ДЕПУТАТТАР БИР МАНДАТТУУ ОКРУГДАРДАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ АТ САЛЫШАТ

28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо өтөт. Учурда БШК талапкер болчулардан билдирмелерди кабыл алып жаткан учур. 6-октябрга карата бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөрдүн саны 108ге жетти. Алардын катарында Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары да бар. Депутат Искендер Матраимов Кара-Суу шайлоо округунан талапкер болуп чыгат. Экс-спикер Дастан Жумабеков Таластагы Манас шайлоо округунан ат салышмакчы. Депутат Бактыбек Райымкулов Чүйдүн Жайыл шайлоо округунан талапкер болорун билдирди. Мындан тышкары Тазабек Икрамов, Саматбек Ибраев, Алтынбек Сулайманов, Азиз Турсунбаев, Камчыбек Жолдошбаев жана башка депутаттар бир мандаттуу округдардан талапкер болгону жатышат. Талапкер жылдыруу мөөнөтү 13-октябрда аяктайт. Жаранды талапкер катары каттоого зарыл документтер 18-октябрь, саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Үгүт иштери 29-октябрда старт алат.

Парламентке 36 депутат бир мандаттуу округдардан, 54 депутат партиялык систем менен шайланып келмекчи. Буга чейин 70тен ашык саясий партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга кайрылган.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан