ТАЖИКСТАН КЫРГЫЗ БИЙЛИГИНЕН ЧЕК АРАНЫ АЧУУНУ ӨТҮНДҮБҮ?

Тажикстандын Транспорт министрлиги чек араны ачууну өтүнүп Кыргыз бийлигине расмий кат жөнөттү. Бул тууралуу 27-сентябрда аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты. Маалыматка таянсак, Кыргыз тарап катка жооп бере элек.

16-сентябрда Тажикстанда өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында президент Садыр Жапаров чек ара маселеси жаатында сунуш киргизген. Анда Жапаров ЖККУга мүчө мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда ЖККУнун алкагында ыкчам чара көрүү механизмин иштеп чыгуу керектигин айткан. Кыргыз бийлиги буга чейин чек ара талашы чечилмейинче Тажикстанга чек араны ачпай турганын да билдирип келгени маалым.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын быйыл жазында Баткендеги жаңжалдан кийин жапкан. Аталган өлкө менен аба каттамын да токтоткон. Чек ара чырында Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Кыргыздын 36 жараны каза таап, 200дөй жараны жаракат алган.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан