БОКС БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУЛАР КЫЗМАТТАН КЕТИШТИ

Бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучулары толук курамы менен кызматтан кетишти. 28-сентябрда башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев, улук машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана жаштар курама командасынын улук машыктыруучусу Улан Төлөнбай уулу ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазышты. Буга өлкөдө бокско көңүл бурулбай, жетиштүү каржылоо болбогондуктан жакшы жыйынтык болбой жатканы себеп болгон.

Эскерте кетсек, Кыргыз курама командасынан бир да мушкер Токио Олимпиадасына лицензия ала алган жок.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан