ОРУСИЯ БАЖЫ ТӨЛӨМҮСҮЗ КОШУМЧА КӨЛӨМДӨ КҮЙҮҮЧҮ МАЙ БЕРҮҮГӨ МАКУЛ БОЛДУ

Орусия Кыргызстанга бажы төлөмүсүз кошумча көлөмдө күйүүчү май берүүгө макул болду. Бул тууралуу 5-октябрда Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, сентябрдын башында күйүүчү майды Кыргыз жерине бажы төлөмүсүз жеткирүү үзгүлтүккө учурап кала жаздап, Экономика жана каржы министрлиги өз убагында чара көрүүгө жетишкен. 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизель майын бажы төлөмүсүз жеткирүү макулдашылганы, жыл аягына чейин күйүүчү май жетиштүү болору айтылды.

Ал эми октябрда Кыргызстанда күйүүчү май 1,5 сомго кымбаттай турганын билдирди Эшатов. Тагыраагы, алдыдагы 2 апта ичинде бензин 1,5 сомго, дизель майы 1 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Мунун себебин Эшатов “дүйнөлүк рынокто баа жогору болууда, мунайзатка көз каранды өлкө катары Кыргызстан бул тенденциядан четте кала албайт” деп түшүндүрдү. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттерине күйүүчү май даярдаган Орусиянын 2 мунай заводунда оңдоп-түзөө иши жүрүп жатканын кошумчалады Эшатов.

Бензиндин баасы кымбаттайбы же арзандайбы, азырынча белгисиз. Аталган ассоциация 2 жумадан кийинки мезгилге жоромол айта албай жатат. Баанын улам өсүп баратышы өлкөдө негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан