдын кыздары алгаа!
0
UvE
2010-11-24 17:47:51
Модератор, эмне учун биздин комменттер очурулуп жатат?
0
info
2010-11-24 18:25:08
Эгер комментарийлер жалаң баш тамга менен жазылса, өчүрүлөт.
0
mahabaha
2010-11-26 18:44:22
серьезно а эмне учун
0
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан