СТУДЕНТТЕР ТАЙМАШЫ КИМ УТУЛДУ, КИМ УТТУ?

Студенттик бурч

Мына, финал! Ооба, студенттер таймашынын финалы. Мурунку оюндан финалга чыккан Кыргызстандагы ЖОЖдордун студенттеринин кимиси утулуп, кимиси утканын өзүңүз баамдаңыз.

МАЙРАМЫҢ МЕНЕН, СТУДЕНТ!
Келечекте мыкты кесип ээси болуу үчүн окуп, билим алып жаткан жалпы студенттерди 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү менен кызуу куттуктайбыз! Урматтуу студент, “Супер-Инфо”сиздерге бекем ден соолук, жаркын жашоо жана ийгилик каалайт!

ТАЙМАШТЫН ШАРТЫ
Өткөн сынактардагыдай эле финалда да студенттерге ар тармакты камтыган суроолор берилди. Албетте, убакыт чектелүү, ойлонууга 2 мүнөт. Толук жоопко 2 упай, толук эмес жоопко 1 упай эсептелет.


КЫРГЫЗ-ОРУС СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ
Катышуучу: Байар Жумашев, 2-курстун студенти

1. – Кайсы учурда күн жоголот ? 2. Кайсы учурда калдайган кара жер көрүнбөйт? 3. Кайсы учурда аккан суу өлөт?
(Туура жообу: 1. Бетин булут жапканда. 2. Кар астында калганда. 3. Муз басканда.)
Байар: – 1. Согуш болгондо. 2. Кар жааганда. 3. Соолуп калганда.
Жооп толук эмес, 1 упай.

2. – КРнын Президенти Роза Отунбаеванын канча баласы бар? Алардын ысымдарын атаңыз.
(Туура жообу: 1 уул, 1 кызы бар. Атай жана Карачач.)
Байар: – 1 уул, 1 кызы бар го. Ал эми ысымдарын билбейт экенмин.
Жооп толук эмес, 1 упай.

3. – Кыргызда конокко устукан тартуунун өзүнчө маданияты бар. Суроо, жандык сойгондо жамбаш, куймулчак, жото жилик, кашка жиликтер кимге тартылат?
( Туура жообу: Жамбаш улуулата карыяга, куймулчак анын байбичесине тартылат. Андан кийинки сакалдууга жото жилик (чүкөлүү), андан кичүүсүнө кашка жилик тартылат.)
Байар: – Жигит болуп муну билбесем уят да. Жамбаш коноктун улуусуна, куймулчак аял кишинин улуусуна тартылат. Жото жилик алардан кийинкисине, кашка жилик болсо андан да кийинки конокко тартылат.
Жооп туура, 2 упай.

4. – Таттыбүбү Турсунбаева жана Бүбүсара Бейшеналиева деген ким? Алар Кыргызстандын кайсы чөлкөмүнүн перилери?
(Туура жообу: Турсунбаева актриса.Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагынан чыккан пери. Ал эми Бейшеналиева балерина. Бишкек шаарынын Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында туулган.)
Байар: – Таттыбүбү Турсунбаева актриса. Кыргыздын ак мөөрү, Таластан же Көлдөн. Ал эми Бүбүсара эжекебизди кантип билбейин. Ал атагы алыска тараган балерина, чүйлүк. Тагыраак айтканда, Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында туулган.
Жооп толук эмес, 1 упай.

Жыйынтыгында Байар 5 упай топтоду.


БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ
Катышуучу: Асел Орозбаева, 2-курстун студенти

1. – Жумшактын жумшагы эмне? 2. Катуунун катуусу эмне? 3. Ачуу менен таттууну бирдей берген эмне?
(Туура жообу: 1. Кебез. 2. Таш. 3. Туз.)
Асел: – 1. Кебез. 2. Таштан катуу нерсе жок болуш керек. 3. Туз. Ал бир эле учурда ачуу жана даамдуу.
Жооп туура, 2 упай.

2. – Максим Бакиевдин Кыргызстанда ээлеген кызматын атаңыз. Ал эмне иш эле?
(Туура жообу: Борбордук Инвестиция жана инновацияны өнүктүрүү агенттигинин башчысы.)
Асел: – Ал чет өлкөдөн инвесторлорду алып келип иштетүү кызматында эле. Ооз учумда эле турат (ойлонуп), так аталышын билбейт экенмин.
Жооп толук эмес, 1 упай.

3. – Бешик эмне үчүн арчадан жасалышы керек? Негизги эки себебин атаңыз.
(Туура жообу: Сынбайт жана жыты баланын организмине жагымдуу, ага курт-кумурскалар жолобойт.)
Асел: – Арча ийилчээк болот, анан да оңой менен сынбайт.
Жооп толук эмес, 1 упай.

4. – Биринчи кыргыз тасмасы качан тартылган? Ал кандай аталышта эле?
(Туура жообу: 1955-жылы, “Салтанат” деп аталат.)
Асел: – Качан экенин билбейм, бирок “Салтанат” деп аталса керек.
Жооп толук эмес, 1 упай.

Жыйынтыгында Асел 5 упай топтоду.


ЭЛ АРАЛЫК АТАТҮРК-АЛА-ТОО УНИВЕРСИТЕТИ
Катышуучу: Санжар Мыкыев, 4-курстун студенти

1. – Оттон ысык эмне? 2. Кардан муздак эмне? 3.Октон күлүк эмне?
(Туура жообу: 1. Жан. 2. Көңүл калуу. 3. Ой, санаа.)
Санжар: – 1. Сүйүү го. 2. Суюк азот. 3. Ой күлүк болот да.
Жооп толук эмес, 1 упай.

2.“Кыргызстанда бир гана акмактар жана жалкоолор уурдабайт” деген сөздү кайсы саясатчы айткан?
(Туура жообу: Турсунбек Чыңгышев.)
Санжар: – Чынын айтсам, уккан эмесмин. Феликс Кулов эмеспи? Жообум ушул.
Жооп туура эмес, 0 упай.

3.Ат жабдыктарынын негизгилерин атап бериңиз.
Санжар: – Мен алайлык жигит болгондон кийин муну кантип билбейин. Та-ак, ээр, жүгөн, тизгин, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, ичмек, тердик.
Жооп туура, 2 упай.

4.Вольфганг Амадей Моцарт деген ким? Аны популярдуу кылган чыгармаларын атаңыз.
(Туура жообу: Австриялык композитор, дирижёр, скрипкачы-виртуоз. Чыгармалары: “Фигаронун үйлөнүү тою”, “Дон Жуан”, “Сыйкырдуу флейта”.)
Санжар: – Ал белгилүү, аты дүйнөгө таанымал композитор. Чыгармаларын уккам, бирок аталыштары эсимде жок.
Жооп толук эмес, 1 упай.

Жыйынтыгында Санжар 4 упай топтоду.


К.СКРЯБИН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ
Катышуучу: Нургазы Маматов, 3-курстун студенти

1. – Эмнеде тамыр жок? 2.Эмнеде кан жок? 3. Эмнеде сүт жок? 4. Эмнеде түк жок?
(Туура жообу: 1. Ташта. 2. Чөптө.
3. Кушта. 4. Жыланда.)
Нургазы: – 1.Ташта. 2.Сууда. 3.Чымында. 4.Түйүлдүктө.
Жооп толук эмес, 1 упай.

2. – Аскар Акаевге эң жакын өкмөт башчы ким болгон?
(Туура жообу: Кубанычбек Жумалиев)
Нургазы: – Танаев же Бакиев.
Жооп туура эмес, 0 упай.

3. – Кыргызда өрүлүктөө деген сөз бар. Бул сөздүн мааниси эмне?
(Туура жообу: Ак өргөөгө жаңы көчүп киргендерди “үй кут болсун” деп өрүлүктөп барып, жаңы конуштун эшик-төрүн көрүү.)
Нургазы: – Жаңы баш кошкондорду куттуктоо болсо керек.
Жооп туура эмес, 0 упай.

4. – «Оскар-2010дун” жыйынтыгы боюнча мыкты тасма жана мыкты режиссёрду атап өтүңүз. Ал тасма эмне жөнүндө эле?
(Туура жообу: «Бороон падышасы». Ал эми мыкты режиссёр ушул эле тасманы тарткан айым – Кэтрин Бигелоу. Тасма Ирактагы сапёрлор жөнүндө.)
Нургазы: – Бул тууралуу “Супер-Инфодон” окугам. Аталышын унутуп жатам. Тасма Ирактагы сапёрлор жөнүндө эле. “Аватарга” салыштырмалуу аз акчага тартылган. Аты такыр эсимден чыгып жатат. Ал эми «Мыкты режиссёр» наамын Кэмерондун аялы алган болуш керек.
Жооп толук эмес, 1 упай.

Жыйынтыгында Нургазы 2 упай топтоду.


ЖИГИТ МЕНЕН КЫЗДЫН ТАЙМАШЫ
Таймаш аягында Асел менен Байар экөө тең 5 упайга ээ болуп, тең чыгып калганына байланыштуу кайрадан суроолор берилди. Аларга «биринчи кыргыз тарыхчысы ким болгон?» деген суроо узатылганда Байар 1 секунддун ичинде “Белек Солтоноев” деген туура жооп айтып, студенттер таймашынын жеңүүчүсү деп табылды.
Кызуу жүргөн таймаштын жыйынтыгы чыккан соң катышуучуларга «Супер-Инфонун» баалуу белектери ыйгарылды. Ал эми Кыргыз-Орус Славян университетинин атын чыгарган 2-курстун студенти Байар Жумашев белекке өзгөчө сувенир жана студенттерди майрамы менен куттуктоо мүмкүнчүлүгүн алды.

КЫРГЫЗ-ОРУС СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ, ВИВАТ!
Байар Жумашев, 18 жашта. Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын кулуну. Учурда Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде окуйт. Жаштарды чет өлкөгө окууга жөнөтүүчү «Aiesec» Эл аралык жаштар уюмунун мүчөсү. Университеттер арасында өтүлүүчү көптөгөн дебаттарга катышып келет. Жеңүүчүнү “сезимдериң менен бөлүш” деп кайрылганыбызда:
«Бул сынакка катышып, жаңы тааныштарды таптым. Күнүмдүк жашоомдон айырмаланып өзгөчө кырдаалга туш болдум. Абройлуу гезит бетине чыктым. Мүмкүнчүлүк берип, ишенимин арттырган окуу жайымдын жетекчилигине, анан, албетте, сиздерге ыраазычылыгымды билдирем. Жеңишке баары эле татыктуу болду. Мени бүгүн өзгөчө ийгилик коштоду окшойт. Учурдан пайдаланып Кыргызстандагы бардык студенттерди 17-ноябрь майрамы менен куттуктайм. Кыргызстандын келечеги биздин колубузда, болочокто өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө салым кошолу»,- дейт сүйүнүп.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
supernurgazy
2010-11-19 22:07:41
Азаматсың, Баяр! Ар дайым алдыда гана жүрөбер!
0
Таллас
2010-11-22 20:58:19
ээ.. нургазы өрүлүктөө дегенди билбей калганың эмне?
0
asel96
2016-02-04 17:05:59
Бул жакта тамашоучу Санжар Мыкыев журот го
0
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан