Гүлнара Кахарова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЫР ЖҮРӨККӨ ЖАГЫП, КАНЫҢ МЕНЕН АЙЛАНЫШ КЕРЕК»

– Саламатсызбы, наам кут болсун!

– Саламатсыздар, рахмат! Ушуга чейин наамга маани бербептирмин. “Документимди көтөрүп барсам мага бербей коюшту” деп айтсам туура эмес болуп калат. Документти биринчи жолу тапшырдым, алдым. Кызыкпаганым ушунчалык, документти кайда алып барып беришим керек экенин деле билбейт экенмин.

– Атаңыз аябай кубанганын айтып калдыңыз...

– Атам мага караганда наам кандай учурда берилет, кимдер алды, кимдин ыры хит болду, баарын билет экен. Намаз окуп дуба кылган сайын “менин кызым деле “элге берген куруттан мени неге куруткан?” болбой, наам алып калса экен” деп бата кылчу. Мен “ата, мага наам эмес, бакыт сураңыз. “Бактылуу болсун кызым” дей бериңиз, ошонун ичинде баары бар” дечү элем. Наам алганыма атам өтө сүйүндү.

– Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деп чакырса кандай сезимдер болот экен?

– Байкашымча, концерт деле көп берилбей калды. Концерттин чыгымы көп болуп үйүн күрөөгө коюп насыя алып, аны төлөй албай чет өлкөдө жүргөн ырчылар да жок эмес. Демөөрчү таап концерт бербесең чыгымын жабыш кыйын. Чындыкты айтыш керек да, азыр маданий борбор тойлор болуп калды. Башында атыма наамымды кошуп айтса уялып “антип айтпачы” деп жаткам. Элдин баарына эле антип айта албайт экенсиң, акырындап көндүм.

– Сөз баккан сапатыңыз бар, балага бул нерсе ата-энесинен өтөт болуш керек...

– Ооба, ыраматылык апам окубаган китеп калган эмес. Айылдын китептерин бүт окуп койгон, райондун китепканасынан алып келип берчүмүн. Китептин дүйнөсүндө жашаган адам эле. Мен дагы апамдын китептерин алып окуй берчүмүн. Атам дагы сөзгө укмуш маани берген адам. Сөздү талдап, жиликтеген адам.

– Күлүп-жайнап турасыз, сыры эмнеде?

– Жайнап жүргөнгө эмне жетсин, ар бир адамда түйшүк болот. Жүрөгүңө жакын алып наалып отурбай, ошону башка нукка салганга аракет кылыш керек. Менин ага аракетим күч. Стресс болобу, башка болобу, батыраак ошондон өтүп кеткенге аракет кылам. Жашоомдо жаңы нерселерди жаратканга аракет кылам, жаңы адамдар менен баарлашам. Болбосо бизде стресс өтө көп, жер менен жер кылып коёюн дегендер да бар, анын баарына “ии” деп отура бермек белек? Өзүбүздү көтөргөндү билишибиз керек. Таарынып, урунуп-берине бербегенге аракет кылам, жүрөгүмө андай жүктү көтөрткүм келбейт. Кийинки күндөрү өзүмдөн кетпесе деле кечирим сурап калдым. Сөз менен айта албасам барып кучактап коём, айтор, жылуулугумду бергенге аракет кылам. Өзүмө да, бирөөгө да таарыныч деген жүктү арткым келбейт.

– Сиздей аял менен жездебиз да уруша албаса керек...

– Өтө чоң сезимдердин аркасында табышып, баш кошуп жашап келе жатабыз. Таза эле “биз такыр урушпайбыз, карегибиз менен тең айланып турабыз” деп айткандан алысмын. Бүгүн урушуп калсаң, ал эртеңки бакыттын пайдубалы болушу мүмкүн. Талаштан тактык жаралат дешет го, менимче, талаштан бакыт да жаралат. Болгону туура талдаш керек. Кээде талашып-тартышып турабыз (күлүп).

– Сүйүүнү чектөө керекпи?

– Эки адамдын ортосундагы махабатты чектебесе болот. Бирок башкалардан чектеш керек. Акыл менен чек коюп турбаса эртең башканы, бүрсүгүнү башканы сүйүп кете бербейби.

– Ыр тандоодо эмнеге көңүл бурасыз?

– Ырдап чыккан ар бир ырымды сүйүп, ошону менен жашап ырдайм. Чынын айтсам, авторлор мага көп кайрылышат. Кээде ырлардын сөздөрү жакпай калат, же обону үнүмө туура келбей калат, же жүрөгүмө жетпей калат. Дагы бир сапатым бар, “жок, ырдай албайм” деп айта албайм. Кийинки күндөрү “эгерде мен жооп жазбасам, демек, ыр жакпай калыптыр деп түшүнүңүздөр” деп алдын ала айтып калдым. Ыр жүрөккө жагып, каның менен айланыш керек.

– Жан дүйнөңүздө болгон нерсени болгондой төгүп айта ала турган адамыңыз барбы?

– Мына ушул сурооң ойлондурат экен (ойлонуп). Мурун бар болчу... Жок, азыр деле бар. Мурун адамдардын баарына ишенчүмүн, бара-бара колдонулуп калганымды сезип, аралык сакташ керек экен деп калдым.

– Азыркы ырчыларды сын көз менен караган сиздин муундун ырчыларын көп көрдүм. Сиз алардан айырмаланып мактап салыңызчы...

– Мактайм эле. Бирок биздин муундагы ырчылар менен абдан сыймыктанам. Эмнеге? Анткени биздин убакта жөндөн-жөн келип эч ким ырдачу эмес. Окуп-чокуп, анан өзүбүзгө ишенсек ырчы болчубуз. Дагы бир себеп – биздин жаштыгыбыз 90-жылдарга туш келди. Бардыгы талкаланып жаткан учур. Театры, башкасы баары гастролду токтоткон учурда биз, эстрада ырчылары, эч нерсеге карабай элди кыдырып концерт койчубуз. Ал кезде мейманкана, супермаркет деген жок, курсак ач. Наныбызды ороп алып, автобустарда уктап гастролдорго чыкчубуз. Ошондо бирибизге да “үй алалы” деген ой келбептир. “10 ыр жаздырышым керек, 5-6 форма тиктириш керек, бир УАЗ алайын, жакшы микрофон алып алайын, топ ачайын” дечүбүз. Эчен кыйынчылыкка туруштук берген үчүн азыр мурунку ырчыларды тегирменге салып ийсең бүтүн чыгат (күлүп). Эми-и бул бешене, азыркы ырчылардын маңдайына Кудай биздикинен жакшы убакты жазып коюптур. Бизге окшоп кыдырбай-этпей, жакшы аранжировканы жаздырып, жакшы форма тиктирип, жарк деп чыгып койсо бүттү, жылдыз! Бизде үнү укмуш, таланттуу жаштар өтө көп. Бирок алар 30 пайызды түзсө, жөн эле жалтырак көйнөк кийип, ырчы болгусу келип сахнага чыгып алгандар 70 пайыз десек болот. Эми аны заман өзү иргеп түздөп алат.

– 7 балалуу энесиз, балдарыңыздан жолуңузду жолдой тургандар барбы?

– Балдарым аябай таланттуу, көркөм деп айтсам болот. “Ырдап чыкса кандай сонун болмок” деп ичимден ойлонуп калам. Бирок биздин атабыз каршы, “биздин үйгө бир эле ырчы жетет” деп койгон. Ошол менен токтогонбуз, анткени ал кишинин айтканы мыйзам.

– Сонун маанай тартууладыңыз, маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Гүлнара Кахарова: “Сыйлыгыма атам өзгөчө кубанды”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursul
2021-10-04 20:21:08
Ушул эже эми алып жатабы наамды, кийинки чыккан жаштар алып алыштыго.
+2
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан