Жакында белгилүү орусиялык сайттардын биринде боксту өнөр кылган жылдыздардын чач жасалгаларынын хит-парады жарыяланды. Чынында, өзгөчө чач жасалгаларды карап отуруп таң каласың. Атактуу мушкерлер рингдеги аракеттерине караганда сулуулук салонуна баруу үчүн көп убакыт коротушат сыяктанат.
РОЙ ЖОНС
Көпчүлүктү таң калтыруудан тажабаган шоумен жана мушкер Рой Жонс бир беттешинин алдында атаандашын коркутуу үчүнбү же өзүнө көңүл бурдуруу үчүнбү, капитан Крюктун образын жаратып келген эле. Бирок ал өзү кийме чачы менен кадимки Д`Артаньянга окшоп калганын байкабаса керек.
КОСТЯ ЦЗЮ
Костя Цзюнун атактуу чач жасалгасын кимдер билбейт. Арабызда аны кумир тутуп, чачын өрүп жүргөн мырзалар канча. А бирок чач өрүү көбүнчө кыздарга таандык эмеспи. Тыкан, жыйнактуу жүрүүнүн амалы болсо керек. Ал эми Костя чач жасалгасын өзүн башкалардан айырмалап туруучу «фишка» катары эсептеп жүрөт окшобойбу. Же анысында чемпиондукка жетүүчү кандайдыр бир сыр бардыр...
СИМПФИВЕ НОНГКЬЯИ
Сүрөттөгү чач жасалга “Обу жок жол чырак” деп аталат. Кадимки шахмат оюнунун тактасын элестеткен бул чач жасалгадагы түстөр көбүнчө африка тоту куштарында кездешет. Мындай чач жасалгасы менен Симпфиве эмнени айткысы келгендиги түшүнүксүз. Анын сырын билиш үчүн шахматтагыдай баш катырууга туура келет го...
ШЕННОН БРИГГС
Чач жасалгалардын өнүгүүсү адамзат тарыхынын өнүгүүсү менен тыгыз байланышта келгени анык. Шеннондун чач жасалгасын карап отуруп мындай ойдун чын экенине дагы бир жолу ынанасың. Бул чач жасалганы чач адиси ананасты тамшанып жеп отуруп ойлоп тапкандай.
ДОН КИНГ
Дүйнөдө Дон Кинг промоутерлик кылбаган атактуу мушкерлерди табуу кыйын. Дон Кингди эч кимге окшобогон адам дешет. Бирок чач жасалга жагынан антип айта албайсың...
ФЛОЙД МЕЙВЕЗЕР (Улуусу)
Адатта, бир чач жасалга жасатууда айрымдар экрандан көргөн каарманына окшошкусу келет. Бул жагынан алып караганда Мейвезерлердин улуусу аша чаап кеткен эмеспи? Анын образы Арнольд Шварценеггер жеңген кадимки “Жырткыч” тасмасындагы жырткычка окшоп калгандай көрүнгөн жокпу сизге?
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg