“Кайненем айтмакчы..." Бул рубрикада кайненелер менен келиндер, күйөө балдар сүйлөшөт. Маектештерим ырчы Бек Исраиловдун апасы, акын Гүлмира Рыспаева менен келини Айжаркын Карыбаева болушту. “Бири-бирибизди сагынышып турабыз” дешет кайнене-келин.
– Куш келипсиздер. Алгач экөөңүздөрдүн бири-бириңиздерди тааныган күндөн кеп салсак...
Гүлмира апа: – Арыбаңыздар. Айжаркын биздин экинчи келинибиз. Бека Айка менен таанышкан күндөн эле ушундай кыз бар экенин билчүмүн. Бек айтып, сүрөттөрүн көрсөткөн. Сүйлөшкөндөрүнө 2 же 3 жыл болуп калганда тааныштырды.
– Ошол жолугушууну эстеп көрөлүчү анда.
Гүлмира апа: – Бек “баланча жерге барыңыз. Мен Айкага айтып коём” деген. Экөөбүз жолугуп 1 сааттай сүйлөшүп, тамак ичип отурдук. Мага жакты.
Айжаркын: – Бек ошондо Канат Култаев менен иштешип жүргөн. Канат байке “жакшылап иште, кызды коё тур” десе керек да. Биз болбой эле досторубуз менен жолугуп сейилдеп кетчүбүз. Канат байке аны байкап калат. Экөөбүз ошондон уруша баштадык. Мен да жашмын да, түшүнбөйм. Ошондо апасына “түшүндүрүп коюңузчу” деп айткан окшойт.
Гүлмира апа: – Култаев мага деле “эже, айтыңыз, кыз менен сүйлөшпөсүн. Биринчи орунга чыгармачылыкты коюш керек” деп айтчу. Жолугушууда “Бека ырчы. Ал гастролдоп кетет, ырчыга аял болуш кыйын” десем, Айка “жок, антпейм, минтпейм” деп калды. Анан бири-бирин жакшы көрүшөт экен дедим.
Айжаркын: – Ошентип таанышканбыз. Болочок кайненем жөнөкөй, сонун адам экен деп калгам. Кийин көп көрүшүп калдык.
Гүлмира апа: – Ооба, көп аралашып калдык. Чыгармачылыкта иш-чаралар болсо сөзсүз келип жардам берчү. Бир ирет чыгармачылык кече өткөргөнүмдө ырларымды аткарган артисттерди Айкага дайындап койгом. Айка тыпылдатып тосуп алып, берчүсүн берип узатып койгон. Анда булар баш кошо элек болчу.
– Бек маектеринде деле “жүрөгүм бош” деп жүрдү да...
Айжаркын: – Ооба. Ошол үчүн дагы урушчубуз. Азыр эстесем күлкүм келет. Үйдөгүлөр да сүйлөшөрүбүздү билешет да. Маектерин чогуу көрүп калсак эле алар “апей, мунуң сүйлөшкөн кызым жок деп жатпайбы” деп калышчу. Мен болсо кыпкызыл болуп эле отуруп калам. Анан “эмнеге антип айттың?” деп жаза баштайм. Мен деле кызыкмын (күлүп).
– Эки жаш канча жыл сүйлөшүп баш кошушту?
Гүлмира апа: – Экөө 5 жыл сүйлөшүштү. Бека чынында Айка үчүн көп нерседен баш тартты. Көп жакка чакыруулар болду. Айкага карап чет жакка кете алган жок. Айканын бул жакта окуусу бар болчу.
– Баш кошкондон кийин чогуу жашадыңыздарбы?
Гүлмира апа: – 15 жыл улуу уул-келиним менен чогуу жашадык. Бека үйлөнгөндө 2 жылча баарыбыз чогуу бир үйдө жашадык. Келинди ала коюп дароо бөлгөндү туура көрбөйм. Өзүбүзгө, үй-бүлөлүк мыйзамдарга көндүрүп, таалим-тарбия берип, анан бөлүш керек деп ойлойм. – Айжаркын кандай келин болду?
Гүлмира апа: – Айка жоопкерчиликтүү, өз ордун билет. Дайым айтам, Айка тарбиялуу кыз. Ата-энеси өсүп-өнгөн, абройлуу, нускалуу, салтты кармай билген жакшы адамдар. Чоң атасын, чоң апасын көргөм. Азыр да тартынбай айтам, бул үй-бүлөдө баары тарбиялуу, нускалуу. Айкага көп нерсени түшүндүрүүнүн зарылчылыгы жок болчу, баарын өзү билет.
– Деген менен башка үй-бүлөгө барды да, кызыктуу окуялар болсо керек...
Гүлмира апа: – Келин алгандан кийин кудалар менен жолугуп калдык. Ошондо “Айка камыр жайып жатат, челпек, манты жасап жатат” десек, куда “Айка камыр жайганды билет бекен?” деп коёт.
Айжаркын: – Кыйын болуп жатсам уят кылып жатпайбы. Билбейм дебей эле, баарын билчүдөй жасай берчүмүн да. Жаңы барганда апам ичеги-карын тазалап жатып, “кел, үйрөтөйүн” деп жанына отургузуп алды, жардам бердим. Ошол түнү түшүмө оролгон жыландар кирип жаман болгом. Биринчи жолу кармап көрдүм да. Ага чейин ал жумуштан каччумун. Азыр бир аз болсо да үйрөнүп калдым. Негизи мага келин болуп барганда кыйын болгон жок. Эч ким “кыл, сен билишиң керек” деген жок. Билбесем үйрөтүп коюшчу. Үйдөн “эрте тур” деп урушат го, бул жактан тескерисинче “уктай бер” дешет. Мага көп нерсе кызык болду. Үйдө ширени кармап алып тост айтмай салтыбыз бар.
Гүлмира апа: – Үйдө арак ичилбейт. Туулган күн же майрамдарда дасторконго шире коёбуз. Абышкам “балдарым, тост айталы” деп кичинекейлерге чейин тост айттыра берет.
Айжаркын: – Мектептен бирөө “5” алып келсе деле тост айттыра берет. Ошол кызык болду, туура көрдүм. Анткени арак кармап алып ден соолук тилегендерди түшүнчү эмесмин. Үй-бүлө менен отуруп, шире кармап бири-бириңе жүрөгүңдөн чыккан сөздөрдү айтсаң Кудай да жакшы кабыл алса керек.
Азыр ата-энебиз менен жашаган күндөрдү сагынам. Дем алыш күндөрү Бек уктап жатканда атам, апам болуп чай иччүбүз. Атам менен апам Бектин кичинекей кезиндеги кылыктарын айтып, туурап беришчү. Мен болсо “телефонумду кубаттагычка коюп келе калайынчы” деп бөлмөбүзгө кирип, Бекти эркелетип келчүмүн (күлүп). Ошол кездерди сагынам.
– Бек чарбачылбы, үйдө жумуш кылабы?
Гүлмира апа: – Беканы оокат кылдырып көндүргөн эмеспиз. Эрке бала болду. Кийин чыгармачылыкка аралашып кетти.
Айжаркын: – Күлкүм келет, короодо бир нерсе чачылып жатса, чалынып кетсе да алып коёюн дебейт, ары тээп коюп басып кетет.
Гүлмира апа: – Ошондуктан шарты бар үйгө бөлдүк да. Балдарыма да “Бека көнгөн эмес, ал даяр жерде жашасын. Айка менен Бекага атаандашпагыла, силердики башкача” деп айтам.
Айжаркын: – Бека окуса урушат го экөөбүздү (күлүп). Мен айта берем да, “сага керек да. Мен деле кир жууганды билбейм дебейм да. Кызыкпайсыңбы” деп. “Убактым жок да” деп жинденип кетет.
Гүлмира апа: – Чындыгында, убактысы болгон жок. Андайга бала кезден көнүшү керек да.
– Айжаркын, сиз кайненем кандай болсун деп тиленчү элеңиз?
Айжаркын: – Кайненем жөнүндө ойлончу эмес экенмин. Күйөөм жөнүндө эле ойлой берчү окшойм (күлүп). Жакшы үй-бүлөгө туш келгениме Кудайыма ыраазымын. Апам кайненедей эмес, апамдай. Азыр сагынышып турабыз. Чай ичип сүйлөшүп отургубуз келет. Бек жокто “бошсузбу?” деп чалам. Анан жолугуп чай ичебиз.
Гүлмира апа: – Келиндер менен сырдашканды жакшы көрөм, “тиги кеттиби, өзүбүз сүйлөшүп алалы, ээ?” деп турам.
– Бири-бириңиздерге белек бересиздерби?
Гүлмира апа: – Кийинки күндөрү өзүмө эч нерсе сатып албай калдым. Баарын келиндерим алып келет.
Айжаркын: – Апам "өзүңө жакканды алып ал" деп акчасын берет.
– Биригип алып Бекти урушкан учур болгонбу?
Айжаркын: – Бек жаңы үйлөнгөндө үйгө эрте келүүгө көнө алган жок. Достору менен жүрө берчү. Ыйлап да, урушуп да айтып көрдүк. Мен тамак жасап алып күтөм. Келет, экөөбүз сүйлөшүп отуруп чай ичебиз деп элестетип алам, ал жок. Анан урушабыз. Атабыз, баарыбыз чогуу урушкан күндөр болду. Кийин анан барган жерине мен да ээрчип алчу болдум. Атам менен апам “ай, тиги кетти, сен да бар” деп жөнөтүшчү. Чогуу барсак эрте келчүбүз. Ошол эле болду окшойт.
– Жакшы. Акырында Гүлмира апага эркин микрофон берели...
Гүлмира апа: – Балдарым эл көзүндө. Ушуларга жаман сөз айтылып калбаса экен дейм, корком ошондон. Балама да “жакшынакай жүрө көр, жаман сөздү ээрчите көрбө” деп көп айтам. Балдарым менен сыймыктанам. Балдарың менен сыймыктанганга эмне жетсин? Булар бар жерде дүйнөм жарык. Курбалдаштарга, жаштарга колдон келишинче кайнене менен келиндин ортосундагы жакындыкты, жылуу мамилени сакташ керек деп айткым келет.
– Жылуу мамилеңиздер өчпөсүн. Маегиңиздерге рахмат.
Перизат Музуратбекова