АЙТЫЛУУ КАХАРМАН. КӨК БӨРҮДӨГҮ МЫКТЫ ТУЛПАРЛАРДЫН АТАСЫ

Көк бөрүдө оюнчу менен катар эле аттардын мыктылыгы дагы чоң роль ойнойт. Чымыр денеси, күлүктүгү менен көк бөрү дүйнөсүндө бурулуш жасаган аргымактардан улам жылкы сүйүүчүлөрдүн арасында Кахарман деген ат абдан белгилүү. Азыркы учурда Кахармандын тукумун алууну каалагандар миңдеп саналат. Бойка, Намаз, Сармат, Пегас, Каркыра, Брабус... Көк бөрүдөгү мыкты аргымактардын атасы белгилүү Кахарман тууралуу сөз кылабыз.

Аты – Кахарман

Жашы – 12 асый

Ээси – Ильяз Исаков



Керим Өмүралиев, саяпкер: “КАХАРМАНДЫ КАЗАКСТАНДАН АЛЫП КЕЛГЕМ”

– Кахарман таза кандуу англис жылкысы. Атасы америкалык Окаванго деген айгыр. Кахарман 2006-жылы Алматы шаарында "Рахат" деген жылкы фермасында туулган. Бул Казакстанга Франциядан энесинин ичинде келген. Ал кезде мен ошол жакта иштечүмүн. Кахарман деп аты ошол фермада коюлган. Казакта баатыр дегенди билдирет. Бул менин көз алдымда чоңойду. Мага мунун түпкүлүгү жаккан. Мында Мистер Проспектор, Hоpcеpн Дaнcеp, Каро, Калдун деген таза кандуу англис айгырларынын каны бар. Кунан кезинде кыйналбасын деп жарышка чаппай атайын сактап жүрдүм. Бизге жакшы айгыр керек болуп, 2008-жылы күзүндө Алматыдагы ферманын жетекчилиги менен сүйлөшүп Кахарманды Кыргызстанга алып келдим. Турсуналы Мамбетаитов деген байкенин Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы жылкы фермасына алып бардым.

Кийинки жылы 3 жашында таптап даярдап, Казакстанга алып барып кыска аралыктагы күлүк жарышка чаптык. Бир жолу утту, кийинкисинде жаракат алып алтынчы келип калды. Болгону эки эле жарышка түштү. Андан кийин эле айгырга салынды. Бул өзү көп жарышка түшүп кордук көргөн жок, мунун ден соолугу жакшы.

“БАЛДАРЫНА БОЙКАДАН УЛАМ КЫЗЫГА БАШТАШТЫ”

– Азыркы тапта көк бөрүдө аты чыгып белгилүү болгон Кахармандын балдарынын баары Кызыл-Тууда биздин колдо туулган. Кыялдары чатагыраак келет. Бардык балдары көк бөрүдө мыкты болуп кетет деп деле ойлогон эмеспиз. Булардын буттары ичкерээк, денеси оор, чымыр келет. Ошон үчүн бутунан көп жаракат алышат. Негизи улактын аттарынын шыйрагы жоон болуш керек.

Бойкадан улам баары балдарына кызыгып, алып кетип көк бөрүгө даярдай башташты. Жакшы оюн көрсөтүп жатышат. Азырынча башка таза кандуу англис айгырларынын балдарынын мындай мыкты ойногондорун көрө элекпиз. Кахарман өзгөчө болду. Анын балдарынан Намаз дегени II Көчмөндөр оюндарына тандоонун алкагындагы аламан байгеге чабылып, биринчи орунду алган. Андан кийин экинчи келди. Көчмөндөр оюндарында чабылганда бутун оорутуп алып, ошону менен сарайда туруп калды. Анан балдар сурап келгенде сатып жибергенбиз. Мунун энеси Украинадан келген Магистратура деген күлүк бээ болчу, кашкасы энесине окшош.

Ильяз Исаков, “Достуктун” оюнчусу: “КАХАРМАН КОЛУМА ТИЕТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН”

– Алгач Кахармандын баласы Бойканы алгам. 3 жашында Бойканы алганы 5-6 кардар бир келип калды, бирөөсү ары, бирөөсү бери сүйрөп жатып, акыры "Достук" клубу 10 миң долларга алды. Бирок акчасын ала элек болчумун. Сынап көрөлү дешти. Алгачкы машыгууларга чыкканда эле 10 миң доллардан көп баага сурагандар болду. Бирок сүйлөшүлгөндөн кийин жигиттик сөзгө туруш керек да. Алгачкы оюнунда эле казактар
25 миң долларга сурашкан.

Кахарман өзү колума тиет деп ойлогон эмесмин. Сокулуктун Кызыл-Туу айылынан сарайдан көрүп кызыгып жүргөм, анан эле "Нарынга белек болуп кетти" дешкен. Бир күнү "кайра келиптир" дегенди угуп жетип бардым. Дарбазаны каккылап жатсам эле Кудай жалгап, ээси Турсуналы деген аксакал өзү келип калды. “Ушундай айгыр келдиби?” десем, “жок, мен аны Нарынга досума белек кылып койгом” деди. Нарындагы досунун телефон номерин алдым. Ал киши “макул, сатам, келе бергиле” деди. Акча алып эле Нарынды көздөй жөнөдүм, кечкурун жеттим. Аксакал менен жолуксам, атты 80 миң сомго баалады. Акчаны бергенден кийин “мен азыр тойдомун, эртең келгилечи” деп кайра акчаны кайтарып берди. Түндө мага телефон чалып “ат сатылбайт, кете бергиле” деди. Эртеси көгөрүп эле аксакалдын үйүнө бардым. “Жүргүлө, көргүлөчү” деди. 5-6 аттын арасында тушалып туруптур, алыстан эле көрүп тааныдым. Өзүм барып жетелеп келдим. Ат аябай арык экен, өлөйүн деп калыптыр. “Кебетеси кантет?” десем, “ошондон мен дагы чочуладым, көрүп туруп соодалашпайсыңарбы, көрбөй эле соодалаша бересиңерби? Алам десең ал, бирок үстүнө дагы кош” деди. Үстүнө акча кошуп бердим. Кокус бир нерсе болсо чырдап келбейсиңер деп тил кат жаздырып алды. Нарындан алып келишим менен жалпы 100 миң сом кетти. Кудайга рахмат, ушул атты мага буюруп койгонуна.

“КАХАРМАНГА БЭЭЛЕРДИ 70 МИҢ СОМДОН КОШТУРАМ”

– Билгенде мен алмакмын дегендер көп, азыр сурап келгендер андан көп. Алабыз деп келгендер 25 миң доллардан өйдө суммага сурап жүрүшөт. Үйгө, унаага алмашалы дегендер бар. Казактар дагы бирөөлөрдү ортого салып суратып жүрүшөт. Мен сатпайм. Баары эле “ушундай кезинде сатып салбайсыңбы, эртең өлсө бир казан эт” дей беришет. Канча жашаса дагы буюрганы, эт болсо эт да.

Бул минилбейт, дайыма сарайда кармайм. Байлаганды да жаман көрөт, дароо эле жибин үзөт. Чорт кыялы бар, такалаш өтө кыйын. Багуусу деле өзгөчө эмес, жем, чөп эле берем. Кээде ары-бери басып, чуркап, ойносун деп коё берем. Бирок бир жерин оорутуп алабы деп коркосуң. Булардын буттары жука, тоо-ташта жүрө албайт. Мага келгенден берки Кахармандын балдарынын алды 3 жашка чыгып калды. Быйыл Ысык-Көлдөн, Оштон бери Кахарманга кошконго бээлерин алып келишти. 70 миң сомдон коштурдум, тааныштарга 50 миң сом болду. Антпесе элдин баары келип алат, баарына эле коё берип салайын дейсиң, бирок болбойт да. Түшүнбөй таарынгандар деле көп. Бээге кошордо мал доктурга текшертип турам. Бээлерди дагы текшерүүдөн өткөн маалым катын көрүп, жыл сайын төл берип жүргөн бээлерге коштурам. Ооруган бээ болсо баарына оору жугузат да.

Аты – Бойка

Жашы – 6 асый

Ээси – “Достук” клубу

Амплуасы – Чабуулчу

Көк бөрүдө Кахармандын балдарынан биринчилерден болуп Бойканын жылдызы жанган. Манас Ниязов менен Бойканын тандеминдеги бүйүр кызыткан оюндар көк бөрү сүйүүчүлөрдүн санын арбытканы талашсыз. Бутунан жаракат алып, эки жарым жылдан бери оюнга чыга элек.

Аты – Пегас

Жашы – 3 асый

Ээси – Руслан Тетуев

Амплуасы – Чабуулчу

Пегас алгач Бишкектин “Келечек” командасында оюн талаасына чыккан. 2020-жылы Президенттин Кубогуна арналган турнирде “Достук” командасында майданга чыгып, “Мыкты аргымак” наамын алган.

Аты – Брабус

Жашы – 4 асый

Ээси – “Достук” клубу

Амплуасы – Чабуулчу

Брабус Ильяз Исаковдун колунан чыккан. 3 жылдан бери “Достук” командасында оюн көрсөтүп, Султан Русланов экөө чабуулда мыкты оюн алып барат.

Аты – Сармат

Жашы – 4 асый

Ээси – Ренат Солтонов

Амплуасы – Чабуулчу, коргоочу

Сармат менен Бойка бир эненин балдары. Азыркы ээси 1 миллион сомго алган. Алгач “Бакубат-Талас”, кийин “Ынтымак” командаларында ойноп чабуулга, коргоого дагы чебер экенин көрсөтүп келет. 2020-жылы Нооруз турниринде бутунан жаракат алган. Азыр жаракаты айыгып, оюнга даяр болуп калганын билдирди ээси.

Аты – Каркыра

Жашы – 4 асый

Ээси – “Достук” клубу

Амплуасы – Чабуулчу

Каркыра “Сары-Өзөн-Рассвет”, “Достук” командаларында мыкты оюн көрсөтүп келген. Саяпкер Жаныбек Базаркулов 4 миң долларга алып, кийин “Достукка” 10 миң долларга сатканын айтат. Каркыра ушул жылы 9-Май турнирине карата машыгууда жыгылып оор жаракат алган, ошондон улам союлган.

Аты – Намаз

Жашы – 5 асый

Ээси – Курмантай Айтбаев

Амплуасы – Чабуулчу

Намаз башында 3500 долларга сатып алынып, кийин 6 миң долларга сатылган. 2020-жылы “Ынтымак” командасында оюн көрсөтүп элдин көзүнө илинген.

Аты – Каркыра

Жашы – 2 асый

Ээси – Курмантай Айтбаев

Амплуасы – Чабуулчу

"Кахармандын бул баласын "Достуктагы" Каркыра өлгөндөн кийин сатып алдык, экөөнүн окшоштугу өтө көп. Жакшы аттын аты өчпөсүн деп кайрадан атын Каркыра койдум",- дейт саяпкер Жаныбек Базаркулов.

Аты – Сухарь

Жашы – Бышты

Ээси – Манас Дөөлөталиев

Амплуасы – Чабуулчу, коргоочу

Сухарь алдыдагы оюндарда көк бөрү командаларынын биринде оюн көрсөтүшү мүмкүн.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Daniy
2021-10-04 16:00:13
Сулуу аттар экен
+2
Nursul
2021-10-04 20:23:54
Мен да балдарынан алайын деп ниет кылып жатам буйруса алам.
+1
KaGaH
2021-10-06 12:33:15
Nursul, тилегиңе жет
+1
Nursul
2021-10-07 08:37:35
KaGaH, рахмат чооң, өтүп кеткен жазда алганбыз 3500$ га тайын көлөмү кунандардай өңү бойкага опокшош.
0
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан