4-ОКТЯБРДАН 10-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Иште эл көзүнө көрүнүп, профессионалдык сапатыңызды мындан да күчтөй берүүңүз кажет. Жумушка жаңы келгендердин жаңычылдыгынын пайдасы тийип, көп нерселерди үйрөнөсүз. Акча топтоого, чоң нерсе сатып алууга умтулууну улантыңыз. Алыска конокко барууңуз күтүлүүдө. Тааныштардын саны артат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада ишке абдан жооптуу жана энергиялуу болуп чыга келесиз. Жетекчилик муну баалап, сыйлык ыйгарат. Бирөөлөргө ортомчу болуп акча же буюм алып бербеңиз, өзүңүз төлөп каласыз. Жаңы өнөрдү же жаңы рецепттерди өздөштүрүп баштооңуз сизге ырахат тартуулайт. Күнөскана курам, мал багам дегендерге убакыт келди, чамдаңыз. Түндө жалгыздап жол жүрбөңүз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Коомдогу жаңылык, окуялар көңүлүңүздү бурат. Соода жаатындагылар бирөөлөр менен кошулуп иштегенде акчага так болбосо тапкандары көбөймөк турсун азаят. Суук тийгизип алуудан сактаныңыз, болбосо нервдик чыңалуу кошулуп, төшөккө жатып калууңуз ыктымал. Интернет аркылуу акча табуу жолдорун изилдеп, үйрөнүү сунушталат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Кырдаалды, чамаңызды таразалап пландарды жакынкы жана келечекке деп бөлүңүз. Өзүңүздү сырттан карап, кемчиликтерден арылууга, ар тараптан өсүүгө аракет кылыңыз. Интрига менен ушактар пландардын ишке ашышына тоскоолдук жаратат.

Күтүлбөгөн жерден акчанын келиши шашылыш түрдө үйдө косметикалык оңдоп-түзөө жүргүзүүгө түртөт.

АРСТАН (23.07-23.08)

Кайсы бир кабардан улам көңүлүңүз бир орунда турбай, бөлүндү болот. Буюмуңузду уурдатып же жоготуп алуудан сак болуңуз. Буга чейин созулуп келген талаш-тартыштарга чекит коюңуз, болбосо энергия менен нервиңиз корой берет. Эмне иш кылсаңыз да анын пайдасы менен тобокел жагын кошо караңыз. Унаа айдоону үйрөнүү курсуна жазылсаңыз болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Иште атаандаштар активдешет, жемиңизди жедирбей, өз кызыкчылыгыңызды коргоңуз. Оор үй-чарба иштерин акыга жасатыңыз, ооруп калсаңыз үнөмдөгөн акчаңызга ден соолук сатып ала албайсыз. Үйдөгүлөргө берген убадаларды аткарсаңыз үйдө кулак-мээңиз тынч болот. Бойдоктор кол сунган адамы менен баш кошууну чечүүдөн мурун, аны ар тараптан таанып-билүүлөрү керек, ошондо өкүнүч жаралбайт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумушта чыр чыкпашы үчүн ар бир сөзүңүздү ойлонуп айтыңыз, пландалбаган буюм сатып албаңыз. Өспүрүм балдарга этият мамиле жасап, кароосуз калтырбаңыз, болбосо көйгөй таап беришет. Төшөк куроо, балдарга оюнчук, кондитердик азыктарды жасоо жаатында хоббиси барлар аны бизнеске айландыруулары керек.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Активдүү жана ишмер чаяндар өздөрүнө жашоодон эмне керектигин так сезип, ошол боюнча план түзүп, шымалана киришет. Кесиптештерге карата айткан сыныңыз оор тийип, араздашып калууңуз ыктымал. Аптада уурулар активдешет, эшиктин кулпуларын ишенимдүүсүнө алмаштырыңыз. Ууланбаш үчүн азыктардын сактоо мөөнөтүнө көңүл буруңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Көйгөйлөр биринин артынан бири чыгат. Бул, албетте, нервденүүгө жеткирсе да өзүңүздү колго алыңыз. Тынчтануу үчүн жалбыз кошулган чай ичиңиз. Кымбат адамыңызга ким экениңизди далилдөөгө аракет кылбаңыз, сизге карата сыйы жоголо баштайт. Бойдокторго иш сапар сунушталса баш тартпашы кажет, барган жагынан жүрөк эссин таап калуулары мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Абдан каалаган максаттардын бири ишке ашат. Ордунан жылбай жаткан иштер бат бүтөт. Жумушта жаңы идеяны алдын ала айтпаңыз, атаандаш адам колдонуп кетет. Бирөөлөр кошумча иштеп акча табууну сунуштаса макул болуу кажет. Самаган буюмуңузга акча жетпей, акча издөөңүз мүмкүн. Таасири укмуш делген жарнамаларга ишенип каражат сатып албаңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кызыктуу идея менен ири пландардын чыныгы генератору болосуз. Акылды иш тажрыйбаңыз менен айкалыштырып, көп нерсеге жетүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар. Бирок акча жаатында көйгөйлөр чыкпай койбойт. Карыз болуп, аны төлөп жүргүчө болгон акчаны үнөмдөп урунуңуз. Балдар ойдо жок жерден туура эмес иштерди жасап жиберип, азап тарттырбасын десеңиз аларды көзөмөлдөн чыгарбаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Түрдүү иштер, түйшүктөр көп чыгат. Кыйынчылыктар сизди чыйралтып, колдо болгон нерсени баалоого үйрөтөт. Топтолгон негативди үйгө келгенде эшикке таштап кириңиз. Үй-бүлө ыйык экенин унутпаңыз. Соода жаатындагылар көп акча табам деп топтогон акчадан кол жууп калбашы үчүн ойлонуп иш кылуулары зарыл. Сүйүктүүңүз жан дүйнө жылуулугун тартуулайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан