2020-жылкы октябрь окуяларына 1 жыл толду. Бул датага карата президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, анда октябрь окуясынын себеби деп 2010-жылкы Конституцияны атады.
– Мындай жагдайдын пайда болушуна 2010-жылы Конституциянын редакциясынын парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү деген тариздеги мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбеген өзгөртүүлөрү себеп болду. Себеби 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системин киргизип, шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул систем саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Элдин алдындагы жоопкерчилик дээрлик жоголгон. Парламент өкмөткө, өкмөт болсо парламентке түртө салып, президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып отуруп жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбей калган. Бардык бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү күмөн жараткан абалга кептелген. Конституциянын биринчи эле беренесиндеги “бийликтин ээси эл” деген негизги принцип одоно бузулган. Ошентип эл менен бийликтин өз ара аракеттенүүсү төмөндөп, нааразычылык өскөн. Мындай адилетсиз түзүлүш эртеби-кечпи кулайт эле. Акыры элдин башкы мүдөөсү Конституция менен негизделип калган жоопкерчиликсиз бийликти кетирүүгө чейин жетти,- деди президент.
Садыр Жапаров элдин талабы менен Сооронбай Жээнбековдун бийлиги отставкага кеткенин, “жаңы бийликти эл аралык коомчулук тааныбайт” деген кептер четке кагылганын, жаңы Конституция кабыл алынып, өлкөдө туруктуулук сакталып калганын баса белгилейт. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө болуп өткөн революциялар элдик-демократиялык бийлик гана Кыргыз элинин улут катары сакталып калышына жана эгемендиктин бекемделишине шарт түзөрүн тастыктаганын билдирди.
Лунара Бекиева