Өткөн санда 19-сентябрда Кемин районуна караштуу Орловка шаарында 23 жаштагы Медина Нурлан кызы асынып каза болгону тууралуу жазган элек. “Сиңдибиз 4 жаштагы баласынын көзүнчө асынып алмак эмес. Киши колдуу каза болушу мүмкүн. Күйөө бала кол көтөрүп жүрчү” деп туугандары маркумдун сөөгүн экинчи жолу соттук-медициналык экспертизага беришкен. Кызынан айрылып, сыздаган эне өз чындыгын айтып берди.
“КУРСАКТАГЫ БАЛА УУЛУМДУКУ ЭМЕС ДЕПТИР”
– Кызым менен күйөө балам кайнатасы тирүү кезинде жакшы жашашчу. Кайнатасы каза болгондон кийин кайненеси тарабынан басым боло баштаган. 2017-жылы боюнда болгондо кызым кайненеси менен уруша кетиптир. Кудагый уулуна “аялың таң атканда кетип, кечинде келди, бала сеники эмес” деп жалаа жааптыр. Ошондо Алишер кызымды уруптур. Медина ызаланып мага телефон чалды. Окуянын чоо-жайын билиш үчүн үйүнө бардым. Алып кетейин деген оюм жок болчу. Кызым “боюмда болуп келсем бир жөн, кечирээк боюма бүткөнүн билишет” деп ыйлады. Кайненеси келип ар кайсыны сүйлөп баштаганда кызыма “жыйнал” деп көчүрүп кеттик. Мени менен жашап жүрдү. 2 айдан кийин күйөө бала “Мединаны алып кетем” деп келди. “Бербейм, сага ур-тепкиге ал деп берген эмесмин” дедим. Бирок кызым элдешем деп туруп алды. Күйөө бала келип жууркан-төшөгүн алып кеткен. Башында батирде кайнежеси менен жашап калышты. Андан кийин Орловкага кайненесинин үйүнө көчүп кетишти. Кайненеси айткандай, өзүм көчүрүп барган эмесмин.
“БАЛА ЭМИЗИП ОТУРГАНЫНА КАРАБАЙ ЧАЧЫНАН СҮЙРӨПТҮР”
– Кудагый “төрөтү жакындап калды. Үй муздак. Эмне кылабыз?” деп чалды. “Мен өзүм тыңытып берем, келишсин” дедим. Күйөө балам болуп анын биринчи никесиндеги уулун ээрчитип келишкен. 30-ноябрда төрөдү. Көз жарганда кайненеси басып келген жок. Кызымды тыңыткандан кийин жеткирип баргам. Март айында Түркияга иштеп келгени камынып калдым. 2 кызымды алып Мединаныкына бардым. Жакшынакай конок болдук. Ошондо кудагыйга “мени менен иштеп келбейсизби? Балдар өз оокатын кыла беришет” дедим. Ал көнбөй койду. Түркияга кеттим. Кичүү кызыма “Мединаныкына барып кел” дегем. Кудагыйдын колунда неберелери бар. Алардын бири “жеңем бизге тамак бербей кууп салды” десе, “сен менин үйүмө ээлик кылып, тартып алганы жатасың” деп чыр чыгарган экен. Бала эмизип отурганына карабай чачтан алып сүйрөптүр. Кызым ажырата албай калганда мага чалды. Айтпаган сөздөрдү айтып тилдеп жатты. Алыстан жетип барганга кудуретим гана жеткен жок (ыйлап). Кичүү кызыма “унаа жалдап алып кет, баласы менен бөөдө өлтүрүп салат” дедим. Күйөө бала кирип келсе кудагый “сиңдиси экөө сабады” дептир. Медина кыздарымдын ичинен мүнөзү жумшак болчу. Көп сүйлөбөгөн, бир мүнөз эле. Катуу айтып салышы мүмкүн, бирок кайненесин сабады дегенге кошулбайм. Кызым кайра ажырашты. Мен Түркиядан келип, Мединаны Москвага алып кеттим. Медина кайра Бишкекке келди. Ошондо Алишер баланы көрүп турчу экен. Кызым бизге “мени түшүнбөйсүңөр” деп таарынганы чын. “Бала атасын сурап жатса жолуктурам да” дечү. Экөө 3 жыл чогуу жашашкан жок. Ушул жылдын август айында кызым каршы болгонума карабай күйөө бала менен элдешем деп көгөрүп туруп алды. 17-августта күйөөсү уруп салганда сиңдисине Бишкекке барыптыр. Кан кетип ооруканага барса, 2 жумалык түйүлдүк боюнан түшүп калган экен. Алишер мага телефон чалып “экинчи колум тийбейт. Эркекче сөз берем” деп жалдырап алып кетти.
“АЛИШЕР КЫЗГАНЫП АКЧА БЕРБЕЙ ЖАТАТ ДЕДИ”
– Каргашалуу 19-сентябрь күнү кызым менен видео байланыш аркылуу сүйлөшкөнбүз. “Апа, 1000 рубль берип турасызбы? Тиш доктурга барышым керек. Алишер акча бербей, тиш доктур менен соо эмессиң деп жатат” деди. “Эртең салып жиберем” деп коштошконбуз. Ортодон аз өтпөй чалуу келди, алсам “кайрат кылгыла, Медина асынып алыптыр” деди. Колумдан телефон кантип түшкөнүн билбей калдым. Туугандарым дароо Бишкекке салышты. “Мени эмнеге ойлобойсуң? Бир аз чыдай турбайт белең?” деп ыйлап жаттым (ыйлап). Ызасына чыдабай өзү эле асынып алды деп эле ойлоп жаткам. “Сойдурбагыла, бычак тийбесин” дедим. Бирок Токмоктон соттук-медициналык экспертиза жасалыптыр. Сөөктү жууп жаткандар денесинен көк ала тактарды көрүшүптүр. Молдо “канча адамдын сөөгүн көрдүм. Бул келин өзү өлгөнгө окшобойт” деп таякелерине айтыптыр. Сөөктү кайра Бишкекке комиссиялык экспертизага алып кетишти. Күйөө балам алдымдан чыгып “Мединадан айрылып калдык” деп кайрат айтып, ыйлап чыкса “ии” дейт элем. Апасы экөө тең көзүнө жаш алып, кейип коюшпайт. Учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Кызымдын өлүмү дыкат иликтенишин талап кылам.
Динара Абдыкадырова