“КУМТӨРДҮН” АЛТЫНЫН ИНДИЯГА САТУУ ПЛАНДАЛУУДА

Кыргызстандан Индияга алтын экспорттоо маселеси каралууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 1-октябрда Индиянын Мумбай шаарында Doing business in Kyrgyzstan бизнес-форуму өттү. Иш-чаранын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ушул жылдын ноябрында Мумбай шаарынын бизнес-делегациясы Кыргыз өлкөсүнө келери чечилди. Анда аталган делегация менен биргеликте текстиль өнөр жайы, тоо-кен тармагы, энергиянын альтернативдүү түрлөрүн колдонуу, баалуу таштарды жана алтынды экспорттоо, импорттоо жана башка тармактар боюнча мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө, сүйлөшүүлөр уюштурулары маалымдалды.

Буга чейин Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы Кыргызстандан алтын сатып алууну токтоткону жарыяланган. Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров алтынды экспорттоо боюнча башка тараптар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып чыккан. Жакында президент Садыр Жапаров Кыргызстандан алтын сатып алууну каалагандар кезекте турушат деп билдирди.

"Эми алтындарыбызды сата албай калабыз" деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. “Сатып алам” деген кардарлар кезекте турушат,- деп жазды президент өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан