АЛТЫНБЕК МАМАШОВ БРАЗИЛИЯЛЫК МУШКЕР МЕНЕН БЕТТЕШЕТ

Кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов 4-октябрда "ACA 130" турниринин алкагында бразилиялык мушкер Элиас Сильверио менен беттешет.

«Кыргыз мушкери беттештеринин бардыгын мөөнөтүнөн мурда жеңип келет. Ошондой эле "АСА 124" турниринде бонус алууга да жетишти. Чеченстанда өтүүчү юбилейлик мелдеште ал бразилиялык Элиас Сильверио менен беттешет»,- деп жазылат АСА уюмунун маалыматында.

Алтынбек Мамашов карьерасында 16 беттеш өткөрүп, 14үн жеңип, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Анын атаандашы Элиас Сильверио карьерасында 21 беттеш өткөрүп, 16сын жеңип, 4 ирет жеңилип, 1 ирет тең чыккан.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан