Айрым депутаттар, эксперттер Абдыгуловдой такшалган кадрды иштен кетирүү катачылык деп билдиришти. Буга чейин Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетирүүнүн артында депутат Саматбек Ибраев турат деген маалымат чыккан эле. Парламент жыйынында Ибраев “кеткен кишини жамандабайм, ийгилик каалайм. Улуттук банктын 7 жылдык ишине аудит жүргүзүү зарыл” деп билдирди. Буга жооп кылган Абдыгулов: "Мамлекеттик кызматкердин этикасы бар, мен да сизди жамандаган эмесмин. Эртеңден баштап эркин адам болом, менин да айтчу сөздөрүм бар, мен да айтам”,- деди.
Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келген. 2017-жылы 4 ай биринчи вице-премьер, вице-премьер болуп иштеп, кайра Улуттук банктын жетекчиси болуп дайындалган эле. Башка кызматка которулганын айткан Абдыгулов депутаттардын "кайсы кызматка барасыз?" деген суроосуна "Эл аралык валюта фондуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан кеңешчи болуп барам" деген жооп узатты. Парламент Улуттук банктын төрагасы кылып 52 жаштагы Кубанычбек Бөкөнтаевди бекитти.
Лунара Бекиева