Шайлообек Атазов, Жогорку Кеңештин депутаты: “ЧИНОВНИКТЕРГЕ КЭЭДЕ МАДАНИЯТТУУ МАМИЛЕ ЖАРАШПАЙТ”

Башкысы – балык депутат эмес. Чиновниктерди сөөгүнө жеткире сындайт, дипломатиянын рамкасы бул мырза үчүн эмес. Парламентте мүнөзү, саясий көз карашы менен айырмаланып турган депутат Шайлообек Атазов биздин маек төрүбүздө.

– Саламатсызбы, Шайлообек мырза? Спортто ийгилик жараткан мушкерсиз. Бала кезде спорттон башка тармак сизди өзүнө кызыктыра албадыбы?

– 1-класстан тарта айылда таятамдын колунда чоңойдум. Таятам жылкысы, мал-жандыгы көп айылдын бардар кишиси эле. Мен ошол үйүр жылкыларды кайтарып, ат минип, тоого чыгып, айылдын таза абасын жутуп чыйрак, күчтүү болуп өстүм. Ал кезде Жан-Клод Ван Даммдын, Брюс Линин кинолорун көп көрөр элек. Аларды кумир тутуп, чоңойгондо Ван Дамм болом, Брюс Ли болом деп кыялданчумун. Бир күнү биздин айылга шаардан машыктыруучулар келип, балдарды машыктыра башташты. Спортко кызыгуум ошондо ойгонду. Машыгып жүрүп райондук, облустук, республикалык мелдештерди жеңип баштадым. Спорттун артынан Азиялык, Дүйнөлүк беттештерди утуп атым таанылды. Кичинемде прокурор, сот болгум келчү, бирок ал кыялым орундалган жок.

– Саясатка кантип келип калдыңыз?

– Студент кезде Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов өңдүү саясатчылар жолугушууларды өткөрүп турушчу. Андай жолугушууларга активдүү катышчумун. Саясатка кызыгуум ошондо ойгонду окшойт. Бир жылдары облустук жаштар комитетин жетектеп жүрдүм. 1997-жылы Ош шаардык кеңешине бир мандаттуу округдан депутат болуп шайландым, 2012-жылы партиялык тизме менен шаардык кеңешке депутат болуп келдим. Бул арада экономикалык, чарбалык, транспорттук мамлекеттик мекемелерди жетектеп иштедим. Мени “саясатка кокустан келип калган” дегендер жаңылышат. Саясатта 1997-жылдан бери жүрөм. Спортто чемпион болуп, дүйнөнү 10 жолу багындырсаң деле саясаттын табияты башка. Саясаттын сырын, анда чабак урууну билбесең бат эле чөгүп кетесиң.

– Парламент сизге кандай таасир калтырды? Жогорку Кеңештеги кайсы көрүнүш сиз үчүн жаңылык болду?

– Жогорку Кеңешке биринчи жолу киргенимде мектепке 1-класска барган окуучудай эле сүрдөдүм. Аты-жөнүмдү атап, ант берүү үчүн трибунага чакырганда моюнума элдин оор аманаты илингенин, “балык” болуп отурууга акым жок экенин сездим. Парламентте мени таң калтырганы – депутаттардын каалаганда жумушка келип, каалаганда кете берери болду. Эртең менен саат 8:00дө келип, кечинде 18:00дө кетебиз го деп ойлочумун, көрсө, андай эмес экен. Бул маселени трибунадан да көтөрүп, “эмне үчүн элдин атынан мандат алып келип, толук кандуу иштебей жатасыңар?” деп өздөрүнө да айттым.

– Кайсы бир мыйзам долбоорун колдоо же четке кагуу үчүн добуш соодалашкан фактыларга күбө болгон жоксузбу?

– 30дан ашык мыйзам долбооруна ачык эле каршы чыгып келем. Соодалашат деп укчу элем, күбө болгон жокмун. “Буга айтканыбыз менен макул болбойт” деп мага соодалашууну сунушташпайт болуш керек.

– Парламент жыйындарындагы эмоцияңыздан улам сизди айрымдар орой деп сындап келишет. Бул сиздин табиятпы же чиновниктерди атайын кагып-силкип сүйлөйсүзбү?

– Биринчиден, табиятым ушундай. Экинчиден, чиновниктер менин орой суроо бергениме жана орой мамиле кылганыма татыктуу даярданып келишет. Чиновниктерге кээде маданиятту мамиле жарашпайт. Жөнөкөй эле нерсени сурасаң “тактап көрөйүн, азыр даяр эмес элем” дешет. “Даярдыгы жок парламентке эмнеге келди?” деп ачууң келет да. Оройлугум айрымдарга катуу тиет, бирок жыйынтыгы болуп жатат. Мисалы, менин катуу сынымдан кийин Төө-Ашуунун талкаланган жолу кыска убакытта оңдолуп бүткөнү калды.

– Бул мүнөз, балким, спорттук духтун таасири. Саясатта ийкемдүү, дипломат болуш керек дегенге кошулбайсызбы?

– Балким, спорттук духтун таасиридир, анткени спортто назик, муңайым болсоң жеңилесиң. Чиновниктерге жасаган катаал мамилем элдин көйгөйү чечилип калса дегеним эле. “Ушуну кылып коёсузбу?” деп маданияттуу айтсаң, басып кетишет, качан кылары белгисиз. “Качан кыласыз, канча убакытта?” деп такап сураганда гана кыймылдап башташат. Жогорку Кеңеш мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган, жумшак айтабызбы, катуубу, кыскасы, ишти жасатышыбыз керек. Министрликтердеги мыйзамсыз иштерди “эй, токтот!” деп айтып турушубуз керек. Аны айрым депутаттар айта албайт, анткени кайниси Саламаттыкты сактоо министрлигинде, жездеси Транспорт министрлигинде, эжеси Билим берүү министрлигинде иштейт, бири-бири менен чырмалып калышкан. Мен айта алам.

– Депутат болгондон бери рингде мушташа элек болсоңуз керек? Эгер депутаттар арасында мелдеш өтүп, сизге атаандаш тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсы депутатты рингге чакырат элеңиз?

– Рингдеги беттештерди сагынам. Учурда машыктыруучумун дагы, жумуштан кийин балдарды машыктырам. Эгер ардагерлер арасында мелдеш болсо, кайсы депутат болбосун рингге чыгууга даярмын. Бирок алар рингге чыгышпайт. Парламентке көбүнчө курулуш компаниясы, цемент заводу барлар, көмүр, отун, бензинпуруштар чогулган. Маселени чемодан толо долларлар менен чечишет. Алар мага окшош мээлейинен бөлөк эч нерсеси жокторду жактыра беришпейт. Миллиондогон гранттарды жеп, көз көрүнө элге каршы мыйзамдарды сунуштап, 4 пайыздан берчү ипотекалык насыяны 9 пайыз кылып бекитип бергиле деген министр, депутаттарды көрдүм.

– Парламенттик шайлоого кайсы партия менен аттанып жатасыз?

– Партия менен эмес, бир мандаттуу округдан аттанып жатам. Ош шаарындагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунан катышам. Бул чечимимди биринчи жолу сиздердин гезитке айтып жатам, тааныштарым, партиялаштарым укса таң калышса керек.

– Кыргызстандан Кытайга 17 фура алтын концентраты чыгарылып кетти деген окуя талкууда...

– Ошол 17 фура алтынды чыгарып жиберген адам токтоосуз түрдө кызматтан кетиш керек. “Фуралардын чыгып кеткенин билбей калыптырмын” деген жетекчинин иштегенге моралдык укугу жок. Өткөрүп жибергендерге кылмыш иши козголсун. Бул – кыргыз элинин байлыгы. Мына, Матраимов 2017-жылы бажыдан кеткен, булар 4 жылдан бери 4 тыйын казынага ашыкча киреше түшүрүшө элек. Убагында Матраимовду андай эле, мындай эле деп жамандап жатып кетиришкен. Азыр өздөрү эмнени кыйратышты?

– Патриот деген ким? Өзүңүздү патриотмун деп эсептейсизби?

– Мен сизге саясатта патриоттор кандай болушу керектигин айтайынчы. Кээде өлкөнүн эгемендигине доо кетирчү, мамлекетти сатып жиберүүгө тете мыйзам долбоорлору сунушталат. Ошого каршы чыгып, анын авторлорун “чыккынчы” деп бетке айта алган саясатчы патриот. Убагында Атамбаевди алкап, Жээнбековду мактап, президент болордо кол чаап тосуп алып, кеткенде да кол чаап карап тургандар азыр саясатта жүрүшөт. Парламентке өтүшү мүмкүн деген 5-6 партия бар, баягылар ошол партиялардын ичине кирип алганы турушат. Мен аларга кошулбай, бир мандаттуу округдан талапкер болгону жатам.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан