Жаңы тарифке ылайык, кичи автобустарда жол кире 15 сом, автобус жана троллейбустарда 11 сом болот. Шаардык кеңештин айрым депутаттары жол кире кымбаттаса, анда маршруттук унаалардын техникалык абалы, андагы шарттар жакшырышы керектигин айтышты. “Азыркыдай салонго 40 адамды тыгып алган болбойт” дешти алар.
Буга чейин коомдук унаалардын айдоочулары жол кирени кымбаттатуу талабы менен бир нече жолу иш ташташкан.
Жарандык коомдун пикири эки түрдүү. Жол кирени көтөрүүнү колдогондор да, каршылар дагы бар. Көпчүлүк жарандар мектеп окуучулары үчүн жол акысын 8 сом, 10 сом бойдон калтыруу керек деп коңгуроо кагып жаткан маал.
Лунара Бекиева