КӨК ЧАЙДЫ ТУУРА ИЧИҢИЗ

Көк чай – тамак сиңирүүчү, энергия берүүчү суусундук. Жогорку кан басымда, арыктоодо пайдасын тийгизерин көп айтып келишет. Бирок аны кимдерге ичүүгө болбойт жана кайсы убакта канча өлчөмдө ичүү тууралуу орусиялык диетолог Светлана Фус аныктап чыкты.

Диетолог көк чайдын пайдасы менен кошо зыяны да бар экенин белгилейт. Көк чай кофедей эле уйкуну ачып, энергия берет. Анткени анда организмдеги токсиндерди сыртка чыгаруучу антиоксиданттар, В1, В2, Р, РР витаминдери, эфир майлары, минералдык туздар, танин жана кофеин бар.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Көк чайды көп ичүүгө болбойт. Курамындагы танин көп болгон үчүн организмдеги темирдин балансы бузулат, жеп жаткан азыктагы кальций менен магнийдин организмге сиңишин начарлатат. Ошондуктан көк чайды тамактанып бүткөндөн жарым-бир сааттан кийин ичүү туура. Танин ичеги, ашказандын былжырлуу челин дүүлүктүрөт, буга байланыштуу он эки эли ичегидеги, ашказандагы жара ооруларында ичпей эле койгон туура.

Көк чай фолий кычкылынын организмге сиңишине терс таасирин тийгизет. Кофеин энеге жана түйүлдүккө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан боюнда бар аялдарга сунушталбайт. Ошондой эле кофеин көздүн ички кан басымы (глаукома) менен жабыркагандарга зыянын тийгизет.

КАНТИП ИЧҮҮ КЕРЕК?

• Бөтөлкөдө сатылып жаткан көк чайлар – чай эмес, жөн гана даам жана түс берилген суусундуктар.

•Көк чайга эч нерсе кошпой ичүү жакшы.

• Чай тандоого көңүл буруңуз. Баштыкчалардагы бир жолу колдонуучу чайлардын сапаты төмөн. Жакшысы сапаттуу, чоң жалбырактуусун тандасаңыз пайдалуу.

• Бир күндө 3 кружкадан ашырбоо кажет. Анткени көп өлчөмдөгү кофеин организмге терс таасирин тийгизет.

• Чай суунун ордун баса албайт, ошондуктан суу ичкенди унутпаңыз.

• Көк чайды аз-аздан демдеп, ошол убакта ичүү керек.

• Чайды бир аз суутуп ичүү керек. Чайды ысык ичүү ар кандай онкологиялык оорулардын жаралышына таасирин тийгизерин гастроэнтерологдор айтып келишет.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан